Return   Facebook   Zip File

Obligatory

Скрижаль Бахаулланын жана Бабдын Ыйык жайында окулат. Аны ошодой эле Алардын жылдыгынын күндөрүндө да окулат.

Сенин эң улуу Маңызыңдан чыккандыгыңа алкоо, ошондой эле Сенин өтө нуру төгүлгөн Сулуулугуңдун жарк этишине даңк, ылайым, Сенден боло берсин, Ким Эң сонундуктун Көрүнүшүнүн өзү, Түбөлүктүүлүктүн Падышасы жана көк менен жердеги бардык жандардын Теңири болсо, ошол, о, Сен, Кудайдын өкүмчүүлүгү жана Анын үстөмдүгү, Кудайдын улуулугу жана Анын Эң сонундугу Сен аркылуу келген болучу, ошондой эле азелтеден бери Түбөлүктүү жаркыроонун Күндүзгү Жылдыздары өзүнүн нурларын көктөгү Сенин бузулгус буйругуңду жөнөтүп жатат, ошондой эле жаратылгандардын көз чөйчөгүнүн үстүндө Көрүнбөстүн сулуулугу жагылды, -деп күбө өтөмүн. Анан да Сенин Калемиңдин бир шилтеми менен “Болсун!” деген буйрук аткарылгандыгына, ошондой эле Кудайдын Касиеттүү сыры айтылгандыгына, бардык жаралгандардын жарыкка келгендигине, бардык Ачылыштадын төмөн жөнөтүлгөндүгүнө күбө өтөмүн.

Дагы Сенин Сулуулугуң аркылууу Сүйгөнүңдүн сулуулугунун ачылгандыгына, ошондой эле Сенин ажарың аркылуу Эңсегендин ажарынын жаркырагандыгына, Сенин өзүң аркылуу кимде-ким Сага, даңктын Чокусуна берилген болсо, ошолорду көкөлөтүп, ал эми динсиздерди өтө терең түпсүз туңгуюкка түшүрүп, бардык жаратылгандарга калыстык кылып жаткандыгына күбө өтөмүн.

Сени билгендердин Кудайды билгендигине, ал эми Сенин катышып отурууңа жетишкендердин Кудайдын катышып отуруусуна жетишкендигине күбө өтөмүн. Ошондуктан кимде-ким Сенин өкүмчүлүгүңдүн алдында өзүн моюн сундурса, кимде-ким Сени менен жолугушуу сыйына татыктуу болсо, жана Сенин ырайыңа ээ болсо, Кимде-ким Сенин аймагыңа барса жана Сенин тактыңдын алдына турса, ошолорго, Сага жана Сенин жышаандарыңа ишенгендерге улуу ырахат. Бирок кимде-ким Сага каршы күнөө жасаса, ошондой эле Сени четке какса, Сенин ыйык жышаандарыңды кайтарса, Сенин өкүлчүлүгүңө чыкса Сага каршы куралданып чыкса, Сенин ажарыңдын алдында текеберчилиги аткарылса, Сенин күбөлүгүңө каршы талашып чыкса, Сенин үстөмдүгүңдүн жана Сенин бийлигиңден качса, ошого, ошондой эле кимдердин ысымдары Сенин касиеттүү жазмаларыңда (скрижаларыңда), буйругуңдун манжалары менен жазылса, ошолордун катарында саналган динсиздерге азап.

О, айланайын Кудайым, жана менин Сүйгөнүм, алар мени өзүмдөн өзүм баш Тарткыдай Болуум үчүн Сенин ырайымдуулугуңдун колдорунан жана Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн касиеттүү желарысындагы Сенин назик камкордугуңан жана ушул дүйнөдөн, ылайым, мага жел соксун жана Сенин жакындыгыңдын жана Сенин катышып отурууңдун сарайына тартылышсын. Сага эмне ылайык келсе, жүзөгө ашырууга Сен эрктүүсүң. Акыйкатында, Сен бардык жандуулардан ашыкча жогорусуң.

Кудайды эске алуу жана Аны мактоо, Кудайдын даңкы жана Анын эң сонундугу, ылайым, Сенде болсун, кимде-ким Анын Сулуулугунун өзү болсо, ошол о, Сен! Жаратылгандардын каректери Сен сыяктуу ушунчалык куугунтук жегенди эч качан көрбөгүндүгүнө күбө өтөмүн. Сенин жашооңдун бардык күндөрүндө Сен кырсыктардын айлампасында чөгөрүлүп келдиң. Өткөн замандарда Сен чынжырда жана кишендерде болдуң, кээ бир учурларда Сенин душмандарыңдын кылычы Сага карай көтөрүлдү. Ошентсе да, муну тоотпой, кимде-ким Бардыгын жетектөөчү, Ашыкча акылман болсо, Ошол тарабынан Сага буйрулгандарды аткарууга Сен бардык адамдарга буйрук.

Ылайым, Менин рухум Сен башыңдан өткөргөн ошол кыйынчылыктар үчүн куткарып алуу акысы болсун. Сенин ысмың менин жана кимдердин жүздөрү Сенин ажарыңдын жарыгынын жаркырашынан шоокумданса, ошондой эле кимде-ким Сага карай сүйүүнүн урматына алар үчүн буйрулгандардын бар Дыгын аткарса, ошолордун ысымдары менен: Сени жана Сенин жараткандарыңды эмне болуп тарса, көшөгөлөрдү сыйры, ошондой эле ушул дүйнөнөгү жана келечектеги дүйнөнөнүнжакшылыктары менен мени үлүштө,-деп Кудайга сыйынам. Акыйкатыңда, Сен бардыгынан Кү-кубаттусуң, Өтө көкөлөтүлгөнсүң, Бардагынан даңктуусуң, Түбөлүк Кечиримдүүсүң, Өтө жан тартуучусуң.

О, Тенирим, айланайын Кудаыйм, Кудайлык Лотос Дарагына, ошондой эле анын жалбырактарына, чоң да кичине да, бутуктарыңа, анын бүчүрлөрүнө, анан да,сабактарына Сенин артыкчылыктуу Ысымдарың жашай турган жана ошондон Сенин өтө улуу көрүнүшүң кылымдардан кылымдарга создуккан Ак батаңдын бер. Аны тартып алууга аракет кылуучунун арамза айла-амалдарынан жана тирандыктын жер майышкан колдорунан сакта. Сен, акыйкатыңда, Бардыгынан күчтүүсүң, бардыгынан кудурктүүсүң.

О, Теңир, айланайын Кудайым,ошондой эле кимде ким сени табышса, ошол Сенин кулдарыңа жана күндөрүңө Ак батаңды бер. Сен, акыйкатыңда, ошол ак көңүлдүүлүгү чексиз, Бардыгынан жоомартсың. Түбөлүк кечиричүү, Өтө жоомарт Сенден бөлөк, башка Кудай жок.

#4090
- Bahá'u'lláh

 

(Абдул-Баха аркылуу ачылган бул текс анын ыйык жайында окулат. Аны ошондой эле өздүк сыйынуу катарында да окууга болот.)

Абдул-Баха: «Кимде-ким бул сыйынууну моюн сунуу жана зор ынтаа менен окуса, ошол кызматчынын жүрөгүнө кубаныч жана ыраазылыкты жеткирет»; жана аны менен бетме-бет жолугушуп калгандай эле болот.

Ал бардыгынан данктуунун өзү! О, кудай, аыланайын кудайым! Моюн суна жана көз жашымды көлдөй төгө, мен өзүмдүн колдорумду сыйына көтөрөм жана акылмандардын билиминин жана кимде-ким Сени даңктаса , ошолордун бардыгынын алкоосунун үстүндө көтөрүлгөн Сенин Босогоңдун чаы менен мен өзүмдүн жүзүмдү сүртөм. Сенин ак көүлдүүлүгүңдүн көзүнөн карашы менен, Сенин дарбазаңдын жанында моюн сунган жана баш ийилген Сенин кулуңа ак көңүлдүүлүк менен кара жана аны Сенин түбөлүктүү жыргалыңдын. Океанына чөгөр.

Жараткан Тенир! Сага таң калып суктанган жана Сага жалынып- жалбарган, Сенин ушул моюн сунган жана эч нерсеге арзыбаган кулуң, Сага ишенген, Сага карай жалындуу сыйынууларды айткан , Сенин колдоруңду туткуну,сенин Ажарыңдын алдында көз жашыңды көлдөтүп суранам:

О, Тенирим, айланайын Кудайым! Сенин сүйгөнүң мен, кызмат кылгыдай болсун үчү, Сенин жыргалыңды мага жөнөт , менин сага кызмат кылуумда мага күч бер, Сенин касиеттүүлүгүңдүн алдыңда табынуунун жарыгы менен менин маңды шоокумдант. Сенин дарбазаңдын көккө чыга беришиңдеги ар кандай өз керт ба шынын пайдасына умтулуучулука жулкунбоого жана Сенин касиеттүү чектериңден тышкары баардык нерселерден баш тартууга мага жардам бер. Теңир! Керт башынын камын ойлобоочулуктун чөйчөүнөн ичүүн мага бер; анын көйнөгүн мага кийгиз жана анын океанына мени чөктүр. Мени Сенин сүйгөндөрүңдүн чыйыр жолуңдагы чаң сыйяктуу кыл жана, о, Даңктын жана Жогорудагылардын Теңир, Сенин жолуңда Сенин тандамаларыңдын жолдоочулугу мага уруксат бер!

Сенин кулуң ушул сыйынуу менен таң шоокумдагы, кээде түндөсү Сага карай кайрылат. О, Теңир, анын жүрөгүнүн эңсөөсүн аткар! Анын жүрөгүн жарык кыл, көкүрөгүн кубанычка толтур, ал Сенин Ишиңе жана Сенин кулдарыңа кызмат кыла алгыдай болсун үчүн анын жарыгын жандыр, - деген сөздөр менен Сага карай жалынат.

Сен Берешенсиң, кайрымдуусуң, Бардыгынан жоомартсың, Мээримдүүсүң, Ак көңүлсүң, Боорукерсиң.

#4091
- `Abdu'l-Bahá

 

General

Адамзат

Кимге табынсам жана Кимди аздектесем, ошол, менин Кудайым! Сенин бирдигиң жана Сенин жалгыз жашагандыгың жөнүндө мен күбө өтөмүн жана өткөндө кандай болсо, учурда да, дал ошондой Сенин белектериңди тааныймын. Сен-Бардыгынан жоомартсың, Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн көнөктөгөн жамгыры жогоруда жана төмөндө бирдей жаады, Сенин жакшылык тилеген шаниң тил алчаактар жана баш ийбестерге айтылды.

О, ак көңүлдҮүлҮктүн Кудайы, ак көңүлдүүлүктүн бардык маңызы Анын эшиги алдында жүгүнүштү, Анын Ишинин сыйынуу үйү анын өтө касиеттүү рухунда ырайымдуулук менен курчалды.- Сенин эселтеден берки түбөлүктүү жыргалыңа карай жалынып, Сен тиричилик дүйнөсүнүн бардык көрүнүштөрүнүн Үстүнөн ак көңүлдүүлүк кылган жана Сенин күндөрүңдө Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн төгүлүшүнөн ажыратпаган соң, Сенин учурдагы ырайыңды талап кылып биз Сага сыйынабыз.

Биз бардыгыбыз бечера жана байкушпуз, Сен, акыйкатында, Бардыгына ээлик кылуучусуң, Бардыгын багындыруучусуң, Бардыгынан күч-кубаттуусуң.

#4076
- Bahá'u'lláh

 

О, Кудай, айланайын Кудайым! Сенин жыргалың мага кайрат берди, ал эми Сенин адилеттүүлүгүң менин жүрөгүмдү түшүрдү, кутумду учурду. Кимге Сен Өзүңдүн жыргалыңды бөлүштүрүп берсең, ошол, ошондой эле ким Сенин адилеттүүлүгүңдү башынан кечирип, ошол азап тартса, ал бактылуу.

Теңир! Мен Сенин адилеттүүлүгүңдөн кечтим жана Сенин жыргалыңды издеп жатам, мен өзүмдүн жүзүмдү Сенин каарыңдан ала качтым жана Сенин кечиримиң жөнүндө сыйынам. Мен Сенин күчүң менен, Сенин өкүмчүлүгүң менен, Сенин даңкың жана Сенин ырайың менен: бардык жандар Сенин колуң менен жасагандарды келтире, Сенин күч-кубатыңдын сырларын ача жана Сенин билимдериңдин жарыгын келтире алгыдай болсун үчүн Сенин билимдериңдин жарыгы менен адамзатка шоокумуңду чач-, деп Сага жалбарам.

Ким бардык жаратылгандарды жарыкка келүүгө буйруса жана аны Сенин камкордугуң жана Сенин кудуретиң менен шоокумдантса, Ошол Сен.

Сен бардыгынан жоомартсың, Ажарлуусуң.

#4077
- Bahá'u'lláh

 

О, Теңир! Жер жүзүндөгү бардык адамдарга, жаратылгандын бирөөсү да; Сенин ырайыңдын чектеринин сыртында калбагыдай болсун үчүн, Сенин Ишенимиңдин Бейиш Багына жетип алууга уруксат бер.

Байыркы замандардан бери Сен эмнени эңсесең, ошону Сен жарата алдың, ошондой эле Өзүңдүн каалоң боюнча бардыгынан өтүп кеттиң.

#4078
- The Báb

 

О, жакшы ниеттүү жараткан! Сен бардык адамзатты бир тамырдан чыгардың. Сен бардыгын бирдиктүү бир үй-бүлөгө таандык экендигин аныктадың. Сен барда Сенин бардык кулдарыңдын негизи өзүңүкү, бүтүндөй адамзат тукуму Сенин Башпаанаңдан баш калкалар жай табышты, бардыгы Сенин Жоомарт Жайыл дасторхонуңа чогулушту, ошондой эле бардыгы Сенин Кудуреттүү Жарыгыңдын шоокумуна бөлөнүштү.

О, Кудай! Сен бардыгына мээримдүүсүң, Сен бардыгына кайрымдуусуң, бардыгын кымтылайсың, бардыгына өмүр тартуулайсың. Бардыгына Сен талант жана жөндөм Үлөштүрдү, ошондой эле бардыгы Сенин Ырайымдуулугуңдун океанына чөгөрүлүштү.

О, жакшылыктуу Теңир! Бардык элди бириктир, Ылайым бүткүл жер жүзү-бүткүл элдин бир Үйүндөй болуп, элдер бирин-бири бир үй-бүлөдөгүдөй санашсын бардый диндер макулдукка келип, бир динге бириксин да бардык элдер бир элге кошулсун, Ылайым, алар бирге эң сонун ынтымакта жашашсын.

О, Кудай! Элдердин биримдигинин туусун көкөлөт.

О, Кудай! Улуу тынчтыкты орнот!

О, Кудай, бардык жүрөктөрдү бирге байла.

О, Кудай, о, ак көңүлдүү Ата! Биздин жүрөктөрүбүздү Сенин сүйүүңдүн жыпар жыты менен кубант! Биздин көздөрүбүздү Сенин жетекчилигиңдин жарыгы менен шоокумдант! Биздин кулагыбызды Сенин Сөзүңдүн музыкасы менен жыргат жана биздин бардыгыбызды өзүң өндүргөндөрдүн маанегине калкала.

Сен кудуреттүүсүң жана кубаттуусуң, Сен күнөөлөрдү кечиресиң; адамдар жеткилбеген болсо, Сен көүүлгө албайсың.

#4079
- `Abdu'l-Bahá

 

О, жакшылыктуу Теңир! О, Ким жоомарт жана Жан тартуучу болсо, ошол Сен! Биз Сенин босогоңдун кулдары Сенин ак Көңүлдүүлүгүңдүн көлөкөсү алдында чогулдук. Сенин Өндүргөнүңдүн Күнү бардыгынын Үстүнөн жаркырап турат, ошондой эле Сенин ырайымдуулугуңдун булуту бардыгына төгүлүүдө.Сенин белектериң бардыгын кучагына алат, Сенин Кудуретиң бардыгын чыңдайт, Сенин колдоочулугуң бардыгын шыктандырат, Сенин жакшылык тилөөчүлүгүңдүн нурлары бардыгын шоокумдантат.

О, Теңир! Бизди Сенин аягы Үзүлбөгөн белектериң менен Үлүштө, ошондой эле, ылайым, Сенин жетекчлигиңдин жарыгы жаркырай берсин. Көздөрдү жарык кыл, жан дүйнөнү кубант жана жүрөктү рух менен демдент.

Аларга түбөлүктүү өмүрдү тартуула. Сенин билимдериңдин дарбазасын ач, ошондой эле, ылайым, ишенимдин жарыгы жаркылдасын. Сенин жоомарттыгыңдын көлөкөсүнүн алдында бардык адамдарды чогулт жана алар күндүн нурларына бир океандын толкундарына, бир дарактын жемиштерине окшоштурулгандай болсун үчүн аларды бирдикке карай алып кел. Ылайым, алар бир агындан ичишсин. Ылайым, бир желаргыдан сергисин. Ылайым, жарыктын жана жашоонун бир башатынан жарык алышсын.

Сен Сыйкорсуң, Ырайымдуусуң, Бардыгынан күч-кубаттуусуң.

#4080
- `Abdu'l-Bahá

 

Кудайдын бардык достору… алардын салымы кандай гана жумуну болбосун, бардык мүмкүн болгон жоомарттык менен садага берүүгө тийиш. Кудай жандууга анын алынан ашкан түйшүктү тарттырбайт. Садага бардык борборлордон жана бардык динчилерден келип түшүүгө тийиш.… О, Кудайдын Достору! Ушул садагалар Үчүн сыйлык силердин айыл чарбаңар, силердин өнөр жайыңар жана силердин соодаңар көп эсе өсүм менен,ырыскылуу белектер менен жана жоомарттыктар менен ак бата бериле тургандыгына ишенимдүү болгула. Ким бир ырыскылуу иш кылса, ал он эсе сыйлык алат. Ким Анын жолуна Өзүнүн байлыгын чыгымдаса, ошолорду Жашоочу Теңир абдан көп колдойт.

О, Кудай, айланайын Кудайым! Сени акыйкат сүйгөн маңдайды жаркырат, ошондой эле аны периштелериңдин жеңиштүү кошуундары менен колдо. Сенин түз жолуңда алардын тамандарын чыңда, ошондой эле Сенин эзелтеден берки түбөлүктүү жоомарттыгың боюнча алардын алдына Сенин ырайымдуулугуңдун дарбазасын кенен ач, анткени аларды Сен эмне менен Үлүштөгөн болсоң, ошону алар Сенин Диниңди сакташып, Сен жөнүндөгү эске алууну Үмүт кылышып, Сага карай сүйүү урматына өздөрүнүн жүрөктөрун садага чабышып, чыгымдашат, ошентип, Сенин сулуулугуңа таң калышып жана Сага жагынууга умтулушуп жатышат, алар эмнеге ээ болушса, ошолорду кармана алышпайт.

О, менин Теңирим! Аларга убада кылынган тиешелүү нерсенин жана ак ниет сыйлыктын, мол, Үлүшүн даярда. Сен, акыйкатында, Азыктандыруучусуң, Жардам берүүчүсүң, Жоомартсың, Жакшылыксың, жана Түбөлүк Сыйкорсуң.

#4081
- `Abdu'l-Bahá

 

Айыгуу

Айыгуу (Даба. Дартка даба) дем салу атың мага даба о жараткан. Сенин атың мага доба, о жараткан Кудайым, ошондой эле Сени эске алуум-менин дарым.Сага болгон жакындыгым-менин ҮмҮтҮм, ал эми Сага болгон сҮйҮҮм-менин жандоочум. Сенин мага болгон ак- көңҮлдҮҮлҮгҮң-ушул дҮйнөдө жана келечектеги дҮйнөдө даба жана жардам. Акыйкатында, Сен бардыгынан жоомартсың, Бардыгын жетектөөчҮсҮсҮң, Бардыгынан акылмансың.

#3991
- Bahá'u'lláh

 

О, Кудай, кагылайын Кудайым! Сенин айыктыруу океаның менен, ошондо эле Сенин жыргалыңдын КҮндҮзгҮ чырагынын жаркырагы менен да,Сен өзҮңдҮн кулдарыңды багындырган Сенин ысмың менен да. Сенин өтө жогорку СөзҮңдҮн бардыгын тепчип өтҮҮчҮ кҮчҮ менен да, Сенин шаңдуу Калемиңдин кҮч кубаты менен да, көк менен жерде ким болсо, ошолордун бардыгын жаратууну кабардар кылган Сенин ак көңҮлдҮҮлҮгҮң менен да, Сага сыйынам, ар кандай кеселден жана орулардан, ар кандай алсыздыктан жана жансыздыктан Сенин жоомарттыгыңдын суусу менен мени тазала.

О, Кудайым, Сенин жоомарттыгыңдын дарбазасы алдында Сенин тилемчи сыяктуу кҮтҮп, жана өзҮңдҮн ҮмҮттөрҮмдҮ Сени менен байланыштырган сыяктуу Сенин белектериңдин учугунан кармап отургандыгың Сен көрҮп жатасың. Ал Сенин ак көңҮлдҮҮлҮгҮңдҮн океанынан жана Сенин назик камкордугуңдун КҮндҮзгҮ чырагына изденип жаткан соң, ага жок дебе, деп Сага сыйынам.

Сенин кҮчҮң, Сен эмнени кааласаң, ошону жаратуу. ТҮбөлҮк , КечиримдҮҮ, өтө жоомарт, сенден бөлөк, Кудай жок.

#3992
- Bahá'u'lláh

 

Бардыгынан жогору, аябай көкөлөтҮлгөн, өзгөчө ардакталган, Анын ысмынын урматына ! О, Теңир , менин Кудайым, Сен даңктуусуң! Кимде-ким миенин Кудайымдын өзҮ болсо, ошол, о,Сен, менин төрөм, менин Башкаруучум, менин Колдоочум, менин Үмүтүм, менин Баш калкалар жайым жана да, менин Жарыгым. Сенин өзҮңдөн бөлөк, эч им билбеген, Сенин КасиеттҮҮ жана Сактоочу Ысмың менен Сенден суранам –ошол Жадыбалдын ээсин ар кандай кырсыктардан жана бактысыздыктардан, бардык митаам эркек менен аялдардан ; кара санатайлардын каарынан, ошондой эле динсиздердин тымызын иштеринен корго. Анан дагы – о, айланайын Кудайым, бардык жандуунун Өзүнүн колуна Кармоочу, о, Сен, аны ар кандай оору-сыркоолордон жана азап-тозоктордон сакта. Сен, акыйкатында, бардыгынын үстүнөн бийлигиң бар. Сага кандай ылайык келсе, Сен ошондой мамиле жасайсың, анан да, Сенин каалооң боюнча башкарасың. О, Сен, Падышалардын Падышасы! О, жакшылыктын Теңири! О, Сен, байыркы сулуулуктун, жакшылыктын, жоомарттыктын жана ырайдын башаты! О, оору-сыркоолордун Айыктыруучусу! О, жокчулукта Берүүчү! О, Сен, Жарыктын өзүнүн Жарыгы! О, Сен, ар кандай Жарыктын эң жогорку Жарыгы! О, Сен бир Кудайдын келишинин Ачуучусу! О, Сен, Жантартуучу! О, Сен, Ырайым кылуучу! О, Айкөл, О, Жоомарт! Сенин улуу ырайымдуулугуң жана Сенин мол жыргалың менен ушул Жадыбалдын ээсине ак көңүлдүүлүк кыл. Анын акылы жана жүрөгү эмнени татыксыз деп эсептесе, ошолордун бардыгынын Сенин калканың менен корго. Кимде-ким күчкө энчилүү болсо, ошолордун ичинен Сен, акыйкатында, Өтө күчтүүсүң. О, Чыгуучу Күн, Кудайдын Даңкы, ылайым, Сага буйрусун! Бардыгынан күч-кубаттуу, Өтө сүйкүмдүү, Андан бөлөк, башка Кудай жок экендиги – Өзүн Өзү Кудай эмне туурасында күбө өткөн болсо, ошол жөнүндө күбө бол.

#3993
- Bahá'u'lláh

 

О, айланайын Кудайым, Кимдин ысмы менен орулуулар айыкса, алсыздар тыңса, чаңкагандарга суусундук берилсе, оору – сыркоодон азап тарткандардын жандары жай алса, адашкандар насаат укса. Басынгандар көкөлөтүлсө, мүлксүздөр байыса, түркөйлөр сабаттуу болсо, түнттөрдүн кабагы ачылса, азаптуулардын көңүлү көтөрүлсө, муздагандар жылыса, кулагандар көтөрүлсө, ошол Сен! О, жараткан Кудайым, Сенин ысмың менен бардык жаратылгандар кыймылга келишти, асман ачылып, жер орноду, булуттар да жаратылып, жамгыр да жерге төгүлдү. Ошол, акыйкатында, Сен жараткандардын бардыгына болгон Сенин жыргалыңды белгиси.

Ошондуктан кимдин аркасында Сен Өзүңдүн Кудайлык Табиятыңды келтирсең жана Сенин Ишиңди бардык жаратылгандардын, ошондой эле Сенин ар бир эң сонун ысымдарыңдын жана эң улуу сапаттарыңдын, анан да бардык жакшы жактарыңдын үстүнөн көкөлөткөн болсоң, ким менен Сенин чектен тышкары жана көкөлөтүлгөн Жаның даңталган болсо, ошол Сенин ысмың мене ушул түнү Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн булуттарынан Сенин айыктыруучулук жамгырыңды, Сенин жараткандарыңдын дүйнөсүндөгү Сенин бардыгынан даңктуу Маңызын менен Сен кимди байланыштырсаң, ошол бейтапка жөнөт деп, Сага сыйынам. О, кагылайын Кудайым, Сенин жыргалыңа жараша эсенчилигиңдин жана сак-саламатчылыгыңдын кийимин ага кийиндир жана о, менин сүйүктүүм, ар кандай оору менен кеселден, ошондой эле Сага эмне жагымсыз болсо, ошолордун бардыгынан аны сакта.

Акыйкатында, бардыгы Сенин күч-кубатыңдын бийлиги алдында. Сен, акыйкатында, Өтө күч-кубаттуусуң, Өзү жаралгансың. О, жараткан Кудайым, ага ушул дүйнөнүн жана келечектеги дүйнөнүн жакшылыгын, мурдагы жана кийинки муундардын жакшылыгын жөнөт. Сенин бийлигиң жана акылмандыгың, акыйкатында, бардыгын кучагына алат.

#3994
- Bahá'u'lláh

 

О, айланайын Кудайым, ылайым, Сенин ысмың даңктана берсин! Сенин буйругуң боюнча жана Сенин эңсөөңө ылайык жаратылгандар боюнча, ошондой эле Сенин эркиңдин Күндүзгү Жылдызы менен таралсын үчүн, Сенин күч-кубаттуулугуңдун жана Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн асан мейкининдеги өкүмчүлдүгүңдүн күчү мене ачык жаркырасын үчүн, Сенин ак ниеттүүлүгүңдүн Кийиминин жыпар жыты менен-о, Сен, бардык адамзаттын Теңири, мен Сага карай бардык жалыным менен кайрылгыдай болуум үчүн менин жүрөгүмдөн бардык шаңдуу кыялдарды жана курултай ойлорду алыстат, - деп жалынам.

О, айланайын Кудайым, мен Сенин кулуңмун жана Сенин кулуңдун кулунумун! Мен Сенин жыргалыңдын сабынан кармап жана Сенин назик көңүлүңдүн учугуна жармашып турам. Сенде эмне болсо, ошол Жакшылык үчүн мени дайында, ошондой эле Сенин жоомарттыгыңдын булуттарынан жана Сенин ырайыңдын асманынан Сен эмнени ылдый жөнөткөн болсоң, ошол Дасторхондон мени азыктандыр.

Сен, акыйкатында, бардык дүйнөлөрдүн Теңирисиң жана көктөгү менен жердеги бардык жандуунун бардык Кудайысың.

#4004
- Bahá'u'lláh

 

О, айланайын Кудайм, көптөгөн муздап калган жүрөктөр Сенин Ишиңдин оту менен жалындасын, ошондой эле көптөгөн уйкучуларды Сенин таттуу үнүң ойготту. Ошончолук көп жер кезип жүргөндөр, ошондой эле Сенин күндөрүңдө Сенин жан киргизүүчү суулардын булагын эңсеткен, ошончолук көп сандаган чаңкоочулар Сенин бирдигиңдин дарагынын көлөкөсү алдынан түнөк табышты!

Кимде-ким Сага карай умтулса, жана Сенин ажарыңдын отторунан Шоокумга жетүүгө шашылса, ал бактылуу. Кимде-ким Сенин Ачылышыңдын Чыгышына жана Сенин шыктандырууңдун Башатына карай кумарланып кайрылса, ал бактылуу. Кимде-ким Сага бара жаткан жолдо Сенин жакшылык тилөө жана жоомарттыгың боюнча ага Сен эмнени энчилеген болсоң, ошону чыгымдаса, ал бактылуу. Кимде-ким Сени терең эңсеп, Сенден тышкары бардык башка нерселерден аша кечсе, ал бактылуу. Кимде-ким Сага карай тиешеси болгон кубанычка ээ болсо жана Сенден тышкары бардык нерселерге байлануудан кутулса, ал бактылуу.

О, айланайын Теңирим, Ким Сенин Ысымыңдын өзү, Ким Сенин өкүмчүлүгүңдүн күчү жана күч-кубаты мене Өзүнүн караңгылыгы асман мейкинин үстүндө жарк этсе, Ошону менен-Сага татыктуу даңктоого эмне ылайык болсо, ошону ар кандай адамга даярда,- деп Сага жалбарам.

Акыйкатында, Сенин Күч-кубатың бардык жандуунун кучагына алат.

#4005
- Bahá'u'lláh

 

О, айланайын Кудайым, Сенин жериңде Сен тутандырган От

эмне экендигин мен билбейм. Анын жаркырагын жердеги кул эч качан карата албайт жана анын жалынын сууда да өчүрүүгө болбойт. Анын күчүнө каршы турууга жер жүзүндөгү бардык элдер алсыз. Ким ага карай жакындаса жана анын добушун уга алса, анын ырахаты улуу.

О, айланайын Кудайм, башкаларга Сенин жандантуучу жыргалыңа, жетүүгө сен күч бердиң, Сенин күндөрүндө алардын колдору тарабынан жаратылгандар үчүн айрымдарын өз жыргалыңдан. Ким ага карай шашылса, жана ага жетсе, ошол Сенин сулуулугуңдун көрүүгң умтулганда Сага келе жаткан жолдо өз өмүрүн берди жана Сенден бөлөк бүт бардыгынан аша кечип, Сага карай көкөлөдү.

О, айланайын Теңирим, жаратуунун дүйнөсүндө күйүп жана алоолонуп жаткан ушул От менен-Сенин улуулугуңдун тактысына карай келүүгө жана Сенин дарбазаңдын эшиги алдында турууга мага эмне жолтоо болсо, ошонун көшөгөсүн тыт, -деп Сага жалбарам.о, кагылайын Кудайым, Сенин Китебиңде Сен тарабынан төмөн жөнөтүлгөн бардык жакшылыктарды мен үчүн аныкта, ошондой эле Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн түнөгүнөн мага алыста жүрүүгө уруксат бербе.

Сен эмнени кааласаң, жүзөгө ашырууга Сенин бийлгиң бар. Сен, акыйкатында, Бардыгынан күчтүүсүң, Өтө жоомартсың.

#4006
- Bahá'u'lláh

 

О, Кудай айланайын Кудайм! Мен Сенин эркиңдин тегерегине айланып жаткандыгымды жана менин каректерим Сенин белектериңдин күнүнөн чыгып жаткан шоолаланган жарк этүүлөрдүн ачылыштарын кумарлана күтүп, Сенин жоомарттыгыңдын асман мейкиндигине карай тигилгендигин Сен көрүп турасың. О, ар кандай акыл-эстүү жүрөктүн Ашыгы жана Ким Сага карай жакындыкка ээ болсо, ошолондун Эңсөөсү: Сенин сүйгөндөрүңдү өздөрүнүн ыктагандарынан толугу менен аша кечүүсүн жана Сен эмнени кааласаң ошону бекем кармануусун ыраа көр. О, Теңир, аларга такыбалык кийимин кийиндир жана аларды аша кечүү шамынын жарыгы менен жаркырат. Сенин жараткандарыңдын арасында Сенин Сөзүңдү көкөлөтүшкүдөй жана Сенин кызматкерлериңдин арасында Сенин Ишиңдин жарыялашкандай болсун үчүн акылмандыктын жана кызыл тилдүүлүктүн кошуунун жардамын аларга чакыр. Акыйкатында, эмнени кааласаң, жүзөгө ашырууга Сенин бийлигиң бар, ошондой эле бардык иштердин тизгини Сенин колуңда. Күч-кубаттуу, Түбөлүк Кечиримдүү Сенден бөлөк Кудай жок.

#4007
- Bahá'u'lláh

 

Ак ким Кимдин жардамына жалынса, Ошого, Өтө жогору көкөлөтүлгөнгө, Бардыгы жетиштүүгө, Чексиз бийлик ээсине, Жаратканга, Сенин Теңириңдин ысымынын урматына.

Айт: О, кагылайын Кудайым! О, Сен, көк менен жердин Жаратуучусу, о, Падышачылыктын Теңири! Сен менин жүрөгүмдүн бардык сырларын билесиң. Сенин Жашагандыгың Сенин Өзүңдөн бөлөк эч кимге жеткиликсиз. Сен менде эмне болсо, бардыгын көрүп отурасың, андыктан Сенден тышкары аны эч ким көрө албайт.

Сенден бөлөк, бардыгысыз жасоого мага эмне уруксат этилсе, ошону Сенин ак көңүлүңө жараша, мага жөнөт, ошондой эле Сенден тышкары эч кимден көз каранды болбоого мага эмне уруксат этилсе, ошону мага дайында.

Ушул дүйнөдө жана келечектеги дүйнөдө менин жашоомдун түшүмүн чогултууга мага уруксат бер, Сенин жыргалыңдын дарбазасын менин ажарымдын алдында ач жана Сенин жоош ырайымдуулугуңду жана Сенин белектериңди ак көңүлдүүлүгүң менен мага төмөн жөнөт.

О, Сен, мол жыргалдын Теңири! Сени ким сүйсө, ошолорду Сенин көктөгү жардамың өз ичине алсын, ошондой эле Сен эмнелерге ээ болсоң, ошол белектерди жана жоомарттыкты бизге төмөн жөнөт. Бардыгында биз үчүн жетиштүү бол, биздин күнөөлөрүбүздү кечир жана биздин үстүбүздө ак көңүлдүүлүк кыл. Сен биздин Теңирибизсиң жана бардык жаратылгандардын Теңирисиң. Сага карай болгону жалынабыз, ошондой эле Сенин ырайыңдан бөлөк, башканы сурайбыз. Өзүнүн күчүндө Кыйрагыс, Өзүнүн өнддүрүшүндө Өтө кылдат Сен жоомарттыктын жана жыргалдын Теңирисиң.

О, кагылайын Теңирим, Элчилерге, олуяларга жана такыбаларга Өзүңдүн ак батаңды төмөн жөнөт. Акыйкатында, Салыштыргыс, Бардыгын багынтыруучу, Сен Кудайсың.

#4008
- The Báb

 

О, Теңир! Сенден мен жашырыңар жай издейм жана Сенин жышаандарыңа карай өзүмдүн жүрөгүмдү багыттайм.

О, Теңир! Жолдобу же үйдөбү, өзүмдүн сабактарымдабы же иштеримдеби, мен Сага баш-отум менен ишеним артам.

Ким Өзүнүн ак көңүлдүүлүгү менен өтө мыкты болсо, ошондой жана, мен эч нерседен көз каранды болбогудай болуум үчүн Сенин жетиштүү жардамыңды мага жөнөт!

О, Теңир, Сенин эңсөөң боюнча үлүшүмдү мага аныкта жана Сен мага эмнени дайындаган болсоң, бардыгына мен ыраазы болгудай болуу үчүн, дал ошондой жаса.

Сага башкаруунун чексиз бийлиги таандык.

О, айланайын Кудайым, кагылайын Теңири жана менин Башкаруучум! Мен өзүмдүн уруумду унуттум жана жер жүзүндө эмне болсо, ошолордун бардыгына азаттыкты Сенден издейм, ошондой эле Сенин көздөрүңдө эмне мактоого аларлык болсо, ошону кабыл алууга карай өзгөрүлбөй даяр турууга үмүт этем. Сенден тышкары бардык нерселерден мени эмне көз карандысыз кылса, ошондой жакшылыкты мага тартуула, ошондой эле Сенин сансыз жакшылыктуу иштериңден жоомарт үлүштү мага тартуула. Акыйкатында, Сен берекелүү ак көңүлдүн Теңирисиң!

#4009
- The Báb

 

О, Кудай айланайын Кудайым! Сен менин Үмүтүмсүң жана менин Сүйгөнүмсүң, менин эң жогорку Умтулуум жана Эңсөөмсүң! Терең Баш ийүүдө жана толук берилгендикте: мени Сенин өлкөңдөгү Сенин сүйүүңдүн мунарасы, Сенин жараткандарыңдын арасында Сенин билимиңдин чырагы жана Сенин дүйнөңдөгү Кудайлык жоомарттыктын туусу кыл, - деп мен Сага сыйынамын.

Сенден тышкары, бардык нерселерден баштарткан, ушул дүйнөнүн тунук буюмдарынан тазаланышкан жана шандуу кыялдардын жарчыларынын азгырыктарынан азаттык алышкан, Сенин кулдарыңдан ичиндеги ушулардына катарына мени кошо сана. Ылайым, мени жүрөгүм Сенин дүйнөңдүн ичинен ишенимдүүлүктүн рухунан кубанычка толсун, ошондой эле, ылайым, Сенин чексиз өкүмчүлүктүү даңкыңдын дүйнөсүнөн катар-катары менен төмөн түшкөн Кудайлык колдоонун бир топ кишилеринин жайбаракат кыялга батып кароосунан менин көздөрүм жайнасын. Акыйкатында, Сен Бардыгынан күч-кубаттуусуң, Бардыгынан даңктуусуң, Бардыгынан күчтүүсүң.

#4010
- `Abdu'l-Bahá

 

О, Кудай айланайын Кудайым! Бардык жандардан аша кечүү чөйчөгүн мен үчүн толтур жана Сенин эң сонундугуңдун жана Сенин белектериңдин курчоосунда Сага карай сүйүүнүн шарабы менен кубант. Кумар жана эңсөөлөрдүн Кысымынан мени куткар, ушул өзгөрүлбөс дүйнөнүн кишенинен мени чыгар, шаттыкка бөлөнгөн мени Сенин көктөгү дүйнөңө ээрчитип кет, ошондой эле Сенин кулдарыңдын арасында Сенин ыйыктыгыңдын деми менен мени сергит.

О, Теңир, менин жүзүмдү Сенин жоомарттыгыңдын жарыгы менен жаркырат, менин карегимди Сенин бардыгын багындыруучу күчтөрүңдүн белгилеринин жайбаракат кыялга батып кароосу менен жарык кыл, менин жүрөгүмдү бардык жандууларды эмне өз ичине алса, ошол Сенин билимиңдни даңкы менен жаркылдат, менин жан дүйнөмдү улуу шаттык туурасындагы Сенин жандатуучу кабарларың менен кубант, о, Сен өрөөндү дүйнөнүн жана тоодогу Падышачылыктын Падышасы, о, Сен! Өкүмчүлүктүн жана күч-кубаттын Теңири! Ылайым, мен бардык жерде Сенин жышаандарыңдын жана белгилериңдин таркатагындай, ошондой эле Сенин Ишиңдин жарыялай да, Сенин билимиңдин алып жүрө да, Сенин Мыйзамыңа кызмат кыла да, Сенин Сөзүңдүн көкөлөтө да алгыдай болоюн. Сен, акыйкатында, Өкүмчүлсүң, Түбөлүк Сыйкорсуң, Күч-кубаттуусуң, Бардыгынан күчтүүсүң.

#4011
- `Abdu'l-Bahá

 

Алкоо жан ыраазылык

О, айланайын Кудайым, ар кандай алкоо, ылайым, Ким ар кандай даңктын жана улуулуктун, күчтүн жана сыймыктын, өкүмчүктүн жана үстөмдүктүн көкөлөөчүлүктүн жана жыргалдын, кастарлоонун жана бийликтин Башаты ошол, Сага буйурсун. Кимди кааласаң, ошону Сен эң улуу Океанга карай жакындатасың, ошондой эле кимге кааласаң, ошону Сен эң байыркы Ысмыңды билүү сыймыгын тартуулайсың. Көктө жана жерде эмне болсо, ошолордун ичинен эч кимиси Сенин өкүмчүлүк Эркиңди аткарууга каршы тура албайт. Бардык жаратылгандарды Сен түбөлүктүү башкарасың жана кылымдардан кылымдарга бардык жаратылгандарга Өзүңдүн үстөмдүгүңдү созосуң. Бардыгынан күч-кубаттуу, Өтө көкөлөтүлгөн, Бардыгынан күчтүү, Бардыгынан акылман, Сенден бөлөк, башка Кудай жок.

О, Теңир, алар Сени көрө алгыдай болсун үчүн, Сенин кулдарыңдын жүзүн жарык кыл; алар Сенин асмандагы ырайыңдын сарайына карай кайрыла жан Ким Сенин Келишиңдин жана Сенин Маңызыңдын Чыгышынан өзү болсо, Ошону тааный алгыдай болсун үчүн алардын жүрөктөрүн тазала. Акыйкатында, Сен бардык дүйнөлөрдүн Теңирисиң. Чеги жок, Бардыгын багындыруучу, Сенден бөлөк, Кудай жок.

#4072
- Bahá'u'lláh

 

О, Теңир, айланайын Кудайым, ылайым, Сенин ысмың даңктангандай болсун!

Кимге бардыгы табынышса, Ошол Сенсиң, Сен эч кимге табынбайсың; бардыгынын үстүнөн үстөмдүк кылсаң жана эч кимге кызмат кылбайсың; Сен бардыгы жөнүндө билесиң жана Өзүң эч кимге белгисизсиң. Сен жөнүндө адамдардын билүүсүн Сен кааладың, ошондуктан Сенин оозуңдун бирдиктүү Сезү менен Сен аралуунун келип чыгышын буйрудуң жана Сен Ааламды жараттың. Дүйнөнү бычып-тигүүчү, Жаратуучу, Бардыгынан күч-кубаттуу, Бардыгынан күчтүү Сенден бөлөк Кудай жок.

Сенин Эркиңдин асман мейкининде жаркыраган Сөз менен, Сенин тандалгандарыңдын жүрөктөрүн Сен жанданткан жана мен ар кандай мезгилде бардык шарттарда Сага карай менин жүзүмдү бүт бойдон бура алгыдай болуу үчүн, Сени кимдер сүйсө, ошол жандарды кайрадан жараткан жандантуучу суулардан мага ичүүгө уруксат эт, - деп Сага сыйынам.

Сен күч-кубаттын, молчулуктун жана даңктын Кудайысың. Башкы Өкүмдөр, Бардыгынан даңктуу, Бардыгын жетектөөчү Сенден бөлөк, Кудай жок.

#4073
- Bahá'u'lláh

 

О, айланайын Кудайым, ар кандай улуулук жана даңк, ар кандай үстөмдүк, жарык, шаан-шөкөт жана жарк этүү Сага таандык. Кимге кааласаң, өкүмчүлүктү Сен ошого тартуулайсың. Кимден кааласаң, аны тартып аласың. Бардыгына ээлик кылуучу, Өтө көкөлөтүлгөн Сенден бөлөк Кудай жок. Сен жок жерден Ааламды жана андагы бардык жандарды жаратасың. Сенин Өзүңдөн бөлөк, Сага татыктуу богудай эч нерсе жок, - Сенден тышкары бөлөк, Сага татыктуу болгудай эч нерсе жок, - Сенден тышкары бөлөк бардыгы, Сенин ыйык катышып отурууңа маңызы катардан чыккандар жана Сенин Жашооңдогу даңктын алдында таптакыр санда жоктор гана.

Ырас, Сенин нарктуулугуңду, алар Сенин Өзүңдүн тарабынан Сенин салмактуу Китебиңде айтылгандагыга караганда, Сен: “Ага каректер жетпейт, бирок Ал каректерге жетет. Ал Көрөгөч, Баамчыл.” / Куран 6:103/деп айткандагыдан бөлөкчө менин айта алганым жок. О, айланайын Кудайым, Сага даңк, анткени, чындыгына келгенде, эч кандай акыл –эс же көз караш, ал кандай гана курч жана сезимтал болбосун, а түгүл Сенин белгилериңдин ичинен өтө эле мааниси жок нерселердин табиятына да жетпейт. Акыйкатын да, Сен Кудайдын өзүсүң, андыктан Сенден бөлөк Кудай жок. Бир Сен гана Өзүңдүн сапатыңды жүзөгө ашыра ала тургандыгына, Сенден бөлөк эч кимдимн алкоосу Сенин ыйык сарайыңа жете албай тургандыгына жана Сенин сапатыңа Сенден тышкары эч ким түшүнө албай тургандыгына күбө өтөмүн.

Сага даңк-Сен, Сенин Өзүңдөн тышкары кимдир-бирөөлөрдүн баяндоолорунан өтө жогору көкөлөтүлгөнсүң, анткени Сенин нарктуулугуңду тиешелүү түрдө мактоо же Сенин Маңызыңдын өтө терең табиятын түшүнө билүү адамзат акыл-эсинин мүмкүнчүлүктөрүнөн өтө жогору. Сенин жараткандарың Сени баяндасын же Сенин Өзүңдөн бөлөк, башка кимдер-бирөө Сени таанысын үчүн Сенин даңкың ылайык келбейт. О, айланайын Кудайым, Мен Спни таанып-билдим, себеби Сен Өзүң жөнүндө мага билдирдиң, андыктан качандыр-бир кезде Сен Өзүң мага келбесең мен Сени таанып-билмек эмесмин. Мен Сага табынамын, анткени Сен мени Өзүңө карай чакырдың, андыктан качандыр-бир кезде Сенин чакырыгың болбосо, мен Сага табынмак эмесмин. О, айланайын Кудайым, Сен даңктуусуң; мени айыптарым оор, андыктан менин күнөөрүм өтө чоң. Сенин ыйык катышып отурууңда менин көргүлүгүм ошончолук маскаралуу болуп калат. Сен мага Өзүңдүн кандай келтирсең, ошондой ченемде мен Сени таанып-биле алганым жок; Сенин чакырыгыңа татыктуу берилгендик менен мен Сага табына алганым жок; мен Саг баш ийе албадым, анткени Сен мени шыктандыргандагыдай Сенин сүйүүңдүн жолу боюнча жүргөнүм жок.

О, айланайын Кудайм, Сага эмне ылайыктуу болсо, ошол жандуулар түшүнүүгө чебер аракет кылышкандыктарынан бардыгынан ченемсиз улуураак жана бийигирээк мага Сенин күч-кубатың күбө өтөт. Акыйкатында, ошол Сага татыктуу боло, тургандай, Сага эч ким түшүнө албайт, андыктан жүгүнүүчү жандын эч кимиси, ушул Сенин эң сонундугуңа ылайык келгенден Сага жүгүнө албайт. О, кагылайын Кудайым, ар кандай жан эмнени баяндаса, ошондон жогору экендигинин ошончолук жеткиликтүү жана бардыгын камтыган далил баган Сенин белектериңдин төгүлүшүнүн ошончолук молдугу.

О, айланайын Кудайым! О, менин Төрөм! Сенин көп түрлүү жоомарттыгың жана Сенин даңкыңдын тактысы кимдерге негизделип жатса, ошол Сенин мыктыларың менен: ушул туруму жок жашоонун сыноолорун баштан кечирүүдө жана андан алда канча азыраак жазанын оордугу алдында чыдоодо, Сенин адилеттүүлүгүңдүн боюнча кимдерге таңууланса, анан ал Сенин колдооңдон улам чыкса жана ал түбөлүк болсо, кимдер күчсүздүк кылышса, ошол момун жандарга карай кайрылыш, -деп мен Сага жалбарам.

О, айланайын Кудайым, менин Төрөм жана менин Өкүмдарым, Сенин Өзүң менен-, мен үчүн тур, - деп мен Сага сыйынам. Мен Сенин адилеттүүлүгүңдөн Сенин ырайымдуулугуңа карай качтым. Өзүмдү жашыруу үчүн мен Сенин жана кимде-ким көз ирмемде да Сенин жолуңдан кайтпаса, ошолорду, Сенин жыргалыңдын жана жоомарттыгыңдын белгиси катарында жаратылууну Сен кимдер үчүн жараттың, ошолорду гана издем жүрөм.

#4074
- The Báb

 

Атайын келмелер Нике

Никеге чейин жубайлардын ата-энеси да алардын баш кошушуна макулдугун бериш керек. Колукту тарабынан Үзөнчө жана күйөө тарабынан өзүнчө экиден аз эмес күбөлөрдүн катышып отуруусунда кабыл тутуп айтыла турган, жергиликтин Диний Жыйын тарабынан жактырылган никенин анты Китаб-и-Агдастан / Өтө Ыйык китептен\ алынган төмөндөгү аят:

«Акыйкатында, биз бардыгыбыз Кудайдын эрки менен болобуз.»

Анын өзү Сыйкор, Өтө Жоомарт! Ылайым, Түбөлүктүү Түштө жашоочу өзгөрүлбөсө чексиз кудайга алкоо! Ал жеке бирөө акыйкатында, Жалгыз, Чексиз, Көкөлөтүлгөн. Биз, акыйкатында, Өзүнүн Бирдигин ырастаган, Өзүнүн бөлүнбөстүгүн тааныткан, Андан бөлөк Кудай жок экендигине күбө өтөбүз. Ал эчким жетпес өз улуулугунун туу чокусунда бардык элдин эсинде, эскерүүсүндө жаркырап, түбөлүк жашап турат.

Ал адамдарга жыргал каалап, кайрым кылгысы келгенде аларга эреже, жол-жобо, мыйзамдарды ачкан, алардын ичинене Ал нике кыюу мыйзамын айрыкча аныктады, аны бакыт сепилиндей бекемдеп, Асмандан жөнөткөн .Анын Өтө ыйык Китебиндеги ыйык аяттар аркылуу мына муну буюрду бизге. Улуунун улуусу, даңктуунун даңктуусу Ал мындай дейт:

« О, адамдар, Менин кулдарымдын арасында Мени эскере турган перзент туулсун, ал үчүн Үйлөнгүлө, никеге тургула; ушунун өзү Менин силерге айткан насияттарымдын бирдей силер үчүн жардам болсун, аны жолдогула».

#4082
- Bahá'u'lláh

 

Бахаи ишениминдеги нике эки тараптын баш кошуусуна жана жубайлардын чын сүйүүсүнө негизделет. Ошондой болсо да, алар эң эле этияттыкта бири биринин мүнөзү менен таанышууга тийиш. Алардын түбөлүктүү баш кошуусу бекем милдеттенме менен бекемделген болууга тийиш; ынтымакташууну, жолдошчулукту, биримдикти чыңдоого жана түбөлүктүү жашоого ээ болууга карай умтулуу зарыл.

#4083
- `Abdu'l-Bahá

 

Ал Кудайдын өзү! О, Салыштырылгыс Теңир! Сени бардыгын камтыган акылмандыгыңда ушул опаасы дүйнөдө муундар бирин бири алмаштыра албагыдай болсун үчүн жана кылымдар бою, дүйнө жашап жаткан соң, алар Сенин бирдигиңдин босогосунун жанында кызмат кылууда жана табынууда, аздектелүүдө жана алкоодо жүрсүн үчүн Сен адамдардын эр-катын болуучулугун алдын ала жаздың. « Алар Мага табынгыдай болсун үчүн гана Мен рухтарды жана адамдарды жараттым» / Куран:51-56 /.

Ошондуктан Сенин сүйүүңдүн уясынан ушул эки кушту Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн асманында нике кыйып кой жана ушул сүйүүнүн эки деңизинин кошулуусунан назиктиктин толкуну көтөрүлсүн жана укум-тукумдун таза жана кайырлуу берметтерин жашоонун жээгине алып чыксын үчүн аларды ашып-ташыган ак көңүлдүүлүктүн тартылуу түйүнү кыл. « Алар жолугушсун үчүн, ал эки деңизди бошотту. Алардын ортосунда алар өтө алгыс тоскоолдук бар. Силердин Теңириңердин жакшылыктуу иштеринин ичинен кайсынысын силер жалган деп эсептейт элеңер? Алардын экөөсүнөн улуу жана кичүү берметтер чыгышат. « /Куран: 55: 19-22/

О, Сен, жакшылыктуу Теңир! Ушул баш кошууга маржан жана берметтерди жаратууну бер. Сен, акыйкатында, Бардыгынан Кудуреттүү, эң улуусуң, Түбөлүк кечиримдүүсүң!

#4084
- `Abdu'l-Bahá

 

О, айланайын Кудайым, Сага даңк! Акыйкатында, ушул Сенин кулуң жана ушул Сенин күнүң Сенин ырайымдуулугуңдун көлөкөсү алдында жолугушту жана Сенин жакшылык тилөөчүлүгүң жана шаан-шөкөтүң менен биригишүүдө . О, Теңир! Сенин ушул дүйнөңдө жана Сенин Падышачылыгыңда аларга жардам бер жана Сенин белектериң жана Сенин жыргалың аркылуу бардык жакшылыктарды алар үчүн аныкта. О, Теңир Сенин бийлигиңдин алдында аларды бекемде жана Сага кызмат кылууда аларга жардам бер. Сенин дүйнөңдө Сенин Ысымдарыңдын белгилеринен болуп калууга аларга уруксат бер жана ушул дүйнөдө жана келечектеги дүйнөдө соолубай турган Сенин белектериң менен аларды корго.

О, Теңир! Алар Сенин ырайымдуулугуңдун Падышачылыгы жөнүндө сыйынышат жана Сенин жападан жалгыздыгыңдын Падышачылыгы туурасында жалынышат. Акыйкатында, Сенин осуяттарыңды угууда алар ширелише калышат. Аларды өмүрлөрүнүн аягына чейин ынтымактын жана биримдиктин жышаандары кыл. Акыйкатында, Сен бардыгынан кудуреттүү, Бардыгына жетимдүү бардыгын бийлиген бир өзүңсүң

#4085
- `Abdu'l-Bahá

 

Ахмадка кат-наама

Ал Падышанын өзү, Бардыгын билүүчү, Акылман! Мына, Кудайдын жакындыгы жөнүндөгү кубанычтуу кабарды такыбаларга ыйык жана укулуктуу обондор менен жарыялап, кимде ким Кудайдын Бирдигине ишенсе, ошолорду Айкөл Теңир Өзү катышып отуруусунун сарайына чакырып, Кудай, Падыша, Даңктуу, Салыштырылгыс тарабынан келтирилген кат жөнүндө, ажырап кеткендерге кабарлап, ыйыктыктын тактысына жана ушул нуру төгүлгөн Сулуулукка ашык болгондорду жөнөтүп, Түбөлүктүүлүктүн Дарагынын бутактарында Бейиш булбулу сайрап жатат.

Акыйкатында, ушул адашуулардын айырмалана турган Ошол чындык жана ар кандай осуяттарда сынала турган акылмандык аркылуу Элчи Пайгамбарлар Китептеринди алдын ала айтылган ошол Улуу сулуулуктун өзү. Акыйкатында, Ал чексиз даңазалуу, чексиз кудуреттүү, эбегейсиз мөмөлөрү өнүп чыккан өмүр дарагынын өзү.

О, Ахмад! Акыйкатында, Ал Кудайдын өзү жана Падыша, Колдоочу, Теңдешсиз, Бардыгынан Кудуреттүү, Андан бөлөк Кудай жок экендигине деги күбө өтчү. Ошондой эле Али деген ат менен Кимди жөнөтсө, Ал Кудайдын чын кишиси биз бардыгыбыз анын жолун жолдоп, айтканы менен болобуз.

О, адамдар, Даңктуу, Акылдуу, Байан Китебинде алдын ала жазылган Кудайдын осуяттарына баш ийгиле. Акыйкатында, Ал элдердин Падышасынын өзү, ошондой эле Анын Китеби Эне-Китептин өзү, ылайым, ушул нерсе силерге белгилүү болсун, - деп.

Ушул зындандын ичинен Булбул өзүнүн чакырыгын силерге ушундайча кабарлайт. Ал ушул ачык катты өткөрүп берүүсү гана тийиш. Ким кааласа, ушул кеңештен баш тартсын, ал эми ким кааласа, өзүнүн Теңирине карай жолду тандасын.

О, адамдар, эгерде силер ушул сөздөрдү четке каксаңар, анда Силер ким аркылуу Кудайга ишендирдиңер деги далилиңер кайда? Алдамчы анткорлор, кана тапкыла жолуңарды.

Жо-жок, менин жан дүйнөм Кимдин колунда болсо, Ошону менен ант берем, алар а түгүл, бири-бирине жардам берүү үчүн биригишсин, муну эч качан жасай алышпайт.

О, Ахмад! Менин жогумда Менин белектеримди унутпа. Сен жашаган күндөрдө менин жашаган күндөрүмдү эсте, Менин кайгы-капамды жөнүндө жана куугунтукталып, камалып, камыгып жатканды эсте. Мени сүйгөндөн танба, туруктуу бол, кас душмандардын кылычтары жапыр суурулуп, башыңды алууга сунса да мүлдө асма менен жер биригип, Сага каршы турса да жүрөгүң солк этпесин.

Менин душмандарым үчүн оттун жалындай жана Менин сүйгөндөрүм үчүн түбөлүктүү жашоонун өзөн суусу сыяктуу бол, эчкачан ортодо олку-солку болгондордун арасында болбо.

Эгерде эле Менин жолумда сени кырсыктар чала турган болсо, эгерде эле Менин ысмымдан жоготууларга учурай турган болсоң, бул туурасында санаа тартпа, капаланба.

Кудайга таян, өзүңдүн Кудайңа, өзүңдүн бабаларың сыйынган Кудайга таян. Анткени адашуунун жолунда, көздөрү Кудайды көрбөй, кулактары Кудайды үнүн укпай, адамдар ак жолдон адашып баратат. Биз аларды адашкан жолдон таптык, ага өзүң күбөсүң.

Ушентип, адамдар жок нерсеге ишениш көздөрүн чел каптап, жүрөктөрүн дат басып, араларына көшөгө тартылып, даңазалуу, улуу Кудайдын ак жолунан адашып кетишти.

Сен Өзүңө ишен, чындыгында кылымдан кылымга бул сулуулуктан баш тарткандар өткөндөгү Кудайдын өкүлдөрүнөн да баш тартып, теңирге текерлигин көрсөттү.

О, Ахмад, ушул билген билимиңди бекем карма, муну Өзүңдүн күндөрүндө ырда жана андан токтолбо. Анткени, акыйкатында, аны ким ырдаса, Кудай аларга сыйлык кабары түз, азап чекеңди жана эки дүйнөдө тең урмат тартуулады, сен да ак бата алгандардын арасында болуш үчүн, жараткан теңирден жардамы менен биз сага бейиш жыргалдарын арнадык.

Кудайдын аты менен! Кимде-ким кырсык чалганда же азапка малынганда ушул кат-наманы жан-дили менен окуса, Кудай анын кайгысын таркатат, - анын кыйынчылыгын четет жана анын кырсыктарынан арылтат.

Ал, акыйкатында, Ак көңүл, Жан тартуучу. Кудай, бардык дүйнөлөрдүн Теңири даңктуу болсун!

#4089
- Bahá'u'lláh

 

Балдар жана жаштар

О, Кудай, мени жетекте, мени сакта, мени жарык чырак жана нуру төгүлгөн жылдыз кыл. Сен Күч-кубаттуусун жана Күчтүүсүң.

#3962
- `Abdu'l-Bahá

 

О, Кудай! Ушул наристени Сенин сүйүүңдүн кучагында өстүр жана Сенин Кудуретиңдин эмчегинен чыккан сүттөн бер. Ушул жаш өсүмдүктү Сенин сүйүүңдүн розалуу багында асыра жана Сенин жоомарттыгыңдын нөшөрү менен ага өсүүгө жардам бер. Аны бейпилчилигиңдин баласы кыл жана аны Сенин бейиш ээлигиңе жетеле. Сен Күч-кубаттуусуң жана Жагымдуусуң, Сен Сыйкорсуң, Айкөлсүң, эң сонун Ак көңүлдүүлүктүн Теңирисиң.

#3963
- `Abdu'l-Bahá

 

О, Кудай! Ушул балдарды тарбияла. Ушул балдар-Сенин багыңдын өсүмдүктөрү, Сенин көк жайык талааңдын гүлдөрү, Сенин гүлзарыңдын розалары. Сенин жамгырың аларга жаасын: Акыйкат Күнү аларды Сенин сүйүүң менен жаркыратсын. Алар өссүн, үйрөнсүн, өнүксүн жана сымбаты келишип турсун үчүн аларды Сенин желаргың сергитип турсун.

Сен сыйкорсуң. Сен Жан тартуучусуң.

#3964
- `Abdu'l-Bahá

 

О, жагымдуу Теңир! Ушул таң каларлык балдар-Сенин күч-кубаттуулугуңдун манжаларынын жаратканы жана Сенин Улуулугуңдун ажайып жышаандары. О, Кудай! Ушул балдарды сакта, алардын билим алышына ак көңүлдүүлүк менен жардам бер жана аларды дүйнө элине кызмат кылууга ылайык көр. О, Кудай! Ушул боор эт бермет маңызы, ылайым, алар Сенин назик камкордугуңдун калканычында бөпөлөнгүдөй болсун!

#3965
- `Abdu'l-Bahá

 

О, Теңир! Ушул жаш жаратылышты жарык менен орунда жана ушул алсыз жанды Сенин жоомарттыгың менен сыйла. Ага билим энчиле, ар бир күндүн шоокумунда анын күчүнө күч кош жана ал адашуулардан бошонсун, өзүн Сенин Ишиңе арнасын, адашкандарды жолго салсын, бактысыздарды жетелесин, кул болгондорду куткарсын жана кош көңүлдөрдү ойготсун үчүн, ар ким Сени эске алуу жана мактоо менен бата алсын үчүн аны Сенин коргооңдун жашынар жайында сакта.

Сен Күч-кубаттуусуң жана Күчтүүсүң.

#3966
- `Abdu'l-Bahá

 

О, Теңдешсиз Теңир! Ушул бечера жаратылыш үчүн жашынар жай жана ушул адашкан жана бакытсыз жан үчүн мээримдүү жана кечиримдүү Насаатчы бол. О, Теңир! Биз бардык болгону эч нерсеге жарабаган өсүмдүкпүз, бирок биз Сенин розалуу багыңа таандыкпыз. Мейли, биз жалбырактары жок көчөттөр жана ачыла элек гүлдөр гана бололу, бирок биз-Сенин гүлзарыңдын бөлүгүбүз. Ушул көк тамырды Сенин назик ак көңүлдүүлүгүңдүн булуттарынан жамгыры менен азыктандыр,жандант жана ушул көчөттү Сенин жан дүйнөңдүн жазынын жандандыруучу деми менен оңолот. Ага сезимтал, баамчыл жана нарктуу болууга мүмкүнчүлүк бер жана түбөлүктүү өмүргө анын жетүүсүн жана кылымдар бою Сенин Падышачылыгыңда болуусун ылайык көр.

#3967
- `Abdu'l-Bahá

 

Бирдик

О, Кудайым! О, айланайын Кудайым! Кулдарыңдын жан-дими бириктирип аларга Өзүңдүң улуу максатыңды ач. Алар Сенин айткандарыңды аткарышсын жана ылайым, Сенин мыйзамдарыңды сакташсын. О, Кудай, алардын аракеттерине жардамдаш жана Сага кызмат кылууга аларга күч бер.

О, Кудай! Аларды кароосуз калтырба, кадамына Өзүңдүн билимиңдин жарыгын багытта жана алардын Жүрөктөрүн Өзүңдүн Сүйүүң менен кубант. Акыйкатыңда, Сен алардын Жардамчысың жана Теңирисиң.

#3983
- Bahá'u'lláh

 

О, Кудай, Сага даңк, анткени Сен адамзатка арнап сүйүүңдү жараттың. О, Сен, Биздин Жашоо, Жарык да биздики, Сенин кызматчыларыңды Сенин жолуң боюнча алып жөнө, бизди Сендеги байлар кыл жана бизди сендеги байлар кыл жана биздин бөлөк бардык нерселерден куткар.

О, Кудай, бизди Өзүңдүн Жападан-жалгыздыгыңдын түшүнү жолуна сал жана Сенден бөлөк, эч кимди биз көрбөгүдөй болуубуз үчүн Сенин бирдигиңди аңдап- билүүгө бизди ылайык көр. Сен Ак көңүлдүүсүң, Жыргалдарды берүүчүсүң!

О, Кудай, ал Сен тууралуу ойдон бөлөк, ар кандай ойлорду жоюп салгыдай, болсун үчүн Сага карай сүйүүнүн отун Сенин сүйгөндөрүңдүн жүрөктөрүндө жандыр.

О, Кудай, Сенин жогору көтөрүлгөн түбөлүктүүлүгүңдү – Сенин түштөгүдөй жана кылымдардын кылымдарга жашай тургандыгыңды, ошондой эле Сенден бөлөк, Кудайдын жоктугун – бизге көрсөт. Акыйкатыңда, көңүл жубатууну жана күчтү биз Сенден табабыз.

#3984
- Bahá'u'lláh

 

О, Кудайым! О, Кудайым! Акыйкатында , мен Сага карай тиленем жана Сенин бардык ак көңүлдүүлүгүң ушул жандарга жөнөтүлгүдөй болсун үчүн Сенден жалынып – жалбыранып, Сенин босогоңдун жанында сыйынамын. Сенин ырайың жана акыйкат үчүн аларды ылгап ал.

О, Теңир! Жүрөктү бирге бириктирип жана байла, бардык жандардын ынтымакка баш коштур жана Сенин ыйыктыгыңдын жана Сенин бирдигиңдин жышаандырак менен ар кандай рухту жандант. О, Теңир! Ылайым, Сенин Бирдигиңдин жарыгы менен алардын жүздөрү жаркырасын. Сенин дүйнөңө кызмат кылууда Сенин кызматчыларыңдын жан дүйнөсүн чыңда.

О, Теңир, Сен-ак көңүлдүүлүктүн ээсисиң, О, кечирим жана ырайымдуулуктун Теңири! Биздин күнөөлөрүбүздү бизден кое бер, биздин кемчиликтерибизди кечир жана Сенин сыйынуучу жайыңдын алдында моюн сунгандарды жана Сенин күбөлөрңдүн даңкы алдында багынгандарды күч-кубаттын жана күчтөрдүн тургундарына карай биз үндөй алгыдай болсун үчүн Сенин ырайымдуулугуңдун дүйнөсүнө карай кайрылууга бизди ылайык , көр.

О, Кудай,Теңирим! Бизди Сенин сүйүүңдү белеги аркылуу бирдикте жана ынтымакта болуучуларга деңиз толкундары жана бакчанын гүлдөру сыяктуу жаса. О, Теңирим! Сенин бирдигиңдин белгилери менен жүрөктү кубант жана бардык адамзатты даңктын жалгыз бийиктигинен жаркыраган жылдыздарга,ошондой эле Сенин жашоо дарагыңда өсүүчү эң сонун жемищтерине окшот. Сен, акыйкатында, Бардыгынан күч-кубаттуусун Өзү жаралгансың, Сый-корсуң, Кечиримдүү сүң, С үйк үмдүүсүң, Бирдикт үү Жаратуучусуң.

#3985
- `Abdu'l-Bahá

 

О, Сен жакшылыктуу, Теңир! Кимде –ким жоомарт жана ак көңүл болсо, Ошол' .Биз-Сенин Кудайлык бирдигиңдин сактап калуучу көлөкөсү алдында чогулушкан, Сенин босогоңдун кызматчылары. Сенин ак көдүлдүүлүгүңдүн күнү бардыгынын үстүндө жаркырайт, ошондой эле Сенин ырайыңдын булуту бардыгына төгүлөт. Сенин белектериң бардыгын кучагына алат, Сенин сүйүктүү кудуретиң бардыгын колдойт, Сенин колдоочулугуң бардыгын шыктандырат, ошондой эле Сенин жакшылыкты тилөөчүлүгүңдүн кареги бардыгына кайрылат. О, Теңир! Өзүңдүн сансыз белектериңди төмөнгө жөнөт, ошондой эле, ылайым, Сенин жетекчилигиңдин жарыгы жаркырасын. Каректерди жарык кыл жана жүрөктөрдү өтүп кетпес бакыт менен шаттыкка бөлө. Бардык адамдарга жаңы рухту жана аларга түбөлүк жашоону белек кыл. Акыйкат түшүнүктүн дарбазасын ач, ошондой эле, ылайым, ишенимдин жарыгы анын бүтүндөй улуу жаратылышында жаркырай берсин. Сенин ырайыңдын көлөкөсү алдында бардыгын чогулт жана алар бир күндүн нурларына, бир океандын толкундарына жана бир дарактын жемиштерине окшошсун үчүн ынтымакта биригүүгө аларды ылайык кер.Алар бир булактан ичишкендей болушсун. Алар бирдиктүү желаргыдан сергигидей болсун. Жарыктын бирдиктүү булаг ы аларга билим бергидей болсун.Сен сыйкорсуң, Ырайымдуусуң, Ба:рдыгынан күч-кубаттуусуң.

#3986
- `Abdu'l-Bahá

 

Диний жыйындар

Кантсе да аларга / элдин тандалган өкүлдөрүнө / Анын кызматчыларынын арасындагы ишеничти аткарууга жана өздөрүн жердин бардык тургундарынын өкүлдөрү катары саноого туура келет. Кимде-ким Башкаруучунун, Бардыгынан акылмандын өзү болсо, ошонун Жадыбалында аларга бергилген кеңеш ушундай. Андыктан эгерде алардын ичинен кимдир-бирөө Жыйынга жөнөй турган болсо, ал өзүнүн карегин Жогорку асман мейкиндигине бурат да, дейт/: О, менин Кудайым! Сенин өзгөчө даңктуу ысмың менен Сенден суранам-Сенин кызматчыңдын иштери жана Сенин шаарларың эмнеден улам гүлдөй турган болсо, ошону мага аткарууга жардам бер.Сенин, акыйкатында, бардык жандардын үстүнөн бийлигиң бар!

Кимде ким Кудайдын ысмынын урматына Жыйында чыгып сүйлөсө жана адамдар ортосунда адилеттүүлүккө жараша калыстык кылса, ошол ырахат алат. Ал, акыйкатында, ак бата алгандардан.

#3980
- Bahá'u'lláh

 

Ар кандай учурда жыйындар залына кирип, ушул кичени Кудайга карата сүйүүдөн улам санаасы тынбаган жүрөк менен, ошондой эле силерге жогорку жеңишке жетүүгө Бардыгын кармап туруучу ак көңүлдүүлүк менен жардам бергидей болсун үчүн, Ал туурасында эске алуулардан тышкары бардык нерселерден тазаланган тил менен окугула.

О, Кудай, жараткан Кудайым! Биз ушул даңктуу Күнү,Сенден бөлөк, бардык башка нерселерден баш тартып,Сенин Ыйык Ажарыңа карай берилип кайрылган Сенин кызматчыларыңбыз. Биз ушул Рух Жыйынына, көз караштарында жана ойлорунда бир тилектеш болгондор, бир гана-адамдардын арасында Сенин Сөздөрүңдү көкөлөтүү максаты менен чогулуп отурабыз.О,Теңир,биздин Кудай! Бизди Сенин Кудайлык Жетекчилигиңдин белгилери, адамдар арасындагы Сенин көкөлөтүлгөн Ишенимиңдин Асабалары, Сенин күч-кубаттуу Осуятыңдын кызматчылары, ошондой эле, о биздин Бардыгынан жогорку Теңирибиз, Сенин Абха Падышачылыгыңдагы Сенин Кудайлык Бирдигиңдин кубулуштары жана бардык. өрөөндөрдүн үстүндө жаркыраган нурлуу жылдыздары кыл.Теңир! Бизди Сенин таңданткан Жыргальңдын жогору көтөрүлгөн толкундуу деңиздерин, Сенин бардыгынан даңктуу Бийиктигиңден сызылып аккан агындарын, сенин көктөгү Иштериңди Дарагындагы жагымдуу жемиштериң, Сенин ыйык Жүзүмзарыңдагы Сенин Жоомарттыгыңдын желаргысынан улам термелген сабактарың болууга жардам бер. О, Кудай! Биздин жан дүйнөлөрүбүздү Сенин Кудайлык Бирдигиңдин ырлары менен каныктыр, биз бир деңиздин толкундары сыяктуу бириге, ошондой эле Сенин жаркыраган Жарыгыңдын нурлары сыяктуу төгүлө алгыдай, биздин ойлорубуз, биздин көз караштарыбыз, биздин сезимдерибиз бардык дүйнө жүзү боюнча ынтымактын руху болуп эсептелген бирдиктүү маңызы катары кала алгыдай болсун үчүн биздин жүрөктөрүбүздү Сенин Жыргалыңдын чечилип айтылган сырлары менен кубант. Сен Жакшылыктуусуң, Жоомартсың, Сыйкорсуң, Бардыгынан күч-кубаттуусуң, Ырайымдуусуң, Жан тартуучусуң.

#3981
- `Abdu'l-Bahá

 

Диний Жыйындын чогулушун жабуу учурунда окуу үчүн багышталган келме.

О, Кудай! О, Кудай! Өзүңдүн жалгыз жашаган көрүнбөгөн дүйнөңдөн, Сага ишенгендер, Сенин белгилериңе ишенүүчүлөр, Сенин Осуятыңа жана Сенин Мурасыңа туруктуулар, Сага таңданып суктангандар, Сага карата сүйүүнүн оту менен жалындагандар жана Сенин Ишиңе ак ниеттүүлөр ушул диний жолугушууга биз кандайча чогулдук, карегиңди сал. Биз-Сенин жүзүм зарыңдагы кызматчыларыбыз, Сенин ишенимиңдин жарчыларыбыз, Сенин ажарыңа бирилип таазим этишкен, Сенин сүйгөндөрүңдүн алдында моюн сунган, Сенин дарбазаңдын жанындагы багынган жана бизди Сен тарабынан тандалгандардын кызматын кылууга бекитүүнү, Сенин көзгө көрүнбөс кошуундарыңдын бизди колдоп турсун, Сага кызмат кылуудагы биздин жан дүйнөбүздү чыңдоону жана бизди тиешебиз болгон Сенин баш ийген жана сүйүнгөн жарандарыңа айлантууну жалынып-жалбарып суранышкан жарчыларыбыз.

О, биздин Теңирибиз! Биз алсызбыз, ал эми Сен болсо- Күч- кубаттуусуң жана Күчтүүсүң, Биз жансызбыз, ал эми Сен болсо-улуу жандандыруучу Рухсуң. Биз жакырчылыктабыз, алми эми Сен болсо-Берүүчүсүң, Күч-кубаттуусуң.

О, биздин Теңир! Биздин жүзүбүздү Сенин боорукер Ажарыңан бур, бизди Сенин көктөгү дасторхонуңдун мол берекеси менен тойгус, бизге Сенин бардыгынан жогорку периштелериңдин кошууну менен жардам бер жана бизге бийик Абха Падышачылыгы аркылуу ишеним жөнөт. Сен, акыйкатында, Жоомартсың, Ак көңүлдүүсүң. Сен улуу белектердин Ээсисиң, ошондой эле Сен, акыйкатыңда, Бардыгын сүйүүчүсүң жана Жакшылыксың.

#3982
- `Abdu'l-Bahá

 

Диний сапаттар

О, айланайын Кудайым, Сенин түбөлүктүүлүгүңдүн ширин агындарынан мага даам сызууга жана о, менин үмүтүм, Сенин тиричилигиңдин дарагынын жемиштеринен даам сызууга уруксат бер. О, мен Даңкым, Сенин сүйүүңдүн мөлтүрөгөн булактарынан мага ооз тийүүгө, о, менин Жарыгым, ,Сенин түбөлүктүү кудуретиңдин көлөкөсү алдында болууга мага мүмкүндүк бер! О, менин Сүйгөнүм, Сенин катышып отурууңда, Сага карай жакындыктын көк жайыгында мага жайбаракат басууга, ошондой эле, о, менин Эңсөөм, Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн таажылуу тактысына отурууга мага уруксат эт! О, менин Максатым, Сенин кубанчыңдын жыпар жыттуу желп эткен желинин мага жетүүсүнө жол кой, о, менин Аздектеп артык көргөнүм, Сенин тиричилигиңдин бейишинин бийиктигине карай мени кое бер! О, эң мыкты, Сенин өзөгү бирге көгүчкөндөрүңдүн обондоруна кулак төшөөгө мага мүмкүнчүлүк бер, ошондой эле, о, менин Багуучум рухуңдун күчтөрү жана кубаты менен мени жандант! О, менин Жактоочум, Сенин сүйүүңдүн рухунда мени бекемде, ошондой эле, о, менин Жараткан, Сенин ырайыңдын жолунда менин кадамдарымды чыңда! Ким мага ак көңүлдүүлүк кылса, Ошол, о, Сен, Сенин өлбөс багыңда, Сенин ажарыңдын алдында, мага кылымдар бою болууга уруксат бер, ошондой эле, Ким мага ээлик кылса, Ошол, о, Сен, Сенин даңкыңдын тактысына мени бекемде! Ким мени жандантса, Ошол, о, Сен, Сени назик камкордугуңдун асманына карай мени көтөр, Ошондой эле, Ким мени туткундап, алса, Ошол, о, Сен, Сенин жетекчилигиңдин Чырагына карай мени жөнөт! Ким менин Булагымдын жана менин Эң жогорку Эңсөөмдүн өзү болсо, Ошол, о, Сен, Сенин көрүнбөс рухуңдун Ачылышы алдында мени чакыр, ошондой эле Ким менин Кудайымдын өзү болсо, Ошол, о, Сен, Өзүң өңүңө чыгарган, Сенин сулуулугуңдун жыпар жыттанган маңызына карай менин кайрылыш баруумду ылайк көр!

Эмнени кааласаң, ошону жаратууга Сен эрктүүсүң. Сен, акыйкатында, Өтө көкөлөтүлгөнсүң, Бардыгынан даңктуусун, Бардыгынан жогорусуң.

#3968
- Bahá'u'lláh

 

О, менин Кудайым, мага таза жүрөктү жарат, ошондой эле, о, менин үмүтүм, мендеги көңүлүмдүн тынчтыгын кайрадан жарат! О, менин Сүйгөнүм, Сенин рухуңдун күч-кубаты менен мени бекемде, о, мени умтулууларымдын Максаты, о, Сен, Сенин даңкыңдын жарыгы менен Сени жолуңду мага көрсөт! О, менин тиричилигимдин Башаты, Сенин ыйыктыгыңдын Асманына карай, Сенин жеңилбес күч-кубатыңдын күчү менен мени көкөлөт! О, менин Кудайым, Сенин түбөлүктүүлүгүңдүн желаргысы менен мени кайрадан кубант!

О,менин Жандоочум, ылайым, Сенин түбөлүктүү обондоруңдун бейпилчилиги мени желпип турсун, о менин, Төрөм, ылайым Сенин байыркы ажарыңдын кенчи мени Сенден бөлөк, башка бардык нерселерден калкалап турсун, ошондой эле келгендердин ичинен Эң келгени, касиеттүүлөрдүн ичинен Эң касиеттүүсү, о, Сен, ылайым, Сенин түбөлүктүү маңызыңдын ачылышы туурасындагы жагымдуу кабар мага кубаныч алып келсин.

#3969
- Bahá'u'lláh

 

О, Кудай айланайын Кудайым! Адилеттүүлүктүн таажысы менен менин башымды жасалгала, ал эми менин маңдайымды саймасы менен саймала. Сен, акыйкатында, бардык белектердин жана марттыктын Ээсисиң.

#3970
- Bahá'u'lláh

 

Ал Ак көңүлдүүлүктүн өзү, Бардыгынан жоомарт! О, Кудай, менин Кудайым! Сенин чакырыгың мени өзүнө тартты жана Сенин даңкыңдын Калеминин добушу мени ойготту. Сенин ыйык сөздөрүңдүн агыны мени жандантты жана шык берүүнүн шарабы менен шаттыкка бөлөдү. О, Теңирим, Сенин белектериңдин учугунан кармап, ошондой эле Сенин жыргалыңдын ажайыбына чаңкап, Сенден бөлөк, башка бардык нерселерден менин баш тарткандыгымды Сен көрүп турасың. Сенин ырайымдуулугуңдун түбөлүктүү толкундары менен жана Сенин назик камкордугуңдун жаркыраган оттору, ошондой эле Сенин ырайың, менен, - Сага карай мени эмне жакындата турган болсо, ошону мага ыраа көр жана Сенин кенчиң менен мени байыт. Менин оозум, менин калемим, менин бардык жашоом Сенин күч-кубатың, Сенин күчүң, Сенин жыргалың жана Сенин белектериң туурасында күбө өтөт, андыктан Сен Кудайдын өзүсүң, Күч-кубаттуу, Күчтүү, Сенден бөлөк, башка Кудай жок.

О, Кудайым, өзүмдүн алсыздыгым жана Сенин өкүмчүлүгүң туурасында, өзүмдүн жардамсыздыгым жана Сенин күчүң туурасында мен азыр күбө өтөм. Мендеги жыргал эмне, ал эми куурал эмне, мен билбеймин; Сен, акыйкатында, Бардыгын билесиң, Бардыгынан акылмансың. О, Теңир, менин Кудайым жана менин Төрөм, Сенин түбөлүктүү буйругуң мен үчүн жетиштүү болгудай жаса, ошондой эле мага Сенин бардык дүйнөлөрүңдөгү гүлдөп-өсүү мага эмнени берсе, ошону мага белгиле. Сен, акыйкатында, Ак көңүлдүүсүң, Жоомартсың.

Теңир! Сенин байлыгыңдын океанынан жана Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн асманынан мени иренжитпе жана мага ушул дүйнөнү жана келечектеги дүйнөнүн жыргалын даярда. Акыйкатында, Сен тоонун чокуларында орнотулган ак көңүлдүүлүктүн тактысынын Ээсисиң; Бирдиктүү, Бардыгын жетектеген, Бардыгынан акылман Сенден бөлөк, башка Кудай жок.

#3971
- Bahá'u'lláh

 

О, Теңирим! Ылайым, Сенин сулуулугуң менин азыгым, Сенин катышып отурууң-менин суусундугум, Сенин уруксатың – менин үмүтүм, Сенин алкооң-менин иштерим, Сен жөнүндө эске салуу-менин жолоочулаш жолдошум жана Сенин жогорку бийликке ээлүү Күч-кубатың – мага кол кабышың, Сенин жашаган жериң- менин үйүм, ошондой эле мага турак-жай, кимде-ким Сенден көшөгө менен калкаланып коюлган сыяктуу болсо, ошолорго коюлган чектөөлөрдөн Сен тарабынан тазаланган орун.

Акыйкатында, Сен Күч-кубатуусуң, Бардыгынан даңктуусуң жана Бардыгынан күчтүүсүң.

#3972
- Bahá'u'lláh

 

О, Теңирим, айланайын Кудайым, ылайым, Сенин Ысмың даңктасын! Мен- Сенин назик ак көңүлдүүлүгүңдүн учугун кармай жана Сенин мартабалуу кийимиңдин этегин кармаган Сенин кызматчыңмын. Бардык жаратылгандарды, көрүнгөндү жана көрүнбөгөндү Сен багынткан болсоң, ошондой эле бардык жаратылгандарды жашоонун дал өзү менен бөлөгөн болсоң, ошол Сенин ысмың менен Сенден: көк менен жерди кучактап турган Сенин бийлигиң менен мени бекемде, ошондой эле ар кандай кеселден жана жөнү жок асылуудан мени сакта. Сенин-бардык ысымдардын Теңири жана Сага эмне жагымдуу болсо, ошолордун бардыгынын Орундаштыруучусу экендигиңе күбө өтөмүн. Бардыгынан күч-кубаттүү, Бардыгын жетектөөчү, Бардыгынан акылман, Сенден башка бөлөк Кудай жок.

О, менин Теңирим, Сенин дүйнөлөрүңдүн ар кандайында мага эмне пайда алып келсе, ошолорду мага жөнөт. Кимдерди Сага карата кайрылуулардан каргыш тилегендердин тилдегендери болобу, туура эмес жолдогулардын жөнү жок асылуулары болобу, Сенден чегингендердин бөлөксүнгөндүгү болобу иренжиткен болсо, ошолор, Сенин жараткандарыңдын арасындагы тандалгандар үчүн Сен алдын ала эмнени дайындасаң, ошону мага тартуула.

Сен, акыйкатында , Сенин өкүмчүлүгүңдүн күчү менен Коркунучта Жардамчысың. Бардыгынан күч-кубаттуу, Бардыгынан күчтүү, Сенден бөлөк, Кудай жок.

#3973
- Bahá'u'lláh

 

О, Теңир, жараткан Кудайым, Сен даңтуусуң! Сенин күндөрүңдөгү жашоого карай Сенин мени чакыргандыгыңа, ошондой эле Сенин Сүйүүң жана Сенин билимиң менен каныккандыгыма Сага ыраазымын. Ошол Сенин акылмандыгыңдын тунук берметтери жана сага жакын турган Сенин ошол кызматчыларыңдын жүрөктөрүнүн кенчинин көрүнүшүнүн сөз тутумдары болгон, ошондой эле Сенин асманыңдагы жана Сенин жердеги бардык жандарды Сенин “Жан тартуучу” деп аталган ысмыңдын Күндүзгү Жылдызы жаркыратып турган Сенин ысмың менен: Сенин жыргалың жана жоомарттыгына жараша, Сенин таң каларлык жана касиеттүү белектериңди мага бер, деп Сага жалбарам.

О, Кудайым, Сен Өзүңдүн Менчик күндөрүң менен байланыштырган соң, бул күндөр-менин өмүрүмдүн баштапкы күндөрү. Сен мага улуу сыймыкты тартууладың, Сен Өзүңдүн тандалгандарың үчүн эмнени даярдасаң, аны менден мындай кармаба.

О, Кудайым, мен бар болгону ошол Сен Өзүңдүн сүйүүңдүн кыртышына отургузулган жана Сен Өзүңдүн жоомарт колуң менен өнүп чыгууга буйруган кичинекей данмын. Ошондуктан ошол дан Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн суулары жана Сенин жыргалыңдын мүрөк булагы туурасында өзүңүн жан дүйнөсүнүн эң тереңинен сыйынат. Ага Сенин сарайыңдын чектеринде Сенин көлөкөңдүн алдында гүлдөөргө ага эмнелер күч бере турган болсо, ошолорду Сенин назик камкордуктарыңдын асманынан ага төмөн жөнөт. Кимде-ким Сенин мол агыныңдын жана Сенин жандандыруучу булагыңдын сууларынын нымы менен Сени тааныгандардын жүрөктөрүн сугарса, Ошонун өзү Сен.

Дүйнөлөрдүн Теңири, Кудай даңктуу болсун!

#3974
- Bahá'u'lláh

 

О, менин кудайым, Сенин сүйүүңдүн жана Сенин ырайыңдын толук ченеми менен мени сыйла, ошондой эле Кимде-Ким Эң жогорку күбөнүн, Бардыгынан даңтуунун өзү болсо, Ошол, о,Сен, Өзүңдүн эң эле сонун жарыгыңдын сыйкыры менен биздин жүрөктөрүбүздү шыктант. 0,жоомарттуулуктун Теңири, Өзүңдүн ак көңүлдүүлүгүңдүн белгиси катарында, Өзүңдүн күндүзгү жана кечки да көңүл сергиткен желаргыңдан мага жибер.

0, менин Кудайым,ошол Сенин ажарыда Өзүмдүн татыктуу өңүмдү көргөзө алгыдай мындай бир иштерди мен жасаганым жок, ошондой эле, а түгүл эгерде мага дүйнө качантадан бери жашап келсе,ошончо жашоого туура келсе да,баары бир,мындай ак көңүлдүүлүктү өтөй ала тургандагыдай, ошол кызматты жасай албай тургандыгымды мен жетиштүү түрдө билемин, анткени кызматчылыктын абалы, эгерде Сенин жоомартчылыгың гана мага төмөн түшүп келбесе,ошондой эле Сенин жагымдуу ак көңүлдүүлүгүң мага төгүлбөсө, ошондой эле Сенин назик камкордугуң мени курчап албаса,Сенин ыйык чектериңе менин баруу мүмкүнчүлүгүмдү жаап салат.Андан тышкары башка Кудай жок болсо,ошол,о Сен,ар кандай алкоолор,ылайым,Сага багышталсын.Сага карай көтөрүлүүгө мага ак көңүлдүүлүк менен уруксат бер, Сага жакыныраак айланчыктоо жана Сени менен жалгыз гана пикир алышуу сыймыгын мага көрсөт.Сенден бөлөк,башка Кудай жок.

Акыйкатында,Сен кызматчыңа ырайыңды көрсөтүүнү өтө каалаган учуруңда Сен Өзүңө өзүң туурасында эске салуудан бөлөк ар кандай эске алууларды Сен анын жүрөгүн мекендегендерден кубалап саласың; ал эми Сенин ажарыңдын алдында анын колдору менен жаратылган мыйзамсыздык үчүн Сенин кызматчыңа кырсыктарды жөнөтүүгө уруксат берген кезиңде Сен аны ушул дүйнөнүн жана башка дүйнөнүн жакшылыгы менен, аны ошолорчо убараландырып, ошондой эле Сени эске алууну унуткартып сынайсың.

#3975
- The Báb

 

О, Кудай! Менин рухумду сергит жана кубант. Менин жүрөгүмдү тазала. Менин кучтөрүмдү жалындат.Өзүмдүн иштеримдин бардыгын Сенин колдоруңа ишенип тапшырдым.Сен менин айдоочумсуң жана баш калкалоочумсуң. Мен көбүрөөк санаа чегип,азап тартпай, кубаньгчта, бактылуу болом.О, Ку-дайым! Мен мындан ары коркунучтун кучагында калбайм жана менин тынчымды алуучу машакаттарга жол бербейм. Мен тиричилик түйшүктөрунө көбүрөөк чөмүлбөйм.

0, Кудайым! Мен өзүмдү өзүмө салыштыра келгенде Сен мага көбүрөөк доссуң. О, Теңирим, мен Сага берилем.

#3976
- `Abdu'l-Bahá

 

О, Теңирим! О, менин Теңирим! Сен сүйүүңдүн оту менен жандырылган жана Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн дарагында алоолоно турган жалын менен жалындаган чырак мына. О, менин Теңирим, Сен келген Синайда күйө турган оттун күчүнүн табын жана жаркырагын, анын кызысуун чында. Сен, акыйкатында, Ырастоочусуң, Жардамчысың, Күч-кубаттутсуң, Жоомартсың, Сүйкүмдүсүң!

#3977
- `Abdu'l-Bahá

 

О, Кудайым! жараткан Кудайым! Сага карай тартылган жана Сенин катышып отурууңа жеткен Сенин жаркылдаган кызматчың,Сенин рух туткунуң мына! Сенин бирдигиңди таанып,жападан жалгыздыгыңа тобо кылып, Сенин Ажарыда карай ал өзүнүн жүзүн бурду, ошондой эле элдердин арасындагы Сенин ысмың үчүн өзүнүн үнүн көтөрдү, анан да, о, Сен,ашыкча жоомарт Теңир, Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн шар аккан агымына карай адамдарды алып барат! Ал сурангандарга Сенин ченемсиз жыргалыңдын шарабы менен толтурулган жетекчиликтин чөйчөгүнөн ичүүгө жол коет.

0, Теңир, аны дайыма колдо жана бардыгында аны Сенин осуяттуу сырларыңды таанып-билүүгө ылайык көр жана аны Сенин касиеттүү берметтериң менен жаба төк. Аны Сенин асмандагы колдоочу шамалыңа сарайыңдын чокусунун үстүндө желбиреп турган желегиң, ошондой эле өтө тунук сууларыңдын булагы кыл.

О, менин кечиримдүү Теңирим! Бардык жандуунун акыйкатын Сен кимге жоомарттык менен аркаңды тийгизсең, Сенин элиңдин ичиндеги ошолор менен ачып,бардык жерде жарыгын төгө турган чырактын нурлары менен жүрөктөрдү жандыр.

Сен, акыйкатында, Куч-кубаттуусуң, Өкүмдарсың, Колдоочусуң, Күчтүүсүң, Жакшылыкты жаратуучусуң! Акыйкатында,Сен ар кандай ак көңүлдүүлүктүн Теңирисиң!

#3978
- `Abdu'l-Bahá

 

О, айланайын Кудайым! О, жараткан Кудайым! Мен, Сага таңданып суктанган кызматчың, Сенин Бирдигиңдин дарбазасына карай моюн суна жакындайм жана Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн Падышачылыгы туурасында сыйынам.

О, Кудайым! Баш-отум менен менин Сеники болууңа жана Сен жөнүндө гана ойлоого, ошондой эле мен Сенин Ишиңдин урматына иштегидей болуу үчүн Сенден бөлөк бардык башка нерселерден баш тартып, Сага карай сүйүүнүн оту менен жалындап күйүүгө, Сенин акылмандыгыңды жайылтууга, Сенин окууңду жүрүүгө жана Сени таанып-билүүнүн кубанычы менен тең бөлүшүүгө уруксат эт.

О, Кудайым, мен-С.енин бийлигиңдин колдору менен жандырылган отмун; сыноолордун шамалынан ошол оттун өчүп калуусунан жол бербе. Сага карата менин сүйүүмдү жана, Сенин Бирдигиңдин жагымдуу шаан-шөкөту алдында менин таддануумду арбыт. Сенин бирдигиңдин Сынайында мендеги жылуулук берген отту жандыр жана Сенин ак көңүлдүүлүгүң менен жыргалыңа жараша мендеги жашырынган түбөлүктүү жашоону ойгот. Сен Коргоочусуң жана Сакчысың, Жан тартуучусуң жана Ак көңүлдүүсүң.

#3979
- `Abdu'l-Bahá

 

Жардам

Кимдин ажары менин аздетөөм+дүн заты, Кимдин сулуулугу –менин сыйынчу үйүм, Кимдин үй-жайы-менин умтулушумдун максаты, Кимдин алкоосу –менин үмүтүм, Кимдин кудурети –менин жандоочум, Кимдин сүйүүсү- менин тиричилигимдин себеби, Кимдин эске алуусу –менин сооротуучум, Кимдин жакындыгы –менин эңсөөм, Кимдин келип катышуусу –менин көксөгөн тилегим жана жогорку умтулуум болгон,о, Сен; Сенин куулдарыңдын арасындагы тандалгандар үчүн Сен эмнени аныктаган болсоң, ошону мага жок дебе, деп Сага сыйынам, Ушул дүйнөнүн жана келечектеги дүйнөнүн жакшылыгы менен мени азыктандыр.

Сен, акыйкатыңда, элдердин Падышасысың. Түбөлүк Кечиримдүү, өтө жоомарт, Сенден бөлөк, Кудай жок.

#4021
- Bahá'u'lláh

 

О, Теңир, менин Аздектөөм, менин Эңсөөм! Менин Сага болгон алкоомду кимдин озу билдире алат? Мен бейгам элем, Сен мени ойготтуң. Мен Сенден бурулуп кеттим, Сен ак көңүлдүүлүгүң менен Сага карай кайрадан кайрылууга мага жардам эттиң. Мен өлүк сыяктуу элем, Сен мени жашоо суусу менен жандаттың. Мен солуп бараттым, Өзүңдүн Калемиңден Бардыгына ак көңүлдүүлүк менен төгүлгөн Сенин сөз тутмдарыңдын көктөгү агыны менен мени Сен кайрадан жараттың.

О,жараткан Кудурет! Бардык жандуулар Сенин жакындыгыңа жараша башталган; Сенин жоомарттыгыңдын нымдуулугунан бизди жөн эле ажыратып салба жана Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн океанынан бизди чыгарып салба. Сага: ар кандай мезгилде жана ар кандай абалда мага жардам бер жана мени колдо,-деп сыйынам; мен Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн асманынан Сенин түбөлүктүү ылым санооңду талашкым бар. Сен, акыйкатыңда, жакшылыктын Теңирисиң жана түбөлүктүүлүк дүйнөсүнүн Чексиз укуктуу кожоюнусуңсуң.

#4022
- Bahá'u'lláh

 

О, айланайын Кудайым, сенин Сөздөрүң Күндүзгү Жылдыз сыяктуу Сенин шаар-түрмөң асман мейкиниңдин үстүндө жаркырап тургандыгын Сен көрүп турасың, анткени анын дубалдарында Ким Сенин Келгениңдин өзү болсо, Ошол жана Сенин бирдигиңдин жарыгынын Эрте мененки шоокумунда Өзүнүн үнүн жана Сага алкоо сөзүн жогорулатты. Ушуну менен Сенин шарлаарыңдын үстүнөн Сенин сүйүүңдүн жыпар жыты желпиди жана Сенин дүйнөң+дүн бардык тургундарын кучагына алды.

О, кагалайын Кудайым, Өзүңдүн жыргалыңды келтирип, ага өзүнүн каректерин таштаган Сенин кулдарыңа жолтоо болбо. О, айланайын Кудайым, алардан абалына, алардын эмгектерине жана камкоордуктарына караба. Сенин даңкыңдын улуулугуна, Сенин белектериңдин молдугуна, Сенин күч- кубаттулугуңдун өкүмчүлүгүнө жана Сенин жакшылык иштериңдин артыкчылыгына көз карашыңды бур. Мен Сенин даңкың менен ант берем! Адилеттүлүктүн көзү менен аларга Сен караган кезде алардын ар бири Сенин ачууңдун жана Сенин жыргалыңдын өрөөнүнө Өзүңдүн жараткандарыңды ал жана алар үчүн жаратылгандардын баардыгынан мыктысы Сенин жараткан дүйнөңдө экендиги туурасында аларга кабар кыл.

О, айланайын Кудайым, Сен Кудайдын өзү жана Сенден бөлөк, башка Кудайдын жок экендигине биз күбө өтөбүз. Сен кайрадан болдуң, Сени менен теңдеш же салыштырууга татыктуу эч ким болгон жок, андыктан Сен кылымдар бою ушундай болосуң. Бирдиктин тактысына жана жалгыз жашоонун тактысында Сенин кандайча келгениңди көрүшкөндөрдүн көзү менен : Сени сүйгөндөргө Сенин Улуу Ысмыңдын күчү менен жардам бер жана алар өздөрүнүн жашоосу менен Сен Кудайдын Өзү, Салыштыргыс, жападан жалгыз, Түбөлүк Өзгөрүлбөс экендигиңди гана күбөлөндүргөндөй болсун үчүн, аларды ушундай бир бийиктикке көкөлөт,-деп мен Сага жалбарам.Эч качан Сага теңдеш да, шакирт да болбойт. Сен, акыйкатында, Бардыгынан даңктуусуң, Бардыгынан күч- кубаттусуң, Кимдин жардамы туурасында бардык адамдар сыйынышса, Ошолсуң.

#4023
- Bahá'u'lláh

 

О, кагалайын Кудайым! Сенин өтө даңктуу ысмың менен: Сенин кулдарыңдын жыргалчылыгына жана Сенин шаарларыңдын гүлдөп-өсүшүнө карай эмне алып барса, ошого мага жардам бер,-деп Сенден сурайм. Сен, акыйкатыңда, бардыгынын үстүнөн өкүмдарсың!

#4024
- The Báb

 

О, Теңир! Биз бечераларбыз – Сенин жакшылык тилегениң менен бизди сыйла; жакырларбыз-Сенин байлыгыңдын океанынан бизге үлүш бер; жокчулуктун азабын тартуудабыз-бизди азыктандыр; басындык – Сенин даңкыңдан бизге бер. Асмандагы куштар жана талаадагы жаныбарлар ар күн сайын Сенден өзүнүн азыгын алышат, ошондой эле бардык жандар Сенин камкоордугуңдан жана багууңа болуудан азыктанышат.

Ошол алсызды Сенин таң каларлык жыргалыңдан ажыратпа жана Сенин күч-кубатың менен ошол жардамсыз жанга Өзүңдүн белектериңди төмөн жөнөт.

Биздин күндөлүк турмушубузга зарыл нерселерди бизге бер жана сени менен сүйлөшүү гана үчүн, Сенин жолуң менен баруу жана Сенин сырларыңды келтирүү үчүн Сага гана биз көз каранды болгудай болуу үчүн, жашоо жокчулугунун азабын тартууда Сенин ашык дүнүйөңдүн тартуула. Сен бардыгынан күч-кубатуусуң, Сүйүктүүсүң бардык азамат үчүн жакшылыктарды Берүүчүсүң.

#4025
- `Abdu'l-Bahá

 

О, Сен, жакшылыктуу Кудай! Биздин Сенин Босогоңдун кулдарыбыз, Сенин касиетүү Дарбазаңдын алдында жашырынабыз. Күч-кубаттуу ушул устундан бөлөк башка жашырынар жайды издейбиз. Сенин коргооңдон бөлөк калкаланар башка жайга умтулбайбыз.

Бизди корго, бизге ак батаңды бер, бизди колдо жана Сенден бөлөк бардык нерселерден баш тартуу, ошондой эле Сенин ырайымдуулугуңдун деңизинин белектерин алуу үчүн бизге дал ушундай болсун үчүн, бизге Сенин Ишиңди мактоого түбөлүк умтулгудай болсун жана бардык жерде Сенин жыпар жытыңдын аңкып туруусу жайылсын үчүн, биз өзүбүздү өзүбүз унуткудай жана Сен тарабынан жутулуп кеткидей, бардык нерселерден баш тарткыдай жана Сага баш-отубуз менен берилгидей болуу үчүн, чындыктын жолу менен жүрүүнү, Сени алкап гана сүйлөөнү, Сен каалаганды гана бизге бер.

О, Сыйкор, Сен, о, кечиримдүү Сен! Сенин жыргалың жана Сенин назик камкордугуң, жоомартыгың жана Сенин белектериң менен бөлүш, ошондой эле биз өзүбүздүн максаттарыбызга жете алгыдай болуу үчүн бизди колдо. Сен Күч-кубаттуусуң, Күчтүүсүң, Билүүчүсүң, Көрүүчүсүң; акыйкатына келгенде, Сен Жоомартсың; акыйкатына келгенде, Сен Бардыгынан ак көңүлдүүсүң; акыйкатына келгенде, биздин кечирим сурообуз Кимге тийиштүү болсо, Ошол күнөөлөрүбүздүн ичинен эң оорун да, Ким кечирсе, Ошол, Бардыгын кечирүүчү, Сен!

#4026
- `Abdu'l-Bahá

 

О, Кудай! Сенин Ысымыңдын урматына жайылган майрамдык дасторхондон мени алыстатпа, ошондой эле Сенин өчпөгөн отуңдан тутанган алоолонгон жалындын өтүп калуусуна жол бербе. Сенин даңкыңдын обону менен жана Сени эске алуу менен шылдыраган Сенин жандандыруучу сууңду токтотно, ошондой эле Сенин өчпөгөн отуңдан тутанган алоолонгон жалындын өчүп калуусуна жол бербе. Сенин даңкыңдын обону менен жана Сени эске алуу менен шалдыраган Сенин жалдандыруучу сууңду токтотпо , ошондой эле Сенин сүйүңдүн жыпар жытынан келип жаткан Ширин жердин илебинен Сенин кулдарыңдан коруба.

Теңир! Сенин такыбаларыңдын азаптуу чочулоосун-тынчтыкка, алардын каатчылыгын – сооротууга, алардын басынуусун – даңкка, алардын убайымын-жаргал бакытка айландыр. Ким бардык адамзатты башкаруунун тизгинин Өзүнүн колдоруна кармаса, ошол, Сен!

Сен, акыйкантында, Бирөөсүң, Жалгыз жашайсың, Күч-кубаттуусуң, Бардыгынан кабары бар, Бардыгынан акылман.

#4027
- `Abdu'l-Bahá

 

О, Кудайлык Өндүрүш, биз бечераларыбыз – Сенин сооротууңду бизге төмөн жөнөт; биз үйсүз бозгундарбыз – Сенин түнөгүңдү калкаланууга бизге бер; жалгыздап чачырадың- бизди бириктир; жолдон адаштык - Өзүңдүн үйүрүңө бизди чогулт; жакырбыз – бизге үлүш жана энчи тартуула; чаңдоодобуз – бизди Жашоонун булагына карай алып кел; алсызбыз – биз Силердин Ишиңерге жардамга көтөрүлгүдөй жана биздин жашообузду жетекчиликтин жолунан курмандыкка сунуш кылгыдай болуу үчүн бизди чыңда.

#4028
- `Abdu'l-Bahá

 

Силер, Абха Падышачылыгына карай сыйынууларды көккө жеткерүүгө жана Андагы түбөлүк белектерди суроого тийишсиңер. Силердин жүрөгүңөр таза күзгү сыяктуу, өтө даңктуу жарык менен толсун үчүн, ошол туурасында силер сыйынууга тийишсиңер; ошондо Акыйкат күнүнүн чагылган жаркырактары аларда жарыгын чачат. Силер Кудайга карай жалынууга тийишсиңер, ошентип, Анын жардамын жана колдоосун жалынып сурап, Ага ар бир түнү жана ар бир күнү ушундай сөздөр менен сыйынууга тийишсиңер:

О, Теңир! Биз алсызбыз – биздин чыңда. О, Кудай! Биз түркөйбүз- бизди жарык кыл. О, Теңир! Биз кедейбиз- бизди байыт. О, Кудай! Биз өлүкпүз- бизди тирилт. О, Теңир! Биз басынуунун иш жүзүнө ашырылган маңызыбыз – бизди Сенин Падышалыгыңа улуулат. О, Теңир, эгерде Сен бизге жардам берсең, жердеги күлдөн төмө бобобуз! О, Кудай! Бизге күч бер. О, Кудай! Бизге жеңишти жөнөт. О, Кудай! Бизди өзүбүздүн моюн сунбообузга жана өзүбүздүн кумарыбызды ооздуктоого ылайык көр. О, Теңир! Бизди чүпүрөк дүйнөдөн кутул. О, Теңир! Бизди Ыйыктыктын Рухунун деми менен жандант, ылайым, биз Сенин кызматыңа көтөрүлүп чыгалы, ылайым, биз Сага жүгүнө тургандай бололу жана ылайым, Сенин Падышачылыгыңдагы жеткиликтүү такыбалыкта өзүбүздүн күчтөрүбүздү чегебиз. О, Кудай, Сен Күч-кубаттуусуң! О, Кудай, Сен Кечиримдүүсүң! О, Теңир, Сен Жан тартуучусуң!

#4029
- `Abdu'l-Bahá

 

Жыйындар

О, Теңир, айланайын Кудайым.Сен даңктуусуң! Сенин жыргалыңдын учкул шамалы менен жана Ким Сенин ойлогон оюңдун Таңынын жана Сенин шыктандырууңдун шоокумунун маңызы болсо,0шолор менен: мага жана ким Сенин жоомарттыгыңа жана ак көңүлдүүлук жыргалыңа эмне ылаиык келсе жана Сенин белектерине жана жакшылык иштериңе эмне татыктуу болсо, ошолорду Сенин ажарыңдан издесе, ошолордун бардыгына төмөн жөнөт,-деп Сага сыйынам. О, айланайын Теңирим, мен кедеймин жана жалгызмын,- мени Сенин байлыгыңдын океанына чөгөр; мен чаңкап жатам-Сенин камкордугуңдун жандантуучу сууларыңан ичүүгө мага уруксат бер.

Сенин Маңызың менен жана Сенин Маңызыңдын жана көк менен жердин бардык тургундары үчүн Сенин кыл көпүрө кыямат Сөзүңдүн Келгени болуга Сен Кимди дайындасаң, 0шону менен:Сенин жакшылыктуу өндүрүшүңдүн Дарагынын көлөкөсү алдында Сенин кулдарыңды бирге чогулт,-деп Сага сыйынам.Аларга анын жемиштеринен даам сызууга жана анын жалбырактарынын дирилдегенине жана анын бутактарында сайраган Куштардын ширин добушуна карай кулак төшөөгө аларга жардам бер.

Сен, акыйкатыңда, Коопсуздукта Жардамчысың,Кол жеткиссиң,Бардыгына| куч-кубаттуусуң, Ашыкча жоомартсың.

#4053
- Bahá'u'lláh

 

О,Сен, ак көңул Кудай! Ким күч-кубаттуу жана күчтүү болсо, ошол, о, Сен! О, Сен, бардык жакшылыктын Атаеы! Бирге чогулушкан ушул кулдарың Сенин босогоңо карай жалынып, Сенин улуу эңсөөңдөн Сенин аягы жок ак көңүлдүүлүгүңдү каалап,Сага карай кайрылышат. Адамдар дүйнөсүнө кызмат кылуудан бөлөк, аларда башка ниеттер жок.

О, Кудай! Ушул жыйынды шоолалуу кыл. Жүрөктөрдү Ырайымдуу кыл. Ыйык Рухтун белектерин төмөн жөнөт. Аларды көктөгү күч менен үлүшта. Аларга көктөгү акыл-ой менен ак батаңды бер. Алар толук жоошуп жана өтө өкүнүчтө Сенин дүйнөңө карай кайрылгыдай жана өзүн адамдар дуйнүсүнө кызмат кылууга арнагыдай болсун үчүн алардаты айыйкатчылыкты чыңда.Ылайым, ар ким жанып турган чырак болуп калсын.Ылайым, ар ким жылтылдаган жылдыз болуп жансын.Ошондой эле Кудайдын Падышачылыгыңда ар ким таң каларлык түскө жана мас кылган жыпар жытка ээ болсун.

О, жакшылыктуу Ата! Сенин ак батаңды төмөн жөнөт. Биздин жеткиликсиздигибизди жек көр. Бизди Сенин коргооңдун алдында жашыр. Биздин күнөөлөрүбүздү эске алба. Бизди Сенин ак көңүлдүүлүгүң менен айыктыр. Биз алсызбыз, Сен күч-кубаттуусуң. Биз кедейбиз, Сен-байсың. Биз сыркоо-буз, Сен-Дарыгерсиң. Биз жакырчылыктабыз, Сен-Ашыкча жоомартсың.

О, Кудай! Бизди Сенин кудуретиң менен үлүштө. Сен куч-кубаттуусуң, Сен Сыйкорсуң. Сен Жыргалсың.

#4054
- `Abdu'l-Bahá

 

О, жакшылыктуу Теңир! Бул жолугушууга чогулушкан, Сенин Падышалыгыңа кайрылышкан жана Сенин белектериңе жана Сенин ак батаңа муктаж Сенин кызматчыларың ушул. О, Кудай! Жашоонун бардык маңыздарында жыйынтыкталган Сенин бирдигиңдин белгилерин ач жана көрсөт.Ушул адамзат маңызында Сен кимди кепилге алсаң жана жашырып койсоң, жакшылыктуу жактарды келтир жана кайры.

О, Кудай! Биз-өсүмдүктөр өңдүүбүз,ал эми Сенин жоомарттыгың жамгыр сыяктуу; ошол өсүмдүктөрдү оңолт жана аларга Сенин белектериң менен өсүм бер. Биз-Сенин кулдарыңбыз; бизди турмуш тиричиликтин чынжырынан бошот. Биз түркөйлөрбүз-бизге акылмандыкты бер. Биз өлүүбүз-бизди тирилт.Биз буюмдатабыз-бизди рух менен үлуштө. Биз бардык нерседен Куру калгандарбыз-бизге Сенин сырларыңды багышта. Биз жакырчы лыктабыз-Сенин чексиз казынаңдан бизди байыт жана ак батаңды бер. О,Кудай!Бизди кайрадан жарат;бизге көрүүнү бер,бизге угууну бер,ушул дүйнөнүн тиричилигинде биздин алдыбызда Сенин дүйнөңдүн сырлары ачылсын ушун жана Седин жалгыз табиятыдды тааныгыдай болсун үчүн жашоонун сырларына карай бизди катыштыр.Ар кандай белек Сенден чыгат; ар кандай жакшылыктуу иш Сенден болот.

Сен куч-кубаттуусуң.Сен күчтүүсүң.Сен Сыйкорсуң,Сен Түбөлүк Жоомартсың.

#4055
- `Abdu'l-Bahá

 

О, Кудурет! Бул жерде Сенин сулуулугуңа карай тартылган жана Сенин сүйүү отуңдун кучагына камтылган Сенин досторуң чогулушту. Ушул жандарды көктөгү периштелерге айландыр, аларды Сенин Ыйык Рухуңдун деми менен кайрадан жарат, аларга кызыл тилдүү оозду жана кебелбес жүрөктү тартуула, аларга көктөгү күчтү жана ырайымдуу сезимди төмөн жөнөт, аларды адамзат тукумунун бирдигинин өкулдөрү жана Акыйыкат Күнүнүн нурлары алдында түркөйлүү түшүнүктөрдүн түнөргүн караңгылыгы таркасын жана ушул күңүрт дүйнө жарык болсун, ушул буюмдата дүйнө рух дүйнөсүнүн жаркырагын өзүнө тартып алсын, шул ар кандай түстөр бирдей түскө кошулушсун жана алкоо обондору Сенин ыйыктыгыңдын журтуна көкөлөсүн үчүн адамдар дуйнөсүндөгү сүйүү менен ынтымактын куралы болууга ылайык көр. Сен, акыйкатында, Бардыгына бийлигиң бар,Бардыгынан куч -кубаттуусуң.

#4056
- `Abdu'l-Bahá

 

Келечектеги энелер учун

Менин Теңирим! Менин Теңирим! Сени алкайм жана Сен жоош күң аялды, Сага сыйынып жана суранып жаткан күңдү эмне менен сыйласаң , ошол үчүн ыраазылык билдирем, анткени, акыйкатында, Сен аны өзүңдүн анык Падышачылыгыңа жөнөттүң, ага ушул шарттуу дүйнөдө Сенин Жогорудагы Чакырыгыңа назар салууну бердиң жана бардык жандуунун үстүннөн Сенин жеңиштүү чексиз укуктуу өкумчүлүгүңдүн келе жатышы туурасында күбө өткөн Сенин жышаандарыңды көрүүгө ылаиык көрдүң.

О, айланайын Кудайым,мен өзүмдүн койнумда эмнени көтөрүп жүрсөм,ошону Сага арнайм. Ага,Сенин ак көңүлдүүлүгүң жана жоомарттыгыңа жараша,Сенин Падышачылыгыңда татыктуу жана бактылуу бала болууну бер,ал Сенин насаатыңдын көлөкөсү алдыңда өсүп жатат жана өсө берсин.Акыйкатында, Сен жыргалсың! Акыйкатында,Сен улуу Ак көңүлдүүлүктүн Теңирисиң!

#4052
- `Abdu'l-Bahá

 

Кечинде жана түндө

О, менин Кудайым, менин Төрөм, менин умтулууларымдын Максаты! Сенин кызматчың Сенин камкордугуң жана сактооң туурасында сыйынып, Сенин ырайымдуулугуңдун мекендеген жайында уктоону, Сенин жыргалыңдын түндүгү алдында эс алууну издейт.

О, менин Теңирим, ага Сенден бөлөк, башканы көрбөгүдөй болсун үчүн менин карашымды Сенин чырм этпеген көзүң менен корго, - деп Сенден суранам. Алар Сенин Жышаандарыңды аңдап-тааный жана Сенин Ачылышыңдын Көк мейкинин көрө алгыдай болсун үчүн менин көздөрүмө көрөгөчтүктү бер. Анын бардыгынан күч-кубаттуулугунун күбө өтүүсү алдында күчтөрдүн эң маңыздуусу титиресе, Ошонун өзү Сенсиң. Бардыгынан күчтүү, Бардыгын багындыруучу, Шексиз, Сенден бөлөк Кудай жок.

#3958
- Bahá'u'lláh

 

О, Кудайым, айланайын Кудайым, алар Сен деп жапа чегишип, Сенден алыстап ажырагандыктарынан улам көздөрүн ирмебей жатышкан кезде мен кандайча уктоого чыгына алам? Ошондой эле Сени сүйгөн жандар Сенин катышып отурушуңдан алыста калышып алсырашкан кезде мен кандайча эс алууга бара алам?

Мен, о, менин Теңирим, өзүмдүн рухумду жана өзүмдүн бирдик жашоомду Сенин күч-кубаттыңдын жана Сенин сактооңдун колдоруна салдым, ошондой эле мен өзүмдүн башымды Сенин күчүң менен төшүмө коем жана аны Сенин эркиңе жана Сенин ырайыңа ылайык көтөрөм. Сен, акыйкатында, Сактоочусуң, Коргоочусуң, Бардыгынан күч-кубаттуусуң, Бардыгынан күчтүүсүң.

Сенин күч-кубатың менен ант берем! Түшүмдө да жана өңүмдө да, мен Сен эмнени тилесең, ошону гана сураймын. Мен Сенин кызматчыңмын жана Сенин колуңда боломун. Сага жаккан жыпар жыт эмнеден улам желпип турса, мени ошону гана жасоого ырайымдуу түрдө окшоштур. Ар ким Сага жакындыгы менен бактылуу, менин үмүтүм жана башкалардын үмүтү да, акыйкатында, мына ошондо. О, дүйнөлөрдүн Теңири, Сага алкоо!

#3959
- Bahá'u'lláh

 

О, Акыйкатты издөөчү эгерде кудай сенин көзүңдү ачсын үчүн, аны эңсесең, анда сен Кудайдын суранууга, Ага сыйынууга жана түн ортосунда төмөндөгүдөй деп, Аны менен пикир алышууга тийишсиң /:

О, Теңирим, Сенин биригүү дүйнөңө карай мен өзүмдүн жүзүмдү бурдум жана Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн деңизине чөмүлдүм. О, Теңирим, ушул караңгы түндө Сенин отторуңдун көзү менен өңүмдү карап, мени каректеримди жарык кыл жана ушул ажайып кылымда Сенин сүйүүңдүн шарабы мени бакытка чулгасын. О, Теңирим, Сенин чакырыгыңды мен уккудай болоюн жана мен Сенин даңкыңдын жарыгын көрө алгыдай жана Сенин сулуулугуң менен туткундалгыдай болуу үчүн Сенин асманыңдын дарбазасын менин ажарымдын алдында ач.

Акыйкатында, Сен Белек берүүчүсүң, Мартсың, Ак көңүлсүн, Кечиримдүүсүң.

#3960
- `Abdu'l-Bahá

 

Кечирим

Күнөөкөрлөр Кудайдын бөлөк, бардык нерселерден толугу менен баш тарткан жана эркин болгон кезде ага Андан кечирим суроо жана кечирим берүүнү өтүнүүгө туура келет. Адамдардын алдында кылган күнөөлөр жана кылык-жоруктарга кечирим сурап сыйынуу ылайыксыз, анткени бул эч качан Кудайлык кечиримге ыңтайлуу эмес жана ыңтайлуу болгон да эмес. Анын үстүнө мындай кечиримге сурап сыйынуу адамдын басынуусуна жана кордоого алып келет, ал эми Кудай болсо, ылайым, Анын даңкы бийиктей берсин? Өзүнүн кулдарынын басынуусун каалабайт, Ал Жан тартуучу, Ырайымдуу.Күнөкөргө, ал менен Кудайдын ортосунда, ак көңүлдүүлүктүн океанынын кайыры туурасында сыйынууга, жоомарттыктын Асманынан кечирим суроого жана төмөндөгүлөрдү айтууга туура келет:

О, Кудай, айланайын Кудайым! Ким Сенин ширин сөз тутумундарыңа ушунчалык таңдангандай Даңктын Чокусуна, даңктуу азап көрүүчүлүк жайына карай шашылгандай болсо, ошол Сага акыйкат ашык болгондордун каны менен мен Сага жалбарамын, Сенин билимиңде камтылган ошол сырлар менен да, Сенин жоомарт океаныңда сакталган ошол берметтер менен да, мага, менин атама да, менин апама да, кечирим бер – деп мен Сага сыйынам. Ак көңүлдүүлүк көрсөткөндөрдүн ичинен Сен, акыйкатында, өтө ак көңүлсүң. Түбөлүк Кечирүүчү, Бардыгынан жоомарт Сенден бөлөк, Кудай жок.

О, Теңир! Ушул күнөөкөрлүгүн ишке ашкандыгы Сенин жакшылык тилөөчүлүгүңдүн океанына карай кайрылгандыгын, ушул алсыз Сенин Кудайлык күчүңдүн дүйнөсүн издеп жүргөндүгүн, ушул байкуш макулук Сенин Байлыгыңдын Күндүзгү Жылдызына карай өзүн ийип жаткандыгын Сен көрүп турасың. Сенин ак көңүлдүүлүгүнүн жана жыргалыңдыгын урматына – О, Теңир, анын көңүлүн калтырба, ошондой эле Сенин күндөрүңдө Сенин жоомарттыгыңдын ачылыштарынан аны айырба, анан да, Сенин көктөгү жана Сенин жердеги бардык жандарыңдын алдында Сен кенен ачкан, Сенин эшигиңден аны алыс кубалаба.

Аттиң! Аттиң! Менин күнөөлөрүм мага Сенин ыйыктыгыңдын Сарайына жетүүгө тоскоолдук кылып жатат, андыктан өзүмдүн кылган күнөөлөрүмдөн улам Сенин улуулугуңдун Жамынчысынан алыста мен адашып калдым. Мен Сен мага эмнени жасого тыюу-салсаң, ошону жасадым, андыктан Сен мага эмнени сактоону буюрсаң, ошону алыс ыргыттым.

Ким Ысымдардын эң улуу чексиз укуктуу Өкүдары болсо, Ошону менен мага Сага карай жакындоого эмне уруксат кылса, ошол Сенин жоомарттыгыңдын Калеми менен мага жаз, ошондой эле Сенин кечиримиңден жана Сенин ак көңүлдүүлүгүңдөн мени эмне тосмологон болсо, ошол күнөө кылуулардан мени тазала.

Сен, акыйкатында, Башкаруучусуң, Жоомартсың. Күч-кубаттуу, Жыргалдуу Сенден бөлөк Кудай жок.

#4030
- Bahá'u'lláh

 

О, Теңир, ким Сага карай өзүнүн жүзүн бурган, Сенин Жыргалыңдын керсметинен үмүт кылган, кең пейлиңдин ачылышын күтүп турган, тагдырдын сага байланыштырган, ошол мен. Сенин мээримиңдин эшигине кирбей бурулуп кетүүнү мага буюрба жана Сенин Ишиңден айныган Сенин жараткандарыңдын ичиндеги ошолорго мени Кошпо-деп Сага сыйынам.

О, айланайын Кудайым, мен Сенин кулуңдун уулумун. Сенин күндөрдө Сенин акыйкатыңды мен таанымдын жана Сенин бардыгыңды тутуп, Сенин жападан жалгыздыгыңды таанып, Сенин кечирим кылышыңа жана кечирим беришиңе үмүт артып, Сенин жалгыз жашооңдун жээтектерине карай менин кадамдарымды багыттадым. Эмнени кааласаң, ошону жаратууга кудуреттиң жетет. Бардыгынан даңктуу, Түбөлүк кечиримдүү Сенден бөлөк, Кудай жок.

#4031
- Bahá'u'lláh

 

О, Теңир, айланайын Кудайым, Сага даңк! Сени эске алууга батынган кездеги ар кандай учурда Сага каршы менин күнөөлөрүм жана өтө оор айыптарым мени токтотуп турушат, андыктан мен Сенин жыргалыңдан толугу менен айрылгандыгымды жана Сени мактап алкоого таптакыр алсыз экендигимди мен көрүп турам. Ошондой болсо да, Сенин жоомарттыгыңа болгон ишеним Сага карай менин үмүтүмдү жандантат. Сени даңктоого жана Сенин ээлигиңде эмне болсо, ошол туурасында Сенден суроого мага кайрат берет.

О, кагылайын Кудайым, бардык жаратылгандардан ашып түшкөн Сенин ак көңүлдүүлүгүң менен, Сенин ысымыңдын океанында чөгөрүлгөн ошол бардык нерселер кимдер туурасында күбө өтүшсө, ошолор менен: мени өзүмдү өз эркиме койбо, анткени менин жүрөгүм жамандыка жакын, - деп Сага сыйынам. Ошондуктан Сени коргоо чебиңде жана Сенин камкор калганычыңда мени корго. О, айланайын Кудайым, Сенин бийлигиңдин күчү менен Сен эмнени аныктаган болсоң, мен ошону гана каалаймын. Сенин жыргал насыяттарың жана Сенин эркиңдин жетекчилиги менен Сен мага жардам бергидей болсун үчүн жана Сенин буйругуңдун жана Сенин сотуңдун жышаандары менен мени колдоо үчүн, ушулардын бардыгын өзүм үчүн каалайм.

Сени сүйгөн жүрөктөр Сен деп азап чекен, о, Сен, - Сенин Ишиңди Келтирүүчү менен, ошондой эле Сенин шыктандыруучу Таңың менен да, Сенин улуулугуңдун Ишке ашуусу менен да, Сенин Жаманчыңдан мени айырба, - деп Сага сыйынам. О, кагылайын Теңирим! Анын ак баталуу сарайына жетүүгө, Анын жеке керт башынын айланасындагы жерде жүрүүгө жана Анын эшигинин жанында момурайып турууга мага жардам бер.

Кимдин күч-кубаты кылымдарга кала берсе, Ошонун өзү Сен. Сенин билимиңден эч нерсе байкоосун калбайт. Сен, акыйкатында, күчтүн Кудайсың, даңктын жана акылмандыктын Кудайысың.

Кудай, дүйнөлөрдүн Теңири даңктуу болсун!

#4032
- Bahá'u'lláh

 

О, айланайын Кудайым, жана бардык жандардын Кудайы, менин Даңкым жана бардык жандардын Даңкы, мени Эңсөөм жана бардык жандардын Эңсөөсү, менин Күчүм жана бардык жандардын Күчү, менин Падышам жана бардык жандардын Падышасы, менин Ээм жана бардык жандардын Ээси, менин максатым жана бардык жандардын Максаты, менин Кыймылдатуучум жана бардык жандардын Кыймылдатуучусу, ылайым, Сенин ысмың даңктана берсин! Мени Сенин назик ак көңүлдүүлүгүңдүн океанынан алыста калбагыдай жана Сага карай жакындыктын жээгинен алыста кетпегидей болуу үчүн ага жол бербе,- деп Сага сыйынам.

О, айланайын Теңирим, Сенден бөлөк эч ким мага пайда алып келбейт, кимдир-бирөөлөргө карата жакындыкты, Сенден бөлөк, мага эч ким бербейт. Сенин байлыгыңдын молдугу менен, кимдин аркасында Сен Өзүңдөн тышкары бардык нерселерге көз каранды болболсоң, ошону менен: ким Сага карай өзүнүн бурган жана ким Сага кызмат кылууга аракеттенген болсо, мени ошолордун катарында сана,-деп Сага сыйынам.

О, кагылайын Теңирим, Өзүңдүн кулдарыңды кечир. Сен, акыйкатында, Түбөлүк Кечиримдүүсүң, Өтө жан тартуучусуң.

#4033
- Bahá'u'lláh

 

О, Теңир, биз өзүбүздүн колдорубузду Сенин ырайыңдын жана Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн асманына карай кандайча сыйынып көтөрүп жатабыз, Сен көрүп турсың. Ылайым, алар Сенин ченемсиз жоомарттыгыңдын жана молчулугуңдун кенчи менен толтурулсун. Бизди, биздин аталарыбызды да, биздин энелерибизди да, кечир, ошондой эле биздин өтүнүчүбүз боюнча Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн жана Кудайлык жоомарттыгыңдын океанынан бизге толугу менен тартуула.

#4034
- Bahá'u'lláh

 

О, Теңир, Сага алкоо! Биздин күнөөлөрубуз үчүн бизди кечир, бизге кечирим бер жана Сага карай биздин кайрылып келишибизге жардам бер. Сенден бөлөк, башкаларга үмүт артууга бизге уруксат этпе, ошондой эле Сен эңсегендей да, Сен каалагандай да, Сага эмне жагымдуу болсо, ошол Сенин жоомарттыгыңдан бизге бөлүштүр. Ким чындап ишенсе, ошолордун абалын улуулат, ошондой эле Сенин бардыгын кечирүүчү ак көңүлдүүлүгүңдүн келтирип, аларды кечир. Акыйкатында, Сен Коркунучта Жардам Берүүчүсүң, Өзүң жаралгансың.

#4035
- The Báb

 

О, айланайын Теңирим, Сен туурасында эске алуудан тышкары ар бир эске алуум үчүн, ар кандай алкоо үчүн, Сени алкоодон башка Сага жакындыктан эмес, жыргал үчүн; Сени менен пикир алышуу кубанычынын тышкары ар кандай кубаныч үчүн; Сенин сүйүүңдүн жана Сенин ырайыңдын бактысынан тышкары ар кандай бакыт үчүн; Ким Теңирлер Теңиринин өзү болсо, Ким каражат берсе жана эшикти ачса, ошол, о, Сен Сени менен тектештик болбой туруп, мага эмне таандык болсо ошол бардык буюмдар үчүн мени кечир, - деп Сага сыйынам.

#4036
- The Báb

 

О, Теңир, менин кылган күнөөлөрүм Сенин катышып отурууңда уялуудан менин жүзүмдүн кызаруусун мажбур кылгандыгын, Сенин алдыңда мени жер карата тургандыгын, мени бардык жактан курчап жана Сенин көктөгү күчтөрүңдүн ачылыштарына карай менин жетишүүмө тосмо болуп жаткандыгын мен билемин.

О, Теңир. Эгерде мени Сен кечирбесең, анда мага кечиримди ким тар-туулайт,сшондой эле эгерде менин үстүмдөн Сен аркаңды тийгизбесең,анда ким жан тартууга жөндөмдүү болор эле? Сага даңк,анткени Сен тиричиликсиздиктен мени чакырдың жана менин али акыл-эсим жок мезгилде Сен мени багып өстүрдүң. Сага алкоо, анткени жоомарттыктын ар кандай күбөлүгү Сенден келип чыгат жана ак көңүлдүүлүктүн ар кандай белгиси Сенин буйругуңдун казынасынан келип чыгат.

#4037
- The Báb

 

О,Сен,кечирүүчү Теңир! Сен-Сенин бардык кулдарың үчүн жашырынар жайсың. Бардык сырлар Сага белгилүү, андыктан Сен бардыгы туурасында билесиң. Биз бардыгыбыз жардамсызбыз,ал эми Сен-күчтүүсүң, Бардыгынан Куч-кубаттуусуң. Биз бардыгыбыз кунөө өкөрлөрбүз,ал эми Сен болсо,-кунөөлөрдү Кечирүүчүсүң, Ак көңүлсүң Жан тартуучусуң. О, Теңир! Биздин жорук-жосунубузга караба.Биз менен Сенин ак көңүлдүүлүгүңдү жана жоомарттыгың боюнча мамиле жаса. Биздин кылган кунөөлөрүбүз сансыз, бирок Сенин кечиримиңдин океаны Чексиз. Биздин алсыздыгыбыз кайгылуу, бирок Сенин жардамыңдын жана колдооңдун күбөлүгү ачык. Ошондуктан бизди чыңда жана бизге күч бер. Ыйык босогого эмне татыктуу болсо,ошону жасоого бизге ылайык көр. Биздин журөктөрүбүздү жаркылдат, биздин көздөрүбүзгө курчтук бер жана биздин угумубузду кучөт. Өлүүлөрдү тирилт | жана оорулуларды сакайт. Кедейлерге байлык бер жана кимде-ким коркунучтун кучагында калса,ошолорго тынчтык жана коопсуздукту тартуула. Сенин дүйнөңө бизди кабыл ал жана жетекчиликтин жарыгы менен бизди жаркырат. Сен Бардыгынан Күчтүүсүң жана Бардыгынан куч-кубаттуусуң.Сен жоомартсың, Сен кайрымдуу, Сен жакшылыктуусуң.

#4038
- `Abdu'l-Bahá

 

Киринди күндөр

«Айям-и-Ха»Бахаи календарындагы Мүлк /Үстөмдүк/ жана Ала /Көкөлөтүлгөндүк/ айларынын 26-февралдан тартып 1-мартка чейинки, аралыгы- Орозого карата даярдык көрүүнүн күндөрү, меймандостуктун, кайрымдуулуктун жана белектер берүүнүн мезгили болууга тийиш.

Кагылайын Кудайым, Менин жанган Отум жана менин Жарыгым! Мына Өзүңдүн Китебиңде жазылган Айам-и-Ха күгдөнү мына башталды, о, ысымдардын окумдары Сенин жаратуу дүйнөңдө бардык жандар үчүн тутууга туура келген Сенин улуу Калемиң менен алдын ала жазылган Орозо жакындап калды.

О, айланайын Теңирим, ушул күндөндүн урматына жана өз учурунда ушул Сенин осуяттарыңдын учугуна жармашкан жана Сенин буйругуңдун жыгачын кармашкан бардык ошол адамдардын урматына, -ар бир жанга Сенин сарайыңдын чектеринде орун берилгидей болсун үчүн жана Сенин ажарыңдын эң сонун жарыгы пайда болгон учурда орун берилгидей болсун үчүн уруксат эт, - деп Сага сыйынам.

О, кагылайын Теңирим, алардын бирин да, бузуку шык, Сен Өзүңдүн Китебиңде эмнени жазып жөнөтсөң, ошондой баш тарттыра албаган Сенин кулдарың мына. Алар Сенин Ишиңдин алдында жүгүнүштү жана Сенде ал кандай жаралса, ошондой чечкиндүүлүк менен Сенин Китебиңди кабыл алышты, ошондой эле аларга Сен эмнени буйрусаң, бардыгын карманышты, анан да, Сен тарабынан эмне жөнөтүлсө, ошону жолдоону артык көрүштү.

О, айланайын Теңирим, алар эмнени тааныгандыгын жана Сенин жазмаларыңда Сен эмнени ачсаң, ошону кабыл алып, бардыгы тобо кылышкандыгын Сен көрүп турасың. О, аларга ичүүгө жана Сени менен жолугушууда тандалган шараптан даам татса, ошого эмне таандык болсо, алар үчүн тиешелүүсүң аныкта.

О, Падышалардын Падышасы, басынгандарга Жан тартуучу; ушул дүйнөнүн жана келечектеги дүйнөнүн жакшылыгын алар үчүн аныкта,- деп Сага сыйынам. Сен тарабынан жаратылгандардын ичинен эч ким эмнени ача албаса, ошону да, аларга батышта, ошондой эле Сенин кимдер тегеректешсе жана Сенин дүйнөлөрүңдүн ичинен ар кандайында Сенин тактыңдын тегерегинде жүрүшсө, аларды ошолордун катарында сана.

Сен, акыйкатында, Бардыгынан кудуреттүү, Бардыгынан кабардар, Бардыгын жетектөөчүсүң.

#4086
- Bahá'u'lláh

 

Коргоо

О, Теңир, жараткан Кудайым! Ылайым, Сенин ысмың даңктана берсин! Ким аркылуу Саат какса, Сенин ысмың менен Сага карай жалынам, Кайрадан жаралуу да келди, коркунуч да, калтыроо да, кимде-ким асманда маңыз болсо, жана кимде ким жерде маңыз болсо, ошолордун бардыгын курчап алды: кимдер Сага карай кайрылса жана Сенин Ишиңе жардам берсе, ошол Сенин кызматчылардын жүрөктөрүн эмне кубанычка белесе, ошол Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн асманынан жана. Сенин жоошуган жан тартуучулугуң дүн булуттарына тек.

О, Теңирим, өзүңдүн кызматчыларыңды шаан-шөкөттүү кыялдарын жана курулай элестөөлөрдүн жебелеринен сакта жана аларга Сенин ак көңүдүүлүгүңдүн тереңинен Сенин билимиңдин улуу сууларынан бир ууртам бер.

Сен, акыйкатында, Бардыгынан күч-кубаттуусуң, жогорусуң, Түбөлүк кечиримдүүсүң, Ашыкча жоомартсың.

#3987
- Bahá'u'lláh

 

О, Кудай, о Кудай! Сенин сүйүүңдүн учугунан ишенимдүү кармап, мен өз үйүмдөн чыктым, ошондой эле Сенин камкордугуңа Жана Сенин коргоңо мен өзүмдү баш-отум менен тапшырдым. Сен өзүңдүн сүйгөндөрүңдү адашкандардан жана бузулгандардан, ар кандай зордук-зомбулуктарды жаратып жаткандардан, Сенден алыста адашкан ар кандай кара санатайлардан коркунучсуз калган Сенин күч кубатың менен Сага: өзүңдүн ак көңүлдүлүгүң жана жыргалың менен мени сакта, деп сыйынам. Сенин кҮч кубатың жана Сенин күчүң менен мага үйүмө кайтууга уруксаат эт.

Акыйкатында, Сен Бардыгынан күч-кубаттусуң, коркунучта Жардамчысың, өзү жыргалсың.

О, Теңирим, мага жана кимде- ким Сага ишенсе, ошолорго Эне-китепте көрсөтҮлгөндөй Сенин пикириңде биз үчүн эң жакшыраагын аныкта, анткени бардык нерселер үчүн аныкталган чараларды Сен өзүңдө кармап турасың.

Сенин жакшылык белектериң кимде-ким Сага карай сүйүү менен каныкса, ошолорго үзгүлтүксүз төгүлүдө, ошондой эле Сенин көктөгү ак көңүлдүүлүгүң таң калтырган белгилери менен, кимде-ким Сенин кереметтүү бирдигиңди тааныса, ошолорго көбүрөөк басымдуулук кылат. Сен биз үчүн эмнени Гана даярдабагын биз Сенин камкордугуңа бардыгын тапшырабыз, ошондой эле Сенин билимиңде жакшылыктардын эмнеси болсо, бардыгын бизге төмөн жөнөтүүңдү Сенден жалынып сурайбыз.

О. Теңирим, ошол Сенин бардык карамагыңдагы айырмалаган бардык ар кандай балаадан мени корго, анткени Сендегидейден бөлөк бөлөк күч кубат да, кҮч да жок, Сенин катышып отурганыңдай бөлөк салтанат болбойт, андыдыктан сага Гана буйрйк кылууга туура келет. Кдай эмнени Гана кааласа, болот, ал эми Ал эмнени каалабаса, ал болбойт.

Кудайдагы, өтө жогорку, өтө күч кубаттуулуктан бөлөк күч- кубат да, күч да жок.

О, Кудай, Сен даңктуу бол! Баарынан мурда Ким болгон, бардыгынан кийин Ким болот жана ар кандай нерсе өткөн кезде Ким калат, Сен-Кудай.

Бардыгын жана бардыгынан көбүүрөөк Ким билет, Сен –Кудай. Бардыгына карай Ким ак көңҮл, бардыгына Ким калыстык кылат жана бардык жандууну Ким өзҮнҮн көз карашы менен кучагына алат, Сег-Кудай. Сен-менин Кудай Теңиримсиң, менин абалым туурасында Сен билесиң, Сен менин тышкы маңызым кандай болсо, ичимди да так ошондой билесиң.

Өзүңдүн кечиримиңди мага жана Сенин Чакырыгыңа кимдер жооп кайтарса, ошол динчилдерге белек эт. Кимде-ким мага кырсыктарды алып келүүнү же мага жамандыгын тийгизинүү кааласа, алардын жамандыктарынан менин ишенимдүү көрөгөчҮм бол. Акыйкатында, Сен бардык жандардын Теңирисиң. Сен ар кандай нерсени бөлҮштҮрө аласың; андыктан Сенсиз эчким жашай албайт.

О, Теңңир, Сен тарабынан эмне жаратылган же жаратылаар болсо, бардык жакшы нерселерди менин таалайыма жаз, ошондой эле Сен тарабынан жашоого карай эмне чакырылса же чакырыла турган болсо, ошолордун бардыгынын арасынан ошол Сага жек көрҮнгөн бардык ар кандай балаадан мени сакта. Акыйкат, Сенин карамагың бардык жандарды камтыйт. Сага алкоо! Акыйкатында, Сенден бөлөк, Кудай жок, андыктан көктө болобу, же жерде болобу, алардын аралыгында болобу. Эч нерсе эч качан Сенин эркиңди аткарууга жотоо боло албайт. Акыйкатында, Сен бардык жандардын үстүнөн өкүмчүлүк кыласың. О, менин Кудайым, Ким Сенин ырайымдуулугуңдан жана ырайыңдан эмнени издесе, ошол Сенин Жаныңдан, көкөлөтүлгөн Маңыздан ошончолук алыс. Ар ким Сенин белектериңдин жана Сенин камкордугуңдун күбөлүгүн келтиринүү Сенден жалынып суранышса, ошолор Сенин чектен тышкары даңкыңдан ошончолук алыс. Кимдир-бирөөлөрдүн жаны Сенин ак көңүлдүү кудуретиңдин жана назик камкордугуңдун пайда болушу туурасында Сенден жалынып сурагыдай болсун үчүн, ошондой эле кимдир-бирөө Сенин ак батаңдын төгүлүшү туурасында жана Сенин кудайлык белектериң жана ак көңүлдүүлүктөрүң туурасында өтүнгүдөй болсун үчүн Сен өтө эле жогорудасың. Ким өтө көп белектер менен энчиленген болсо, ошол Сенин Көктөү Жана жердеги дүйнөндө кандардыр –бир жаратылууларга эмне таандык болсо, ошолордун бардыгынын үстүндө Сен ченемсиз жогору көтөрүгөнсүң

О, менин Кудайым, менин жаным денемди таштап кетерден мурда, мага Сенин ырайыңа, мейли, ал мага, а түгүл күкүмдөйдөн да кичирээк болгон аралыктагы көз ирмемге тартууланса да, аралаша жүрүүгө уруксат бер деп Сага сыйыңар элем. Анткени, эгерде менен жаным ошол, Сен мага ыраазы болгон кездеги көз ирмемде, денемди таштап кетсе , мен корку жана тынчсыздануулардан арылган болор элем; бирок эгерде эле менин жаным мен бардык жакшылык иштерди орундаткан болсом жана бардык сый- урматка жана атак-даңкка жетишкен болсом деле Сенин нааразылыгыңа ылайык эмгек жасагандай болуп көрҮнгөн кезде, ошондой мезгилде таштап кетсе, анда эч нерсе мени жогору көтөрө албайт.

Ошондуктан мен Сага, о, менин Кудайым, мени асманга -өзүңө карай чакырган жана мени -өзүңдүн ыйык катышып отурууңда алдыңа келип турууга буйурган кезде Сенин ырайыңды мага ак көңүүлдүлүк менен төмөн Жиберүүңдү Сенден чын дилимден жалыңып суранам, анткени Сенин дүйнөң-дүң тургундары үчүн ченемсиз жоомариттыктын Сен түбөлүктүү Кудайы жана кимде-ким Сенин Бардыгынынан күч-кубаттулугуңдун жогорку чектерин-де мекендеген болсо, бардыгы үчүн эң сонун белектердин Теңири болуп келгенсиң.

#3988
- The Báb

 

О,айланайын Кудайым! Сенин ишенимдүү кызматчыларыңды менместнтчүүлүктүн жана өтө кумардануучулуктун жамандыгынан жашыр. Сенин назик камкордугуңдун кыраакы көзү менен аларды ар кандай кекчилдиктен көрө албастыктан жана ичи тардыктан сакта, аларга Сенин көзөмөлүңдөгү күч жеткис чебиңден баш паанек бер, ошондой эле шеек саноонун жебелерин тоотпогондой, алар Сенин даңктуу жышаандарыңдын көрүнүштөрүнөн болуп калсын; алардын жүздөрүн Сенин Кудайлык Бирдигиңдин Таңынын Жаркыраган нурлары менен жарк эттир, алардын жүрөктөрүн Сенин ыйык Падышачылыгың дан келтирилген ырлар менен кубант, алардын ичи – коюндарын Сенин Даңкыңдын Имаратынан төмөн тҮшкөн бардыгын кыйратуучу күч менен бекемде. Сен бардыгынан жоомартсың, Коргоочусуң, Бардыгынан күч-кубаттуусуң, Берекелүүсүң !

#3989
- `Abdu'l-Bahá

 

О. Теңирим ! Адамдардын азап Чегүүлөрдүн жана кырсык чалуулардын кучагына калгандыгы, алар ар тараптан кыйынчылыктар жана бактысыздыктар менен кысымга алынганы сага белгилҮҮ. Адамды ар кандай кырсыктар тооруп алды, ошондой эле аны ар кандай оор каатчылык жылаандын чакканы сыяктуу анын ызасын келтирет. Ал үчүн Сенин канатыңдын алдында сактоочу, колдоочу, коргоочу жана багуусуна алуучу сыяктуулардан бөлөк жашынар жай да, баш паанек кылуучу жер да жок.

О, Сен, Кимде – Ким ак көңүл болсо, Ошол! О, Менин Теңирим! Сенин сатагычың мен ок өтпөсүм, Сенин колдочулугуң-менин калканым,Сенин бирдигиңдин дарбазасы алдындагы моюн сунууну –менин коргоочум жана Сенин багууң, ошондой эле жактоочулугуңду-менин сепилим жана менин түнөгүм кыл. Мени менменсинүүчүлүктүн жана кумарлануунун азгырыгынан сакта. Жана ар кандай кеселден, оор кҮнөөдөн, кыйынчылыктан жана бөөдө кырсыктан кору.

Сен, акыйкатында, Колдоочусуң, Коргоочусуң, Сактоочусуң, Жакшылыктарды Берүүчүсүң, ошондой эле Сен, түпкүлүгү, Эң ырайымдуулардын ичинен Эң ак көңүлдүүсүсүң.

#3990
- `Abdu'l-Bahá

 

Кудай Ишинин колдору

Анын Иштеринин Колдоруна жарык жана даңк, таазим жана алкоо, алар аркылуу туруктуулуктун жарыгы жаркырады жана тандап алуу укугу Кудайга, Ээлик кылуучуга, Күч-кубаттууга, Тартынбоочуга таандык экендиги жөнүндөгү акыйкат бекитилди; алар аркылуу жоомарттыктын океаны толкуйт жана ар тарапта Кудайдын ак көңүлдүк ырайынын дем тартып, дем чыгаруучусу желпийт. Ылайым, Ал көкөлөп турсун, аларды Өзүнүн кошуунунун күчтөрү менен коргосун, аларды Өзүнүн бийлигинин күч-кубаты менен сактасын жана бардык жандардын жогорураак болгон Өзүнүн кыйрагыс күчү менен, аларга жардам берсин, - деп биз Ал үчүн сыйынабыз. Өкүмчүлүк Кудайга, көктүн Жаратуучусуна жана Ысымдар Дүйнөсүнүн Ээсине таандык.

#3961
- Bahá'u'lláh

 

Кудайдан келген алдын

Кудайдан келген алдын ал чийилип коюлган касиеттүү Жадыбалдардан алынган ишенимдерди таркатуу туурасында Кемелер.

О, Сен, Тендеши жок Кудай! О, Сен, Падышачылыктын Теңири! Ушул жандар-Сенин көктөгү кошуундардың. Аларга жардам бер, ар бирин миңдеген жоокерлердей болуп, Аллатааланын рухий жоокерлери менен бирдикте, Кудайдын сүйүүсүнүн жана окуусунун жардамы аркылуу өлкөлөрдүн баарын жеңип алышсын, аларга жеңиш тартуула.

О, Кудай! Аларга чөлдөрдө жана Токойлордо, өрөөндөрдө жана тоолордо, талааларда жана деңиздерде колдоочу жана таяныч бол: алар Падышачылыктын күчү жана Ыйык Рухтун деми менен өздөрүнүн ураанын чакырууга аларга ишенимдүү бол.

Акыйкатында, Сен Бардыгынан өкүмдүүсүң, Күчтүүсүң жана Күч-кубаттуусуң, Сен Акылмансың, Назар салуучусуң жана Баамчылсың.

#4041
- `Abdu'l-Bahá

 

Сыйынуу Кошмо Штаттарындагы жана Канададагы бахаилер үчүн ачылган/

Кимдер-ким кандайдыр-бир жерге Ишенимди окутуу үчүн жөнөсө, бөтөн жерлерди кыдырып жүргөн мезгилде ушул келмени күндө да жана түндө да, окугудай болсун:

О, Кудай, айланайын Кудайым! Көрүп турасың кантип мен өзүмдүн сүйүүм менен Сенин Абха Падышачылыгыңа жетүүгө умтулуп айкандыгымды ; Сени сүйүүңдүн отуна күйүп, адамзат дүйнөсүнө жетүүгө- Сенин Падышачылыгыңдын кабарчысы ушул кеңири жана учу-кыйра жок өлкөлөрдө сенден башкалардын баарынан баш тарткан, Сага гана ишенген эс алууну жана жайлуулукту унуткан, өзүнүнөн алыста жүргөн, ушул аймактага жалоочу, бир жактан келген жер менен жер болгон. Сенин бийик босогоңдун алдында кулдук урган, Сенин эң жогорку бийлигиңден баш ийген түн болобу же күүчүн болобу Сага сыйынган мен. Жер жүзүнүн чыгыш жагында, батышына сенин окууңду жаратууга жана Сенин өзүңдү мактоого жардам бер.

О, Теңир! Менин билимди бекенде ошондо баарлык күчүм менен кызмат кылууга мага ылайык көр, анан да, ушул аймактарда жалгыз жана жардамсыз мени калтырба.

О, Теңир! Менин жалгызчылыгымда Сен мени менен чогу бол жана ушул мага чочун жайда жер кыдырып жүргөндө менин жандоочум бол.

Чындыгында, Сен ар кимди, кимге эмнени кааласаң,Сага эмне ылайык келсе, ошону Сен колдоого аласың, ошентип, акыйкатьңда, Сен Бардыгынан К уч-ку баттуу суң , Бардыгынан күчт үүсүң.

#4042
- `Abdu'l-Bahá

 

Сыйынуу Кошмо Штаттардагы жана Канададагы бахаилер учун ачылган/

О, Кудай! О, Кудайым! Бардык өлкөлөрдү кара караңгылык кандайча каптады, кантип алар талаш-тартыштардын өртүндө алоолонууда, согуш оту менен кандай кыргын жалыны Чыгыш менен Батышты кучагына алды, көрүп турасың. Кан төгүлүүдө, өлгөндөрдүн денеси жерди каптады, салгылашуу талаларында калды

О теңир! Ушул түшүнбөгөндөрдү ая жана аларга ырайымдуулук жана кечиримдүү көз менен кара. Асман мейкинин жапкан түнөргөн булуттар чачырасын үчүн, ушул түнөргөн караңгылык тарап жана бардык өлкөлөр тынчтыктын эң сонун жарыгы менен жаркылдасын үчүн ушул отту өчүр.

О, Теңир! Аларды жек көрүүчүлүктүн жана душмандыктын айлампасынан куткар, аларды ушул өткөрбөс караңчылыктан чыгар. Алардын жүрөктөрүн бириктир жана алардын көздөрүн тынчтыктын жана ынтымактын жарыгы менен жаркырат. Аларды согуштун жана кан төгүүнүн түпсүз туңгуюгунан сууруп ал жана аларды адашуунун караңгылыгынан бошот. Алардын көздөрүнө көшөгөнү жул жана алардын жүрөктөрүн жетекчиликтин жарыгы менен жарык кыл.Алар менен Сенин адилеттүүлүгүң боюнча эмес жана андан эң эле куч-кубаттуулар да калчылдшкан Сенин каарьң боюнча эмес, а Сенин ак көңүлдүүлүгүң жана ырайымдуулугуң боюнча мамиле жаса.

О, Теңир! Согуш алигиче улантылууда. Кырсыктар жана тынчсыздануулар улам өсүүдө. ошондой эле ар кандай гулдөгөн жерлер ээн талаага айланууда.

О,Тедир! Акыйкатында,оордук адамдардын жүрөктөрүнө жүктөлдү, андыктан жана дүйнөлөргө доо кетти. Ушул бечера жандарды ая жана аларга өздөрүнүн эңсөөлөрүнүн чегине чейин жетүүгө бербе.

О, Теңир! Кимдин жүзү кудуреттин нурлада менен жаркыраса, кимдер сени эске алышса жнла адамдардын арасындагы Сенин касиеттүүлүгүңдүн жыпар жытын таркатса, ошол жоошуган жана баш ийген жандарды Сенин өлкөлөрүңө келтир.

О, Теңир! Алардын бүлчүгүн чыңда, алардын белин бек буу жана алардын жүрөктөрүн Сенин эң улуу сүйүңдүн – жышаандары мене алоолонт.

О, Теңир! Акыйкатында, алар алсыз, ал эми Сен болсо-аласың жана бийик ээсисин алар жардамсыз, а Сен болсо –Жардам берүүчүсүң жана Ырайымдуусуң.

О,Теңир! Кыжыры кайноонун океаны жазданууда,ошондон эле ушул бороондор бардык аймакты кучагына алган Сенин чексиз ак көңүлдүүлүгүң аркылуу гана басылат.

О,Теңир! Акыйкатыңда, адамдар кумарлардын айлампасына калышты, андыктан аларды Сенин чексиз жоомарттыгыңдан белек эч нерсе сактап кала албайт.

О,Теңир! Бузуку кумарлардын караңгылыгын тарат жана жакынкы мезгилде ал аркылуу бардык желкелер жарык боло турган Сенин сүйүүңдүн жарыгы менен адамдардын жүрөктөрүн жаркырат. Сенин сүйгөндөрүңдүн ичинен өздөрүнүн өлкөлөрүн таштап,үй-бүлө жана балдарын калтырып жана Сенин Жыпар жытыңды таркаткыдай жана Сенин окууңду жарыялагыдай болуу үчүн Сенин Сулуулугуңа карай сүйүүнүн урматына бетен аймактар боюнча жер кесип кетишкендерди ыраста. Алардын жалгыздыгында алардын жылдыздыгында алардын жондоочусу, бөтөн жерде жардамчысы, кырсык чалганда сооротуучу, азаптардан арылтуучу бол. Алар үчүн Чаңкоосун кандыруучу жан сергитүүчү суусундук, ооруларынан сакайткан айыктыруучу дары куйкалаган ысыктан сактаган алардын жүрөктөрүнүн мүрөк суусу бол.

Акыйкатында, Сен өтө жоомартсың, ашыкча көп жыргалдын Теңирисиң, ошондой эле Сен,акыйкатында,Жан тартуучусуң жана Ырайымдуусуң

#4043
- `Abdu'l-Bahá

 

Бул сыйынуу күндөлүк окуу үчүн окутуучуларга жана досторгоберилген./

О, сүүктүү Теңир! Сага алкоо, анткени Сен бизге туз жолду көрсөттүң, падышачылыктын дарбазасын ачтың Жашоонун Күнү аркылуу Өзүңдү күрсүттүң. С ок у р л ар г а Сен кжарык тартууладың , дүлөйлөргө угууну бердиң, өлүктөрдү тирилттиң, жакырларга жан тарттың, адашкандарга сен жол көрсөттүң; кимдердин эриндери, кургапкалса, ошолорду булактын башатына карай жетелеп чыгардың; чаңкаган балыкка акыйкат океанына жетүүгө уруксат бердиң, ошондой эле Сен адашкан куштарды ырайымдуулуктун розалуу бакчасына чакыпдың. 0, бардыгынан куч-кубаттуу! Биз Сенин бечара кулдарыңбыз, биз сенден бөлүнүп калганбыз эми сен биз менен чогуу блолушуңа куса болуудабыз, биз сенин булагыңдын чаңкоодобуз, биз сыркоолоп сенин айыктырышыңды күтүп жатабыз. Бардык жандар: «0, Кудай, бизди түз жол менен жетеле» деп үн салышкандай болсун үчүн Сенин жыпар жытыңды таркатуудан бөлөк башка максатка жана үмүткеө ээ болбой, биз Сенин жолуң боюнча кадам таштайбыз. Ылайым, алардын көздөрү ачылсын жана жарыкты көрүшсүн, ошондой эле, ылайым, алар түшүнбөстүктүн карангылыгынан азат алышсын. Ылаыйм, алар Сенин жетекчилигиңди чырагы нын тегерегине чогулушсун.Куру калгандардын ар бири ылайым өзүнүн үлүшүн алсын.Ажырап калган ар ким,ылайым,Сенин сырларыңа аралашсын.

0,Бардыгынан куч-кубаттуу! Бизге ырайымдуулуктун көзү менен кара. Бизге көктөгү жардамды бер. Биз Сага кызмат кылууда жардам алгыдай, ошентип,жылтылдаган жылдыздар сыяктуу Сенин жетекчилигиңдин жарыгы менен ошол аймактарда жаркырап тургудай болуу үчүн Ыйык Рухуңдун деминен бизге тартуула.

Акыйкатыңда сен башкаручусуң, Күч –кубаттуусуң , Акылмансың жана Баамчылсың.

#4044
- `Abdu'l-Bahá

 

Сыйынуу түндүк-чыгыш штаттардын бахаилери үчүн ачылган/

(Кудайлык жыпар жыттарды таркатуучудар ар күн сайын ушул сыйынууну айткыдай болушсун);

О, Теңир, айланайын Кудайым! Сен мени сенин Падышалыгыңдын жолуна жетелеп чыгаргандыгын, үчүн ошол түз жана узунунан кеткен жол менен кадам шилтөөгө мага уруксат бергендигиң үчүн, Сенин эң сонун жарыгыңдын жайбаракат таралышы менен менин карегимди жарык кылгандыгың үчүн, менин угумумду сырлардын дүйнөсүнүн касиеттүү куштарынын сайрашына карай бургандыгың жана менин жүрөгүмдү такыбалардын арасындагы Сенин сүйүүң менен өзүңө тарткандыгың үчүн Сага ыраазылык билдиремин.

О, Теңир! Мен элдердин арасында Сенин Ысмыңдын урматына чакыргыдай жана адамдардын арасында; Сенин Падышачылыгыңдын келгени туурасындагы кубанычтуу кабарды жарыялагыдай болуу үчүн мени Ыйык Рухуң менен колдо.

О, Теңир! Мен алсызмын , андай болгон соң, мени Сенин күч-кубатың менен чыңда.Менин тилим так эмес, андай болгон соң, Сени, эске алууга жана мактоого мага уруксат эт. Мен жалгызмын, андай болсо соң, мага ызат көрсөт жана Сенин Падышачылыгыңа мени киргиз, Мен алысмын, мага Сенин ырайымдуулугуңдун босогосуна карай жакындоого мумкүнчүлүк бер. О, Теңир! Мени жаркыраган жылдыз кыл жана жемиштери менен саймаланган жана өзүнүн бутактары менен ошол аймакты жашырган ак баталуу дарак кыл. Акыйкатыңда, Сен Күчтүүсүң, Күчкубаттуусуң, Тоскоолдукту билбегенсиң.

#4045
- `Abdu'l-Bahá

 

Кудайым Ишинин салтанаты

О, Теңир кагылайын кудайым, ылайым, Сенин Ысмың даңктана берсин! Караңгылык ар кандай өлкөнү каптады, козголоңдун күчтөрү бардык элдерди кучагына алды. Ошентсе да, аларды тепчий өтуп, мен Сенин акылмандыгыңдын жарк этүүсүн көрүүдөмүн жана Сенин алдын ала чийгениңдин ачык жарыгын ажыратуудамын.

Сенден алыстаган ошол адамдар көшөгө сыяктуу Сенин жарыгыдңды өчүрүп, Сенин отуңду басып жана Сенин жыргалыңдын шамалын токтото алабыз деп ойлошту. Бирок анте алышпады-ушунда да, Сенин күч-кубатың мага күбө болду. Качандыр-бир кезде ар кандай кырсыктар Сенин акылмандыгыңдын жол көрсөткүчү жажа ар кандай оор сыноолор-Сенин кудуретиүдин куралы болбосо, эч ким бизге каршылык кылууга, мейли, а түгүл жерде- ги жана көктөгү бардык күчтөр бизге каршы аттанып чыгышпасын, батына алышмак эмес. Мен мага ачык көрүнгөн Сенин акылмандыгыңдын ажайып сыр ларын ачкан кезде Сенин душмандарыңдын башкаруу тизгининин быт-чытын чыгарып талкаламак.

О, айланайын Кудайым, Сен ушундай эле даңктуу бол! Сенин Эң улуу Ысмын менен: Сенин ырайыңдан сызылып аккан Мыйзамдын тегерегине Сага ашык болгондорду чогулт, андыктан аларга алардын жүрөктөрүндөгү ише-нимдүүлүккө эмне уяласа, ошону аларга жөнөт.

Сен эмнени кааласаң аны сенин жүзөгө ашырууга бийлигиң бар. Сен, акыйкатыңда Коптуулукта Жардамчысың, Өзүң жаралгансың.

#4060
- Bahá'u'lláh

 

О,Теңир! Сенин кудайлык Бирдигиңдин Дарагынын тез өсүмүн бер;

О,Теңир,Сенин ырайымыңдын сууларынын агыны менен аны сугар жана ага Сенин Кудайлык жардамыңдын ачылыштарынын катышуусунда Сени даңктоо жана көкөлөтүү үчүн,Сени алкоо жана Сага ыраазылык билдируу учун Сен кандай жемиштерди алып келүүнү кааласаү, ошону бер; Сенин Ысмыңды көкөкөлөтүүгө, Сенин Маңызыңдын бирдигин мактоого жана өзүнүн аздектөөсүн Сага алып келүүгө ага мүмкүнчүлүк бер, анткени ушулардын бардыгы, башка эч кимдин эмес, Сенин колуңда.

Сен кимдердин каны менен Сени жарыялоонун Дарагын сугарууну тандап алсаң, ошолорго жана Сенин ыйык жана бузулгус сөзөңдө көкөлөткөндөргө ак батаң улуу.

#4061
- The Báb

 

Күйөөлөр үчүн

О, Кудай, айланайын Кудайым! Сага ушул күн аял Сага ишенип,өзүнүн жүзүн Сага карай буруп,Сага жалынат,ошондой эле ага Сенин Рухий жоомарттыгыңды берүүнү, анын алдында Сенин Рух сырларыңды ачууну жана ага Сенин Маңызыңдын жарыгын төгүүнү сурап сыйынат.

О, айланайын Теңирим! Менин күйөөмдүн көздөрүнө көрүүнү бер. Анын жүрөгүн Сен жөнүндөгү билимдин жарыгы менен кубант, анын акыл-эсин Сенин нурланган сулуулугуңа карай тарт, анын рухун Сенин анык улуулугуңдун ачылышы менен көтөр.

О, кагылайын Теңирим! Анын карегинен көшөгөнү түшүр. Ага Сенин мол жоомарттыгыңды төк, аны Сага карай сүйүүнүн шарабы менен мас кыл, аны ким буттары жерди таканчыктап, ал эми жаны жогорку асманда кайкып учса,ошону Сенин периштелериңдин биринен кыл. Ылайым, ал Сенин элиңдин арасында Сенин акылмандыгыдын жарыгын шооланткан, апачык чырак болуп калсын.

Акыйкатында, Сен Баалуусуң,Түбөлүк Бөлүштүрүүчүсүң,Жоомарт,Сый-корсуң.

#4051
- `Abdu'l-Bahá

 

Кыйынчылыктар жана сыноолор

Кимдин сыноолору, Сага эмне жакын болсо, ошолор үчүн айыктырар каражаттын маңызы. Кимдин кылычы-ким Сени сүйсө, ошолордун бардыгынын казуу эңсөөсү, Кимдин жебеси-Сага куса болгондордун жүрөктөрүнүн эң кымбат каалоосу, Кимдин буйругу-Сенин акыйкатыңды тааный тургандардын жападан жалгыз үмүтү болсо,ошол,о,Сен! Менин Кудайлык шириндигиң менен жана Сенин ажарыңдын даңкынын улуулугу менен: Сага карай жакындоого бизге эмне уруксат берсе, ошону Сенин тоолук тургундарыңдан бизге төмөн жөнөт, - деп Сага сыйынам. О, айланайын Кудайым, Сенин Ишиңде биздин тамандарыбызды чыңда, биздин жүрөктөрүбүздү Сенин билимиңдин жаркырашы менен агарт жана Сенин ысымдарыңдын жарыгы менен биздин жан дңйнүбңздү жаркылдат.

#4062
- Bahá'u'lláh

 

0, Теңир, айланайын Кудайым, Сага даңк! Ар кандай баамчыл адам Сенин үстөмдүгүңдү жана Сенин өкүмчүлүгүңдү тутунушат,ошондой эле ар кандай көрөр көз Сенин улуулугуңдун жогорулугун жана Сени күч-кубатыңдын багындыруучу күчүн ажырата билет. Сыноолордун шамалы ким Сага карай жакындыкты, Сенин даңкыңдын асман мейкинине карай өзүнүн жүзүн бурууну ылайык көрсө, ошолорго жолтоо болууга алсыз,ошондой эле азгырыктардын бороону,ким Сага,Сенин сарайыңа жетүүгө баш-оту менен берилген болсо,ошолорго тоскоолдук кыла албайт.

Ырас, Сага карай сүйүүнүн чырагы алардын жүрөктөрүндө алсолонуу-да, ошондой эле Сенин назиктигиңдин жарыгы алардын көкүрөктөрүндө болбулдапп жанууда! Кырсыктар, аларды Сенин Ишиңден алыстатуу күчүңдө эмес ошондой эле тагдырдын оомалуу-төкмөлүүлүгү аларды Сен каалагандан бурулууга мажбур кыла албайт.

0, айланайын Кудайым, алар учун жана кимдердин жүрөктөрү Сени менен ажырашуусунда азап тартса, ошол үшкүрүүлөр үчүн: аларды Сенин душ-мандарыдңдын каарынан сакта жана алардын жан дүйнөлөрүн, кимдерди кор-кунуч кучагына ала албаса жана кимдер азапка дуушар болбогон болсо, ошол Сенин сүйгөндөрөң үчүн Сен эмнени багыштаган болсоң,ошолор менен азыктандыр.

#4063
- Bahá'u'lláh

 

0, кагылайын Кудайым,ь мага ар тараптан азаптардын жабылгандыгы бүтүндүй толугу менен Сага белгилүү жана Сенден белек,эч ким аларды кубалоого жана жеңил чыгууга күчү келбейт. Сага карай менин сүйүүмдун аркасында мен-акыйкатында-бактысыздык адамды жүдөтсүн үчүн, эгерде эле Сен анын абалын Сенин асмандагы Бейишке көкөлөтүү жана бул дүйнөнүн убаракерчилигине карай ийилбегидей болсун үчүн Сенин бардыгын жөңүүчү күчүң менен аны коргоп, ушул жердеги турмушта анын жүрөгүн чыңдоо ниетинде болбосоң, Сен эч качан ага жол бербейсиң. Акыйкатында, ар кандай шарттарда, көктө жана жерде эмне болсо, бардыгын ээлөөдөн мурда мен жакшысы Сени -эске алууну бөпөлөй тургандыгым Сага белгилүү.

0, айланаыйн Кудайым, Сага башымды ийүүдө жана Сага болгон суйүүдө менин жүрөгүмдү чында жана Сенин душмандарыңдын тобунан тышкары калууга мени ылайык көр.Акыйкатыңда,Сенден белек, мен эч нерсеге умтулбайм, Сенин ак көңүлдүүлүгүңдөн бөлөк,эч нерсени каалабайм,ошондой эле Сенин адилеттүүлүгүңдөн белек, эч нерсени кабыл албайм,-деш,Сенин даңкың менен ант берем. Мени жана Сен кимди сүйсөң,ошолорду,эгерде Сенин эркине туура келсе, кечир, деп Сага сыйынам. Акыйкатында, Сен Бардыгынан күч-кубаттууң, Бардыгынан жоомартсыд.

0, көк менен жердин Теңири,бардык адамдардын алкоосунда Сен чексиз көкөлөдүң; андыктан, ылайым, Сенин ишенимдүү кулдарыңа тынчтык боло берсин, ал эми Кудай, бардык дүйнөлөрдүн Теңири, ылайым, даңктала берсин.

#4064
- The Báb

 

Кыска милдеттүү намаз

О, Кудайым, Сени таанысын деп жана Сага табынсын деп, Сен мени жараткандыгыңа күбө өтөм. Ушул саатта өзүмдүн алсыздыгым жана Сенин кудуретиңе, өзүмдүн жарабагандыгыма жана Сенин – берекелүү молчулугуңа күбө өтөм. Коркунучта Жардамчы, Өзү жаралган, Сенден бөлөк, Кудай жок.

#3954
- Bahá'u'lláh

 

Маркумдар туурасыңда

Маркумду жайга коёр адыңга окулуучу жаназа

«Маркумдудар боюнча сыйыну 15 жаштан жогору бахаилер окуга тийиш. Дан жалгыз биргелешип окуучу милдеттүү сыйынусу: аны дигчилердин ичинен бирөөсүгана окуйт, бул учурда катышип отургандардын бардыгы үндөбөй турушат. Бахаулла… аны окуу маркумду көмүүдөн мурда болуп өтүүгө тийиш жана аны окуунун учурунда Кыбланы карай бурулуунун зарылдыгы жок экендигин көрсөтөт"/Китаб-и-Агдастан алынган, 10-экс./

О, айланайын Кудайым! Ушул Сенин кулуң жана Сага жана Сенин аятына ишенген жана Сенден башкалардан барынан Сага карай жүзүн бурган Сенин Кулуңдун уулу. Акыйкатында сен кайрымдулулар болуп саналгандардын бардыгынын ичинен Сен өтөө кайрымдуусуң.

Ким адамдардын күнөөлөрүн кечирсе жана Сенин жоомарттыгыңдын асманына жана Сенин жыргалыңдын океанына ылайык келген сыяктуу алардын кылык-жоруктарын жашырса, ошол О, Сен! Аны менен ошондогудай мамиле жаса, Жер менен көктүн жаратылышына негиз салган өзүңдүн карамагына кабыл ал. Түбөлүк кечиримдүү, Өтө жоомарт, сенден бөлөк, Кудай жок.

Мындан кийин сыйынууну окуучу алты ирет: “Алла-у-Абха” сөзүн кайталагыдай болсун, андан сон төмөнкү саптагы ырлардын ар бирин он тогуз жолу кайталайт.

Биз бардыгыбыз, акыйкатында, Кудайга табынабыз.

Биз бардыгыбыз, акыйкатында, Кудай алдында жүгүнөбүз

Биз бардыгыбыз, акыйкатында, Кудайга берилгенбиз

Биз бардыгыбыз, акыйкатында, Кудайды даңазалайбыз

Биз бардыгыбыз, акыйкатында, Кудайга ыразылык билдиребиз

Биз бардыгыбыз, акыйкатында, Кудайга шүгүр, сабыр кылабыз.

Эгерде жаназа маркум аялга окулуп жатса, окуучу: « Бул өз күнүң күнүңдүн кызы деп келип анан андан кийки сөздөр окулат» /

#4065
- Bahá'u'lláh

 

О, Теңир, айланайын Кудайым , Сен даңктуусуң! Ылайым, Сенин, маанисин эч качан жоготпогон бийлигиңдин күчү менен кииди көкөлөтсөң, ошону Сен басынтпайсың, ошондой эле Сенин түбөлүктүүлүгүңдүн жайына кирүүнү Сен кимге ылайык көрсөң,ошону Өзүңдөн алыстатпайсың. 0, айланайын Тецирим, Сенин Өкүмчүлүгүң менен Сен кимди оюңа алсаң., ошондон Сен ырас эле аза кече-сиңби,ошондой эле,о,менинЭңсеем,Сен кимге жашырынар жай болсоң, ошону четке түртүп чыгарасыңы? Кимди көкөлөтсөң, ошону Сен төмөн таштаба же Сенин эске алууга кимге уруксат берсең, ошону уланта аласыңбы?

Сен даңктуусуң, ченемсиз даңктуусуң Ким байыркы замандан бери бардык жаратылгандардын Падышасы жана анын Баштапкы Кыймылдаткычы болсо, Ошонун өзү, Сен, андыктан кылымдар бою Сен бардык жаратылгандардын Орноштуруучусу жана Теңири болуп кала бересиң. О, кагылайын Кудайым, Сен даңктуусуң! эгерде Сенин кулдарыңды Сен Өзүңдүн ак көңүлдүүлүгүңдөн ажыратсаң, анда аларга карай ким ак көңүлдүүлүгүн көрсөтөт? Ошондой эле эгерде Сенин сүйгөндөрүңдү Сен колдоодон ажыратсаң, анда аларга жардамга ким келет?

Сен даңктуусуң, ченемсиз даңктуусуң! Сенин акыйкатыңа Сен ашыксың, андыктан Сага биз бардыгыбыз табынабыз; Сенин адилеттүүлүгүң менен Сен Келгенсиң, андыктан биз, бардыгыбыз, акыйкатында, Сен туурасында күбө өтөбүз. Сен, акыйкатында, Сен туурасында күбө өтөбүз. Сен, акыйкатында, Сенин ырайымдуулугуңда сүйкүмдүүсүң. Коркунучта Жардамчы, Өзү жаралган Сенден бөлөк Кудай жок.

#4066
- Bahá'u'lláh

 

Ал Кудайдын өзү, көкөлөтүлгөн, ырайымдуулуктун жана жоомарттыктын Теңири!

О, айланайын Кудайым, Бардыгынан күч-кубаттуу Теңир, Сен даңктуу бол! Мен Сенини бардыгынан күч-кубаттуулугуң жана Сенин күчүң, Сенин өкүмчүлүгүң жана Сенин сүйкүмдүү камкордугуң, Сенин ак көңүлдүүлгүң жана Сенин бийлигиң, Сенин жападан жалгыз Жандыгың жана Сенин бөлүнгүс Маңызың, дүйнө тиричилигинин үстүндөгү жана анда эмне болсо, ошолордун бардыгынын үстүндөгү Сенин ыйыктыгың жана көкөлөгөндүгүң жөнүндө күбө өтөмүн.

О, менин Кудайым, Сени бекем кармап, Сенден бөлөк, бардык нерселерден менин аша кечкендигим жана Сенин жоомарттыгыңдын океанына карай, Сенин ырайыңдын асманына карай жана Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн Күндүзгү Жылдызына карай өзүмдүн жүзүмдү бургандыгымды Сен көрүп турасың.

Теңир! Мен Сенин кулуңду Сенин Ишенимиң менен Сенин үлүштөгөнүңөн жана дүйнөгө жашоону Сен кимге берсең, ошол Рухтун өзү экендигине күбө өтөмүн.

Сенин Ачылышыңдын Жарыгынын эң сонундугу менен – ал Сенин күндөрүңдө эмнеге жетишсе, ошонун бардыгын андан изги ниет менен кабыл ал, -деп Сенден сурайм. Сенин Ырайыңдын даңкынан алууга жана Сенин жагымдуулугуң менен жасалгаланууну ага ылайык көр.

О, айланайын Теңирим! Бардык жаратылгандар менен Сенин күч-кубаттуулугуң туурасында мен күбө өтөмүн жана Сенин көктөгү журтуңда, Сенин жогорудагы бейишиңде, Сенин жакындыгыңдын турагында, о, Сен, бардык адамдардын Теңири, Сага карай көкөлөтүлгөн ошол рухту четке түртпө, - деп Сага жалынамын!

О, айланайын Теңирим, кимдин же калеми, же тили баяндап берүүгө күчү келбеген Сенин көктөгү журтуңда болуп, Сенин тандалмаларың, Сенин касиеттүүлөрүң жана Сенин элчилериң менен пикир алышууга Сенин уруксат эт.

О, айланайын Теңирим! Ушул байкуш, акыйкатында, Сенин молчулугуңдун Падышачылыгына, ушул жолоочу- Сенин чектериңдеги өзүнүн үйүнө, ушул чаңкоочу – Сенин жоомарттыгыңдын көктөгү агынына умтулду. О, Теңир, Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн тоюндагы үлүштөн жана Сенин жоомарттыгыңдагы белектерден аны айырба. Сен, акыйкатында, Бардыгынан күч-кубаттуусуң, Ак көңүлсүң, Өтө жоомартсың.

О, кагылайын Кудайым! Сенин Ишенүүң Сага кайтарылган эле. Жердеги жана көктөгү Сенин ээлигиңди кучагына алуу, Сага келгендерге Сенин белектериң менен, Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн дарагынын сыйлыктары жана жемиштери менен үлөштүрүү Сенин ырайымдуулугуң жана Сенин жоомартыгыңа ылайык келет! Сенин эркиң боюнча жүзөгө ашырууга Сенин бийлигиң бар; Ырайымдуу, Бардыгынан жоомарт, Жан тартуучу, кайымдуу, Кечиримдүү, Сүйүктүү, Бардыгын жетектөөчү Сенден бөлөк, Кудай жок.

О, айланайын Теңирим, адамдарга меймандарына сый көрсөтүүгө Сен эмнени жазсаң, ал эми ким Сага карай көкөлөсө, ошол, акыйкатында, Сага жеткендигине жана Сенин Катышып отурууңа ээ болгондугуна күбө өтөмүн. Алар менен Сен ак көңүлдүүлүгүң жана жоомарттыгыңа жараша мамиле кыл! Сенин улуулугуң менен ант берем, Сенин кулдарыңдан Өзүң эмнени жазган болсоң, ошону Сенин токтотпой бере тургандыгыңды, ошондой эле Ким Сенин жоомарттыгыңдын учугунан кармап алса жана Сенин молчулугуңдун Күндүзгү Жарыгына карай көкөлөсө, ошону куру кайтарбастыгыңды накта мен билемин.

Бирдиктүү, Жападан жалгыз. Күч-кубаттуу, Бардыгын жетектөөчү, Бардыгынан жоомарт Сенден бөлөк, Кудай жок.

#4067
- Bahá'u'lláh

 

О, айланайын Кудайым! О, Сен! Күнөөлөрдү кечирген ырыскы жөнөткөн кырсыктан арылткан Кудурет.

Акыйкатында, Сага сыйынып келме келтирген: өз денесин таштап жан учуп кеткен Маркумдардын күнөөлөрүн кечир. О, кагылайын Теңирим! Аларды күнөөдөн тазалап, алардын кайгы-капасын кубалап, Алардын караңгы түнүн жарык кыл. Алар бакыттын бейиштин бакчасына кирсин, рахым туптунук мөлтүр сууга чайка ошондо, алар эң бийик чокудан Сенин эң сонундугуңду көрүшсүн!

#4068
- `Abdu'l-Bahá

 

О, айланайын Кудайым! О, жараткан Теңир! Мына Сенин алдында Сенин кулуң, Сенин Улуу жаратылышыңдын артыкчылыгыңа моюн сунган, Сенин бирдик дарбазаңдын алдында баш ийип жүгүнгөн, Акыйкатта Сага жана Сенин ырларыңа ынанды, Сенин сүйүүңдүн оту менен жалындады, Сенин билимдериңдин океанынын терегиңе чөктүү, Сенин желаргың мене алагды болду, Сага ишенди, Сага карай өзүнүн жүзүн бурду, Сага карай өзүнүн сыйынуулардын көкөлөттү жана Сенин кечиримиңе жана кечирим берүүңө көзү жетти. Ал ушул аасыз жашоону калтырды жана Сени менен жолугууга үмүт артып, өлбөстүктүн Падышачылыгына карай кайкып учту.

О, Теңир, анын абалын жогорулат, Сенин эң улуу ырайымдуулугуңдун чатырында аны жашыр, ага Сенин таң калтырган Бейишиңе кирүүгө уруксат бер жана сырлардын дүйнөсүндө ал жарыктын деңизинде чөгөрүлгөн болсун үчүн Сенин көкөлөтүлгөн розалуу багыңдагы анын тиричилигин түбөлүккө калтыр.

Сен, акыйкатында, Жоомартсың, Күч-кубаттуусуң, Кечиримдүү жана Сыйкорсун.

#4069
- `Abdu'l-Bahá

 

О, Сен, кечирүүчү Теңир! Башка жандар өздөрүнүн жашоосунун күндөрүн билбестиктен өткөрүшкөн, бөлөксүнтүлүп жана ээн баш болуп калган болсо да, баары бир Сенин кечиримиңдин океанынын бирдиктүү толкуну кимде-ким күнөөлөргө чулганган болсо, ошолордун бардыгын бошотот. Сен кимди кааласаң, Сенин ишенимдүүң болот, ал эми кимдер-бирөөлөр Сен тарабынан тандалбай-күнөөлүүлөрдүн катарында саналат. Качандыр бир кезде Сен бизди Сенин адилеттүүлүгүңө жараша соттогон болсоң, биз бардыгыбыз Сенден ажыроо кызматын өтөгөн күнөөлүүлөр аталып калар элек, бирок Сен качандыр-бир кезде Сенин ырайымдуулугуңдун көрсөткөн болсоң, ар кандай күнөөкөр тазаланар жана ар кандай бөлөксүнтүлгөн дос болуп калар эле. Ошондуктан бизге Сенин кечиримиңди жана кечирим берүүңдү тартуула жана бизди Сенин ак көңүлдүүлүгүң менен жылмайт.

Сен Кечиримдүүсүң, Жарык берүүчүсүң, Бардыгынан күч-кубаттуусуң.

#4070
- `Abdu'l-Bahá

 

О, Кудай, айланайын Кудайым

О, Кудай, айланайын Кудайым, менин кайгымды Сенин белектериң жана Сенин жоомарттыгың менен тарат. Менин сагынычымды Сенин Күч-кубаттың жана Сенин күчүң менен кубала. О, менин Кудайым, мен тараптан кырсыктар менен курчалган кезде ушул саатта менин Сага карай кандайча жүзүмдү бурганымды Сен көрүп тарусың, бардык жандардын Теңири, адамдардын жүрөктөрүн жана жан дүйнөсүн Сен багындырган Сенин ысмың менен, ошондой эле Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн Океанынын толкундары менен, Сенин жоомарттыгыңдын Күндүзгү Жылдыздарынын жаркырагы менен Сага айтсам: о, бардык Ысымдардын Теңири жана асандарыдн жаратуучусу, кимге Сага карай өзүнүн ажарын бурууга эч нерсе жолтоо кылбаса, мени ошолордун катарында сана, - деп Сага сыйынам.

О, айланайын Теңирим, Сенин күндөрүңдө мына башка түштү, Сен көрүп турасың. Ким Сенин ысымдарыңдын Таңынын жана Сенин сапаттарыңдын Чыгышынын өзү болсо, Ошонун ысмы менен Сага кызмат кылууга көтөрүүлүгө жана Сенин жакшы жактарыңды көкөлөтө мактоого мага эмне жардам берсе, ошону мен үчүн аныкта, - деп Сага сыйынам. Сен, акыйкатында, Бардыгынан күч-кубаттуусуң, бардык адамдардын сыйынууларына жооп берген Өтө күчтүүсүң.

Ошентип, акыр-аягында, Сенин ажарыңдын жарыгы менен: менин Иштериме ак батаңды бер, менин карыздарымдан кутулт жана менин жокчулугумда мага бер, - деп Сенден суранам. Сенин күчүң жана Сенин үстөмдүгүң туурасында ар кандай тилдер күбө өтөт, Сенин улуулугуңду жана Сенин өкүмчүүлүңдү ар кандай акыл-эстүү жүрөк тааныйт. Ким назар салып жана жооп берсе, Ошондон, Сенден бөлөк Кудай жок.

#4012
- Bahá'u'lláh

 

О, айланайын Кудайым, Сен мактоого татыктуу, даңазалуунун даңктуусуң! Сени сүйгөндөрдүн үшкүрүгү жана Сени көрүүнү эңсегендердин төгүлгөн көз жашы мени Сенин Күнүңдө Сенин назик ак көңүлдүүлүгүңдөн мени тыйба жана Сенин жаркылдаган ажарыңдын жарыгы алдында Сенин жалгз жашагандыгыңды мактай турган Көгүчкөндөрдүн ырларынан мени айрыба, ү деп Сага жалбарамын. О, кагылайын Кудайым, мен бактысызмын. “Бардыгына ээлик кылуучу” Сенин ысмыңдын мен кандайча карманып турам, кара. Мага өлүү жазылтан; “Чирибес” Сенин ысмыңды мен кандайча карманып турам, кара. Ошондуктан Көкөлөтүлгөн, Бардыгынан жогорору, Сенин Өзүң менен: менин өзүмө мени таштап салба, жана жамандыкка ыктаган менин кумарларым менен мени жалгыз калтырба. Сенин күч-кубаттуу колуң менен менин колумду карма, менин кыялдарымдын жана курулай ойлорумдун терегинен мени эркиндикке чыгар жана Сага эмне жагымсыз болсо, ошолордун бардыгынан мени тазала.

Сага баш-отум менен кайрылууга, бир Сага гана үмүт кылууга, Сенден жашырынар жай издөөгө жана Сенин ажарыңа карай умтулууга мүмкүнчүлүк бер. Өзүнүн күч-кубаттуулугунун бийлиги менен эмнени кааласа, ошонун бардыгын жасаган, ошондой эле Өзүнүн эркин күчү менен эмнени тандаса, ошону буйруган, Ошол, Сен. Сенин буйругуңа эч ким каршы тура албайт; Сен тарабынан алдын ала чийилген нерсени өзгөртүүгө эч кимдин күчү жок. Сен акыйкатында, Бардыгынан күч-кубаттуусуң, Бардыгынан күчтүүсүң, Бардыгынан жоомартсың.

#4013
- Bahá'u'lláh

 

О, Кудай, айланайын Кудайым! Менден алыстаба, анткени азаптын артынан келген азап мени кысымга алат. О, Кудай, айланайын Кудайым! Өзүм менен өзүмдү калтырба, анткени мага бактысыздыктын эң жаманы келди. Сенин казик камкордугуңдун көкүрөгүнөн чыккан таза сүттү мага ичүүгө бер, анткени менин чаңкоом мени азапка салды. Сенин ырайымдуулугуңдун канатынын көлөкөсү алдында мени калкала, анткени мени душмандарым, бардыгы бирдей мага чечкиндүү кол салышты. Сенин улуулугуңдун тактысына карай, Сенин даңкыңдын жышаандарынын ачылышы менен бетме-бет мени жакындат, анткени бактысыздык мени жаныма батып тийип турат. Мени Сенин Түбөлүктүүлүгүңдүн Дарагынын Жемиштери менен азыктандыр, анткени чектен тышкары алсыздык мени жеңип алды. Сенин ырайымдуу камкордугуңдун колдору сунулган кубанычтын чөйчөгүнөн мени азыктандыр, анткени сансыз кайгы-капа оор түйшүгү менен мени басты, Сенин бардыгынан күч-кубаттуу өкүмчүлүгүңдүн тигилген көйнөгүн мага кийгиз, анткени кедейлик акыр-аягына чейин мени жакырлантты. Сенин Түбөлүктүүлүгүңдүн Көгүчкөндөрүнүн күркүлдөөсү алдындамага уктоого уруксат эт, анткени каардуу чабуулдар менин үлүшүмө туура келди. Сенин жалгыз жашооңдун тактысы алдында, Сенин ажарыңдын сулуу жардылдоосунун ичинде мага аралашууга уруксат бер, анткени коркуу ажан аеосуз калчылдоо менин кыйратышты. Сенин кечиримиңдин океанына, даңктын үйрөтүлбөгөн арстанынын азуусу алдында мени жүктө, анткени өзүмдүн күнөөлөрүм менен акыр-аягында мен айыпталдым.

#4014
- Bahá'u'lláh

 

Кыйынчылыктардан Кудайдан башка ким куткарат? Айт: Кудайга даңкт! Ал Кудайдын өзү! Бардыгы Анын кулдары жана бардыгы Анын буйругун аткарат.

#4015
- The Báb

 

Айт: Кудай баарына берет, жана бардыгынан жогоруу турат. Кудайдан бөлөк эч ким: көктө да, жерде эч нерсе бербейт. Акыйкатында, Күч берүүчү, Бардыгынан күч-кубаттуу, Ал өзүн өзүн башкарат.

#4016
- The Báb

 

О, айланайын Кудайым, Сенин күч-кубатың менен Сага сыйынам! Сыноо күндөрүндө мени каар каптабасын үчүн кое бербе, ошондой эле менин бейгам кезеңдеримде менин тамандарымды Сенин дем берүүчү күчүң менен туура жол боюнча жөнөт. Сен-Кудайсың, андыктан эмнени эңсесең ошону жүзөгө ашырууга Сен экртүүсүң. Сенин эркиңе каршы чыгууга же Сенин ойлоруңду аткарууга жолтоо болууга эч кимдин алы жок.

О, Теңир! Сен аркандай азаптардан куткаруучусуң жана кандай гана кайгы болбосун Четтетүүчүсүң. Ким кандай гана капа болбосун аны кубалап жана ар кандай кулчулуктан куткарган болсо, Ошол Сениң, Сен ар кандай жандардын күнөөсүн Жууйуң. О, Теңир! Сенин ак көңүлүгүң менен кутулууну тартуула жана куткарылууга ээ болгон Сенин кызматчыларыңдын ичине мени да кошо сана.

#4017
- The Báb

 

О, айланайын Кудайым! О, кагылайын Кудайым, Сенден бөлөк, эч ким менин жан дүйнөмдүн убайымын жеңилдете албайт, андыктан Сен-менин өтө жогорку умтулуумсуң. Менин жүрөгүм Сени менен жана Сен кимди сүйсөң, ошону менен гана сөз байлаган. Менин өмүрүм да, өлүмүм да, Сага таандык экендигин салтанаттуу түрдө билдирем. Акыйкатында, Сен салыштырылгыссың жана теңдешсизсиң.

О, айланайын Теңирим! Сени менен менин аралыгыбызга менин тосмо тургузгандыгым үчүн мени кечирип коюңду суранып,Сага сыйынам. Сенин абалыңа туура келгендегидей Сен Өзүң жөнүндө кабарлап жана Сени эскерүүгө мени буйрусаң да, мен Сени татыктуу түрдө тааный жана Сага жүгүнө албагандыгымды Сенин даңкың жана улуулугуң менен ант берем. О, менин Теңирим, эгерде менин кылык- жоруктарым жана жасаган кунөөлөрүм үчүн мени Сен жоопко чакыра турган болсоң, мени оор кырсыктар басат. Сенден бөлөк башка жардамчыңы мен билбеймин. Сенден бөлөк мен жашына ала тургудай башка жашынчу жайды көргөнүм жок, Сенин уруксатыңсыз Сенин жараткандарыңдын ичинен эч ким Сага карай чакырууга батына албайт. Сенин сотуңдун алдында мен Сенин сүйүүңө гана үмүт артам, ошентип, Сенин буйругуңду ээрчип, Сенин даңкыңа ылайык келгендегидей Сага ынталуу сыйынам. Сен тарабынан убада кылынгандай, менин сыйынымдуу угуп кой деп Сенден суранам. Акыйкатында, Кудайдын өзү Сенсиңң; Сенден тышкары, башка Кудай жок. Ар кандай жардамсыз, бир /Өзүң бардык жаратылгандарга көз каранды эмессиң. Сени сүйгөндөрдүн берилгендиги да Сага пайда алып келбейт,динсиздердин кара ниет иштери да, Сага зыянын тийгизе албайт.ким Өзүнүн убадаларын эч качан бузбаса, ошол Сен, Сен менин Кудайымсың.

О, айланайын Кудайым! Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн белгилери менен Сенин касиеттүү катышып отурууңдун эң бийиктигине карай жакындоого мага уруксат бер жана Сенден бөлөк, кандайдыр-бир кичинерээк эске алуулардан мени сакта,-деп мен Сага сыйынам. О,менин Кудайым, Сен эмнени эңсесең жана ылайык көрсөң, менин басыгымды ошого карай жөнөт. Сенин Күч-кубатың менен Сенин каардуу ачууңдан жана жазаңдан мени корго, ошондой эле Сага ылайыксыз келген жерлерге катышуудан мени карма.

#4018
- The Báb

 

О, Теңир, айланайын Кудайым менин бактысыз кундөрүмдө менин Токтой турган жайым! Менин Калканым жана менин кырсык чалган күндөрүмдөгү Жашырынаар жайым!

Менин Калканыч жайым жана кыйын сааттарда Жашырынып баш калкалар жайым, ошондой эле менин обочо жашоомдо-менин Жандоочум! Менин жапа чеккенимде –мени Сооротуучу, ошондой эле менин жалгыз калганымда сүйгөн Досум! Менин Күйүтүмдүн оорусун четтетүүчү жана менин күнөөлөрүмдү мага Кое берүүчү!

Мен сага карай баш –отум менен кайрылам жана бүтүндөй жүрөгүм, ойлорум жана сөздөрүм менен: ошол Сенин ыйык бирдигиңдин жыйындысында Сенин каалаганыңа карама –каршы келген бардык нерселерден мени сакта, тазалыкта жана кынтыксыздыкта, Сенин жыргалыңдын дарагынын көлөкөсүндө мага издөөгө шылтоо болгон ар кандай ыпластыктардан мени куткар, -деп Сага кызуу сыйынам.

О, Теңир, алсыздарга ак көңүлдүүлүк кыл, сыркоолорду айыктыр жана чаңкаткан суусунумду кандыр.

Сенин сүйүү отуң жылыткан көкүрөктү кубант, ошондой эле Сенин көктөгү сүйүүңдүн жана рухуңдун жалыны менен ошол отту тутант.

Кудайлык бирдиктин жамынчысын касиеттүлүктүн кийиминде кийиндир жана Сенин ырайыңдын таажысын менин башыма салтанат менен кийгиз.

Менин жүзүмдү Сенин жоомарттыгыңдын жарыгынын жыркылдашы менен жаркырат жана мага Сенин ыйык босогоңдо кызмат кылууга ак көңүлүң менен жардам бер.

Менин жүрөгүмдү Сенин жараткандарыңа карай сүйүүң менен толтур жана Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн белгиси, Сенин жыргалыңдын жышааны, Сенин сүйгөндөрүңдүн ортосундагы ынтымактын зикир чалуучусу, Сага берилген, Сага алкоону айтуучу, өзү жөнүндө унутуп калуучу, бирок Сенин бар экендигиң жөнүндө өзгөрүүсүз эстөөчү болуп калууну мага бер.

О, Кудай, кагылайын Кудайым! Сенин кечиримиңдин назик желаргысын менден аяба жана Сенин жардамыңдын жана Сенин ырайыңдын булактарынан мени айырба.

Сенин канаттарыңдын көлөкөсү алдында мага уя салууга уруксат бер жана Сенин бардыгын кайтаруучу көзүңдүн карашын мага бур.

Сенин элиңдин арасында Сенин ысмыңды мен даңктагыдай болсун үчүн, менин үнүм улуу жыйындарда жогорулагыдай жана менин эриндерим Сени алкоонун агыны дуу коюп аксын үчүн менин оозумдун кулпусун ач.

Сен, акыйкатыңда, Жакшылыксың,Даңктуусуң,Күч-кубаттуусуң,Бардыгынан күчтүүсүң.

#4019
- `Abdu'l-Bahá

 

Ал Жан тартуучунун, Бардыгынан жоомарттын өзү!

О, Кудай, кагылайын Кудайым! Сен мени көрүп турасың, Сен мени билесиң; Сен менин калкаланар жана жашынар жайымсың. Мен эч нерсени издеген жокмун жана Сенден бөлөктү издебеймин; мен эч кандай чыйыр менен баскан жокмун жана сенин сүйүүңдүн чыйырынан бөлөк, эч кандай чыйыр менен баспаймын. Таптакыр үмүт үзүүнүн көзгө сайса, көрүнгүс караңгылыгында менин үмүт жана тилекке толгон менин карегим Сенин чексиз ак көңүлдүүлүгүңдүн шоокумун тосуп тигилет, ошондой эле таң алдындагы саатта менин суй жыгылган жан дүйнөм Сенин сулуулугуңду жана жеткиликтүүлүгүңдү эске алуу менен сергийт жана чыңдалат. Кимге Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн жыргалы жардам берген болсо, ошол, мейли ал кичинекей тамчы гана болсун, кийин ал чеги жок океан болуп калат, ошондой эле Сенин назик камкордугуңдун төгүлүшү менен колдоого алынган эң эле майда бөлүк болсун, жылтылждаган жылдыз сыяктуу жымыңдайт.

О, Сен , Күнөөсүздүктүн Руху, Ким Баардыгынан жоомарт, Сыйкор болсо, ошол Сен, ушул Сенин татынакай, жалындуу кулуңа –Өзүңдүн коргооңдун алдында тун+өк бер. Ушул дүйнөдө жашаган ага Сенин сүйүңдө туруктуу жана бекем болууга жана ушул канаттары сынган кушка көктөгү даракта кылымдар бою бекемделген Сенин кудайлык уяңдагы жашырынар жана калкаланар жайга жетүүгө жардам бер.

#4020
- `Abdu'l-Bahá

 

Окуунутаркатуу

О, айланайын Кудайым, Сенин Сөзүңдү даңазалоого жана жалгандыктан качууга акыйкатты ырастоого касиетүү ырларды таркатууга, улуулукту ачууга жана таң нурдун чачыратууга ишенимчүлөрдүн жүрөктөрүндө сөз калууга жардам бер.

Сен акыйкатында, Жоомартсың, кечиримдүүсүң.

#4039
- `Abdu'l-Bahá

 

О, Кудай, кагылайын Кудайым! Сүйгөн жана назик жүрөктөргө ээ болууга жана Жогорудагы бир топ кишилерден чыга турган жетекчиликтин жарагын жер жүзүндөгү барыдк элдердин арасында тутантууга Өзүңдүн ишенимдүү кулдарыңа жардам бер. Сен акыйкатында, Күчтүүсүң, Өкүмчүлсүң, Күч кубаттуусуң, Бардыгын багынтуучусуң, Түбөлүк Сыйкорсуң, Сен акыйкатында Молсуң, Кайрымдуусуң, Назиксиң, Өтө жоомартсың.

#4040
- `Abdu'l-Bahá

 

Орозо

О, Теңир, айланайын Кудайым, Сага алкоо! Ким тарабынан карангылык жарылыкка айланса, эл катышчуу каситеттүү жайды курса. Илим менен сабатты чыгарган, түрмөктөлгөн жазуу буйрук окулган зор. Ачылышын менен, - бизге Сенин аяныңды жөнөт. Өзүңдүн кудуреттүү Атак даңкыңа көкөлөп барып, арам сана күмөн ойдон арылып, көңүлдүн датын кетирүүгө рахым эт. Бир негиздүү уюткуңдун чайырына ишемсиз пенделер кирбесин.

О, айланайын Теңирим, Ким Сенин кең пейилиңдин босогосун бек кармап, өзүңдүн жылуу меримиң менен жыргалыңа малкыган болсо ошол мен. Мага жана менин сүйгөндөрүмө ушул дүйнөнүн жана чын дүйнөнүн жыргалын бер. Өзүң тандап жараткандарга сырдуу тартууңан бер.

Мына, айланайын Теңирим. Өз кулдарыңа буйрук кылган орозо күндөрү Өзүңдөн башкаларга баарынан толук бойдон баш тартып, бүт дитин Өзүңө берсең, орозону бек кармагандар бактылуу жандар. Айланайын жараткан Өзүңө моюн сунуп, Өзүңдүн буйргуңду угуп жолуңду жолдоого мага жана аларга жардам кыл. Акыйкатты тандасаң ошону жүзөгө ашырууга Өзүңдүн эркиң.

Бардыгын жетектөөчү, Бардыгынан акылман, Сенден бөлөк, башка Кудай жок. Бардык даңаза бүт дүйнөнүн Теңири, кудуреттүү Кудайга болсун.

#4087
- Bahá'u'lláh

 

О, Ак көңүлдүүлүктүн Кудайы, Сен. Кимдин күчтөрү бардык жандарды баамдап турат, Сенин кулдарың, Сенин эркиң менен ынтымакта, Сен тарабынан буйрулган орозонун күндөлүк маалы кандайча тутуп жатат, Сенин Ысмыңды эске алгыдай жана Сенин жыргалыңдын жана жоомарттыгыңдын казынасына эмне сакталса, ошол жакшылыктардан өзүнүн үлүшүн алып калууга үмүт этип, Сага алкоо айткыдай болуу үчүн күндүн тыңы эми эле шоокумдана баштаганда алардын кандайча туруп жаткандыгын көрүп жатасың. О, Сенин Ысымдарыңдын жана сапаттарыңдын бардык дүйнөсү Кимдин колунда болсо, ошол бардык жаралгандардын тизгинин Өзүнүн колунда кармоочу, - ылайым, Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн булуттарынан төгүлгөн агындарынан алынган Сенин сууларыңдан Сага кызмат кылуу күнүндө Сен айырбайсың, ошондой эле Сенин ырайыңдын, - деп Сага сыйынам.

О, айланайын Теңирим, Сенин бийлигиңдин жана Сенин өкүмчүлүгүңдүн улуулугу жөнүндө жердин ар бир эң кичинекей бөлүгү күбө өтөт; Сенин улуулугуңдун даңкын жана Сенин кудуреттиң Ааламдын бардык жышаандары ырасташат. О, бардыгынын жана жан бүткөндүн жогорку Теңири, өтүп кетпес күндөрдүн Падышасы жана бардык элдердин, Сенин осуяттарыңдын учугунан кармашкан жана Сенин Буйругуң менен асмандан төмөн жөнөтүлгөн Сенин мыйзамдарыңдын ачылышы алдында өздөрүнүн баштарын ийишкен, ошол Сенин кулдарыңдын үстүнөн Башкаруучусу ак көңүлдүүлүк кыла көр.

О, айланайын Теңирим, Сенин назик камкордугуңдун чыгышына карай алардын көздөрү кандайча жалдырап, Сенин ак көңүлдүүлүңдүн океанына карай алардын жүрөктөрү кандайча ниет кылып, Сенин, Ашыкча даңктуунун ысмынын урматына өтө бийик Жердегилердин жалынган, Сенин эң ширин үнүңдүн добуштары алдында алардын үндөрү кандайча тынчып калды, көрүп турасың. О, кагылайын Теңирим, кимди сыноолор жана каатчылыктар куугунтуктаса, ошолорго, Сен эмнеге ээ болсоң, ошолорго ээ болушсун үчүн колдогусунун бардыгын беришкендерге, Сенин сүйгөндөрүңөргө жардам бер, анткени алар ушул дүйнөдөн бурулуп кетиши жана Сенин даңкыңдын падышачылыгына карай жан дүйнөсү менен ниет кылышты. О, менин Теңирим, бузуку кумарлар жана эңсөөлөрдүн кармай калуусунан аларды калкала жана ушул дүйнөдө жана чын дүйнөдө аларга эмне пайда алып келсе, ошолорго ээ болууга аларга жардам бер.

О, айланайын Теңирим, жаратуу дүйнөсүндө Өзүңдүн үнүң жогорулаган жана анын артында өтүп кетпес даңктын тактысына карай жол жок болгон Даракка карата бардык элдерди чакырган Сенин касиеттүү, Сенин кымбат баалуу Ысмың менен: бизге жана Сенин кулдарыңа Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн мол жамгырын, ал бизди Сенден бөлөк, башка эске алуулардан тазаласын, ошондой эле бизди Сенин жыргалыңдын океанынын жээктерине карай жакындатсын үчүн төк, - деп Сага жалбарамын. О, Теңирим, Сенин Өтө көкөлөтүлгөн Калемиңдин күчү менен даңктын Жеринде биздин жан дүйнөлөрүбүзгө өлбөстүктү эмне тартууласа, Сенин Падышачылыгыңда биздин ысымдарыбызды түбөлүккө калтырса жана биздин өмүрүбүздү Сенин колдоочулугуңдун сактоочу жайында, ал эми биздин денелерибизди Сенин кыйрагыс сепилиңдин топурагында сактаса, ошону жаз. Өткөндүн жана келечектин ар кандай нерселеринин үстүнөн Сенин бийлигиң бар. Бардыгынан күчтүү Көрүүчү, Өзү жаралган Сендин бөлөк, башка Кудай жок.

О, Кудай, Сенин ырайыңдын жана Сенин белектериңдин асманына карай биздин алакандарыбыз жайылганын көрүп турасың. Сенин өлчөнгүс жоомарттыгыңдын жана мол жыргалыңдын казыналары менен толушуна аларга уруксат бер. Бизди, аталарыбызды да, апаларыбызды да, кечир, Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн жана жыргалыңдын океанынан биз эмнени энсесек, бардыгы менен бизди үлүштө. О, биздин жүрөктөрүбүздүн Ашыгы, Сенин жолуңдагы биздин бардык эмгектерибизди кабыл ал. Сен, акыйкатында, Бардыгына бийлигиң бар, Өтө көкөлөтүлгөнсүң, Салыштырылгыссың, Жападан жалгызсың, Кечиримдүүсүң, Ырайымдуусуң.

#4088
- Bahá'u'lláh

 

Орто намаз

Кимде-ким Кудайга сыйынса, колун жууганда мындай деш керек/:

О, айланайын Кудайым! Колдорума кубат бер, Китебиңди калтаарыбай кармайын. Дүйнөдөгү башка күчтөр, Алсыратып салбасын. Тиешеси болбогондор, Тийишкенден сактасын. Күч-кубат, таянычсың мага дайым. Кудай, кудуретиңден кагылайын!

Жүздү жууганда мандай деш керек/:

О, айланайын Жараткан! Жүзүмдү Сага караттым. Нуруңду чачып, бешенемди жарык кыл! Бурулбасын жүзүм Сенден башкага. Айныгандан алыс кыл, Кайт болгондон калкала!

Анан кайкалап, түз туруп, жүзүн Кыбылага/. Күн Батышта, Аккага жакын Бахжи деген жерде, таат-ибадат. Зыярат кыла турган жер./ буруп мындай деш керек/:

Кудай Андан башка Кудай Жок экенин күбөлөйт. Ачылыштында жаратылгандардын да падышачылыгы Ал өзү. Акыйкатта, Ал Көрсөттү ким экенин Ачылыштын таң нуру, Ким экенин Синай тоодо маектешкен. Ааламды ачып, көкөлөткөн /Лотос/ дарагын, Андан ашып өтпөсүңөр бардыгың. Бардыгына, асмандагы, жердегиге, Ал аркылуу жарлык болгон. Ал мындайча жаңырат: “Көңүл коюп уккула, Асман, жердин өзөгү, Даңк, бийликтин дал өзү, Адамзаттын Кудайы, ааламдардын Теңири, Жети кабат жер менен, Жети катар асмандын, Кармап турган Эгедери, Тактын Ээси, Өзү келди! ”

Анан бүгүлүп, колдорун тизесине коюп, мындай деш керек/:

на жердеги бардык жандарга Ким аркылуу: “Кулак салгыла, Бардыгына ээлик кылуучу келди. Жер жана көк, даңк жана бийлик Кудайга, бардык адамдардын Теңирине жана тоо менен өрөөндүү жердеги Тактынын Ээсине таандык!” деген чакырык жаралган болсо, Ошону Ал келтирди.

Андан кийин эңкейип, колдорун тизесине коюп, анан дейт/:

Менин алкоолорумдан жана менден бөлөк, башка ар кимдердин көкөлөтүп алкоолорунан, менин баяндоолорумдан жана көктөгү бардык жандардын жана жердеги бардык жандардын көкөлөтүп баяндоолорунан Сен жогорусуң!

Андан кийин, тикесинен туруп жана колдорунун алакандарын жүзүнө алып, дейт/:

О, Кудайым, кимде-ким Сенин ырайымдуулугуңдун жана Сенин жыргалыңдын этегинен кармап коколой башы менен сыйынып жатса, бардык ак көңүлдүүлүк кылгандардына ичинен Өтө ак көңүлдүүсү, о, Сен, аны үмүтүнөн ажыратпа!

Андан кийин отурат да, дейт/:

Сенин бирдигиң жана Сенин жападан-жалгыздыгың туурасында жана Сен Кудайдын өзү жана Сенден бөлөк, башка Кудай жок экендиги туурасында күбө өтөм. Сен акыйкатында, Сенин Ишиңди келтирдиң, Сенин Осуятыңды аткардың жана кимде-ким көктү жана жерди мекендеген болсо, бардыгы үчүн Сенин ырайыңдын дарбазасын кенен ачтың. Ак бата жана тынчтык, куттук сөз жана даңк, дүйнөнүн өзгөрүлмөлүүлүгү жана оомалуу-төкмөлүүлүгү кимдерди Сенден иренжите албаса, Сенде эмне болсо, ошолорду алуу үмүтүндө, кимдер эмнеси болсо, бардыгын берсе, ошолорду, Сенин сүйгөндөрүңдү шыктандырат. Сен, акыйкатында, Түбөлүк Кечиримдүүсүң, Бардыгынан жоомартсың.

Эгерде кимде-ким узун ырдын ордуна мындай сөздөрдү айтууну кааласа:

“Коркунучта Жардам берген Өзү жаралган Андан бөлөк, башка Кудай жок экендигине Кудай күбө өтөт ” деп, ушул айтуу жетиштүү болот. Ошондой эле, эгерде сыйынуучу отуруп алып, мындай сөздөрдү айтса жетиштүү болот: “Сенин бирдигиң туурасында жана Сенин жападан-жалгыздыгың туурасында, ошондой эле Сен Кудайдын өзү жана Сенден бөлөк, башка Кудайдын жок экендиги туурасында күбө өтөм”./

#3955
- Bahá'u'lláh

 

Осуяттагы туруктуулук

Ал Куч-кубаттуунун өзү, Кечиримдүү , Бооркер!

0,Кудай,айланайын кудайым! Сенин кулдарын курмандыктын жана адашуунун туңгуюгуна кандайча келишкендигин Сен керуп турасың; -0,Сен,кудуреттүң тынчтыктын Эңсөөсү,Сенин Кудайлык жетекчилигиндин жарыгы кайда? Алардын жардамсыздыгы жана алсыздыгы Сага белгилүү, -көктөгү жана жердеги бийлик Өзүңдүн колусунда турса, о Сен! Сенин ой күч кубатың кайда?

О, Теңир, айланайын Кудайым! Сенин назик камкордугуңдун Шамдарынын жалтылдоосу менен, ошондой эле Сенин билимиңдин жана акылмандыгыңдын океанынын толкундары, анан Сенин дүйнөңдөгү элдерди сен эмне менен башкарасың,ошол Сенин Сөздөрүң менен, -Сенин Китептериңдин буйруктарын ким сактаса, мен ошолордун бири болуп калууга уруксат эт,-деп Сенден сурайм. Сенин белектериңдин чөйчөгүнөн Кудайлык шыктандыруунун шарабыннан даам татышкандарга жана Сага жакканды жаратууга жана. Сенин Осуятың менен Сения Керээзиңди сактоого шашылышкандарга,ушуларга, Сенин ишенгендериң үчүн, Сен эмнени багыштасаң, ошолорду мен үчүн багышта. Сен өзүңдүн эркиң боюнча бардыгын жүзөгө ашырууга Сенин бийлигиң ба. Бар-дыгын жетектөөчү, Бардыгынан акылман Сенден белек, башка Кудай жок.

0, Теңир, Сенин ак көңүлдүүлүгүңө жараша,мага бул дүйнөдө жана келечектеги дүйнөдө эмне жардам берсе жана ар кандай адамдын Теңиринин өзү Ким болсо, Ошого карай мени жакындатса, Ошону мага буйу. Бирдиктүү, Күч-кубаттуу, Даңктуу, Сенден бөлөк, башка Кудай жок.

#4057
- Bahá'u'lláh

 

О, айланайын Теңирим жана менин Умүтүм! Сенин күчкубаттуу Осуятыңда туруктуу болууга,бардыгына белгилүү Сенин Ишиңе ишенимдүү болуп калууга жана Сенин Улуулук Китебиңде аларга Сен эмнени жөнөтсөң, ошол на-сыяттарды алар жетекчиликтин" туусу жана жогорудагы бир топ адамдардын Чырагы, Сенин чексиз акылмандыгыңдын булактары жана жогору асмандан жар кырап, туура жол боюнча жетелеген жылдыздары болуп калсын үчүн аткарууга Сенин сүйгөндөрүңө жардам бер.

Сен, акыйкатында, Жеңилбессиң,Бардыгынан куч-кубаттуусуң жана Бардыгынан күчтүүсүң.

#4058
- `Abdu'l-Bahá

 

О, Теңир,кагылайын Кудайым! Сенин Ишенимиңде туруктуу болууга, Сенин жолуң менен басууга жана Сенин Ишиңде кебелбеетикти сактоого Сенин сүйгөндөрүңө жардам бер.Өзүң өзү сүйүүчүлүктүн жана кумарлардын кысымы алдында аларга туруштук бере алгыдай жана Кудайлык жетекчиликтин жарыгын ээрчии алгыдай болсун үчүн Сенин жыргалыңды аларга төмөн жөнөт. Сен күч-кубаттуусуң, Ырайымддусуң, Өзүң жаралгансың, Айлакерсиң, Жан тартуучусуң, Бардыгынан куч-кубаттуусуң, Бардыгынан жоомартсың.

#4059
- `Abdu'l-Bahá

 

Оттуу касиеттүү жазма

Ээзелтеден берки түбөлүктүү, Эң улуу, Кудайдын ысмынын урматына. Акыйкатында, өтө таза жүрөктөр бөлүүнүн отунда күйүп азап чегишет: Дүйнөлөрдү ашык кылган, Сенин жаркыраган Ажарыңдын жарк этиши кайда?

Сага эмне жакын болсо, жалаң гана ошолор, таптакыр үмүт үзүү, айласы түгөнүү караңгылыгында калышты.

Дүйнөлөр Эңсеген, Сени менен кайрадан биригүүгүн жаркыраган таңы деги кайда?

Алыскы чөлдө Сенин тандалмаларыңдын денелери калтырайт.

Дүйнөлөрдү Кумарланткан, Сенин жакындыгыңдын деңизи кайда?

Жалынып – жалбарган колдор Сенин жоомарттыгыңдын жана ырайымдуулугуңдун асманына карай сунулду.

О, дүйнөлөрдүн сыйынууларына Жооп берүүчү, Сенин белектериңдин жамгыры деги кайда?

Динсиздир бардык жерде эзүүсүн орнотушту.

Бардык дүйнөлөрдү Ооздуктоочу, Сенин Калемиңдин буйругунун багынтуучу күчү кайда?

Ар тараптан иттин күркүрөп үргөнү угулат.

Дүйнөлөрдү жазалоочу, Сенин бардык күч-кубаттуулугуңдун тобундагы арстан кайда?

Бүткүл адамдардын тукумун кайдыгерлик кишендеп койду.

О, бардык дүйнөлөрдүн жалыны, Сенин сүйүүңдүн жылуулугу деги кайда?

Бакытсыздык башка чалма салды.

О, дүйнөлөрдүн Коргоочусу, Сенин колдооңдун белгилери кайда?

Караңгылык адамдардын көпчүлүгүн жалмап салды.

Дүйнөлөрдүн жаркыргагы, Сенин эң сонундугуңдун жылтырагы кайда?

Адамдардын моюндары каарданып создугат.

Бардык дүйнөлөрдү кыйратуучу, Сенин жазалоочу деги кылычың кайда?

Басындыруу эң туңгуюгуна чейин жетти.

О, Бардык дүйнөлөрдүн Данкы, Сенин даңкыңдын көрүнүштөрү кайда?

Ким тарабанан Сенин “Бардыгынын ырайымдуу” ысмың келген болсо, Ошол азаптын чеңгелинде калды.

О, дүйнөлөрдүн ырахаты, Сенин Ачылышыңдын таң алдында жарыгынан келген кубаныч кайда?

Сенин шаттыгыңдын түркүгү кайда?

Сенин белгилериңдин бузуку азгырыктардын чыгышы мажбурлап жаткандыгын Сен көрүп турасың.

О, дүнөлөрдүн Күч-кубаты, Сенин бардык күчүңдүн манжалары деги кайда?

Адамдарды азаптуу чаңкоо алсыратууда.

О, бардык дүйнөлөрдүн Ак көңүлү, Сенин жоомарттыгыңдын суулары кайда?

Бүткүл адамдардын тукумун ач көздүк кулдукка алды.

Дүйнөлөрдүн Теңири, аша кечүүчүлүктүн жүзөгө ашуусу кайда?

Кара: ушул Куугунтук жеген сүргүндө алсыроодо.

О, дүйнөлөрдүн Өкүмдары, Сенин Буйруктарыңдын асмандагы кошуундары кайда?

Мен бөлөк өлкөдө калдым.

Бардык дүйнөлөрдүн Таянычы, Сенин ишенимиңдин белгилери кайда?

Өлүм алдындагы азап бардык адамдарды санаа тарттып жатат.

О, дүйнөлөрдүн жашоосу, Түбөлүктүү жашоонун океанындагы Сенин толкундарың кайда?

Шайтандын күбүр-шыбыры бардык жандууну жандантып жатат.

О, дүйнөлөрдүн Жарыгы, күйчүү жылдыздагы Сенин отуң кайда?

Кумар мастыгы бүткүл адамдардын тукумун дээрлик бузду.

Дүйнөлөрдүн Эңсөөсү, Тазалыктын эрте мененки шоокуму кайда?

Кара: ушул Куугунтук жеген сириялыктардын арасында тирандыктын Жамчысына орорулду.

О, дүйнөлөрдүн Жарыгы, Сенин таңкы нурларың кайда?

Кара: Мага сүйлөөгө тыюу салынууда.

О, дүйнөлөрдүн Булбулу, Сенин ырларың деги кайсы жактан жаңырууда?

Бүткүл адамдардын тукуму дээрлик курулай жана таң калычтуу эңсөөлөргө булганышты.

Дүйнөлөрдүн Ишеними, Сенин ишенимдериңдин ишке ашуусу кайда?

Баханы, кайгынын айлампасына чөгөрүп жатат.

Бардык дүйнөлөрдүн Сактап калчуусу, Сенин сактап калчуучу Кемең кайда?

Кара: Сенин сөзмөрдүгүңдүн таңы дүйнө имаратынын караңгылыгы менен чулганды.

Дүйнөлөр үчүн жарык Тартуулоочу, Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн күнү кайда?

Акыйкаттын жана тазалыктын, үмүттүн жана сыйдын чырактары өчүрүлдү.

О, Дүйнөлөрдү Кыймылдатуучу, Сенин жазалоочу каарыңдын жышаандары кайда?

Кимдир-бирөөлөрдүн кимиси Сенин тарабыңда салгылашар эле же Сенин сүйүңдүн майданында Анын башына эмне түштү. Сен көрүп турасыңбы?

Дүйнөлөрдүн Сүйгөнү, Менин калемимдин сыясы ушул жерден какшып калды.

Тагдырдын долу бороону Кудайлык Лотос Дарагынын бутактарын сындырды.

Бардык дүйнөлөрдүн Жоокерлери, Сенин жардамыңдын туулары деги кайда?

Ушул ажар ушактын чаңы алдында калды.

О, бардык дүйнөлөрдүн Ак көңүлү, Сенин жан тартууңдун желаргысы кайда?

Такыбалыктын кийимдери жанганчылар тарабынан булганды.

О, дүйнөлөрдү Саймалоочу, Сенин касиеттүүлүгүңдүн кийимдери кайда?

Адамдар тарабынан жасалган жорук-жосундан жыргалдын деңизи селдейе түштү.

Дүйнөлөрдүн Эңсөөсү, Сенин жоомарттыгыңдын толкундары кайда?

Кудайдын катышып отуруусуна карай Эшик Сенин душмандарыңдын тиранчылыгынан улам жабылды.

О, дүйнөлөрдүн Ачуучусу, Сенин белектериңдин ачкычы деги кайда?

Ууланткан шамалдардан улам жалбырактар саргаюуда.

О, дүйнөлөрдүн Сыйкору, Сенин жоомарттыгыңдын булуттарынын төгүлүшү кайда?

Аалам күнөөнүн чаңдарынан өчүңкү тартты.

О, дүйнөлөрдүн Кечирүүчүсү, Сенин кечиримиңдин желаргысы кайда?

Ушул Улан чөлдүү өлкөдө ушинтип жалгыз калды.

О, дүйнөлөрдүн Бөлүштүрүүчүсү, Сенин көктөгү жыргалыңдын жамгыры кайда?

Жогорку Калем! Биз Сенин көктөгү тургундарыңа болгон ширин чакырыңды уктук. Өзүңдүн кулагыңды Улуулуктун Тили эмнелер туурасында баяндаса, ошолорго, бардык дүйнөдөгү Куугунтукталгандарга карай Төшө.

О, бардык дүйнөлөрдү Түшүндүрүп берүүчү, Ушул ичиркентип жаткан муздак болбосо, анда Сенин сөздөрүңдүн кызуусу жеңишти даңазалар беле?

О, дүйнөлөрдүн Жарыгы, Ушул бактысыздык болбосо, Сенин чыдамыңдын күнү кандайча жаркырар эле?

Намысы жоктордон улам күйүт тартпа:

Дүйнөлөрдүн Сабыры, Сен туруктуулукту көрсөтүү жана жинди кагуу үчүн жаралгансың.

Дүйнөлөрдүн Сүйүүсү, Чатак чыгаруучулардын жана Кудайга карай кумарлуу умтулгандардын үстүнөн болгон Осуяттын көз чөйчөгүнө Сенин чыгышың – о ,кандай асыл!

Дүйнөлөрдүн чоң кубанычы, Сенден улам эркиндиктин туусу эң бийик чокуларда желбиреди жана деңиз менен Ынтымакташуунун жери саймаланды.

Бардык дөйнүлүрдүн Куугунтукталуучусу, чыдам бол.

О, бардык дуйнөлөрдүн Сыймыгы, Биз басынууну данктын жана кырсыктын кийими менен Сенин храмыңдысаймасы кылып койдук.

Сен: жүрөктөрдүн көрө албастыкка толгондугун көрүп турасың.

Дүйнөдөгүкүнөлөрдү Жашыруучу, аны Сен болгондон, Ким кечирет?

О, Дүйнөлөрдүн Курман чалуучусу, Кылыч жарк этсе, алга жөнө! Жебе ышкырса, душманды кыс!

Сабагы же Магабы, арыз-муң кимге ылайык?

О, Дүйнөлөрдү Орундаштыруучу, Эми Бах, тын ажары сыноолордун ысыгынан жана Сенин күйүп жаткан сөздөрүңдүн жалынынын ысыгы менен алоолонот, ошондой эле ал курман чалуу жеринде көтөрүлүш чыгарып, ишенимдин туткунунда, Сагажакканды гана издейт.

О, А Али-Акбар, сен эмненден улам Менин жооштугумдун жыпар жытын жаттаган жана дүйнө жүзүңдөгүлөр. Кимдин алдында жүгүнүшүп. Кудай жолунда.

Бизге эмне туш келсе, ошого жеткен касиеттүү жазуу (скрижаль) үчүн Теңирге ыраазылыгыңды ушунчалык көкөлөт да.

Бардык кызматчылар ушуну окушкан жана таразалашкан соң, алардын кан тамырларында дүйнө жүзүңдөөчүлөрдү кантип алуугажарамдуу жалып тутанат.

#4092
- Bahá'u'lláh

 

Туруктуулук

О, Кудай, айланайын Кудай! Мен Сага өкүнгөндө кайрылып жатамын, акыйкатында, Сен Кечиримдүүсүң, Боорукерсиң!

О, Кудай, айланайын Кудайым! Мен Сага кайрылып келдим, акыйкатында, Сен Түбөлүк Кечиримдүүсүң, Ак көңүлсүң!

О, Кудай, айланайын Кудайым! Мен Сенин ыйгарган ырыскыңдын боосунан бек кармадым, Көктө жана жерде эмне болсо, бардыгын сактоочу жай Сага таандык.

О, Кудай качылбайбы Кудайым! Мен Сага ашыгып келдим, о, жыргалдын Теңири, Сен Кечиримдүүсүң!

О, Кудай айланайын Кудайым! Мен Сенин Кайрымдуулугуңдун көктөгү шарабына чаңкап турам; Сен деген, акыйкатында, Берүүчүсүң, Жоомартсың, Ырайымдуусуң, Бардыгынан күч-кубаттуусуң.

О, Кудай кагылайын Кудайым! Сенин Ишиңди келтиргендигиңе, Сенин убадаңды аткаргандыгыңа жана Сенин тандалмаларыңдын жүрөктөрүн Сага карай эмне кызыктырса, ошону Сенин ак көңүлдүүлүгүң асмандан төмөн жөнөттү. Кимде-Сенин бышык учугуңан бекем карманса, жана Сенин жаркыраган кийимиңдин этегинин четине жармашса, ошого жыргал!

О, бардык жандуунун Теңири, көрүнгөн жана көрүнбөгөндүн Падышасы, Сенин күчүң менен, Сенин улуулугуң менен жана Сенин Бийлигиң менен-кимди динсиздердин сабаты, о, Кудай, аларга назарын салган жана жооп берген сыйынуулар, Сенин ажарыңдын жарыгынан бура албаса, ошол Сага берилгендердин арасына Сенин даңкыңдын калеми менен менин ысмым жазылгандай болсун үчүн, уруксат эт, -деп Сенден суранам.

#3996
- Bahá'u'lláh

 

О, Теңир, айланайын Кудайым, Сен даңктуусуң! Кимде-ким Сенин акыйкатыңды четке кагышып, Сенин ошол жараткандарыңдан катаал азап тартса, ошолорго, Кимди ар тараптан курчап алса, Ошолорго, кимдерди эч бир тил баяндап берүүгө алы жетпесе: Сенин күндөрүңдө Сенин эске алууга жана бардык адамдар Сенин сулуулугуңдан баш тартышкан, Сени менен кыжыңдашып, Сенин Ишиңдин Калеминен текеберлүү иренжишкен кезде, ошол күндөрү Сени даңктоого уруксат бер, деп Сенин Эң улуу ысмың мене Сага жалынам! О, менин Теңирим, Сенин Өзүңдөн бөлөк башка жардамчы Сенде жок, ошондой эле Сенин күчтөрүңдөн сорото албайт.

Сенин сүйүүңдү бекем карманууга жана Сен жөнүндө эске алууга мени ылайык көр, деп мен Сага сыйынамын. Акыйкатында, буга менин күчүм жетет, андыктан менде эмне болсо, ошонун бардыгы Кимге белгилүү болсо, Ошонун өзү Сен. Сен, чындыгында, бардыгын билесиң жана башкарсың. О, менин Теңири, анын жарк этиши бүтүндөй дүйнөнү жарык кылган Сенин ажарыңдын жарык жаркырагынан мени айырба. Күчтүүнүн күчтүүсү, Бардыгынан даңктуу, Түбөлүк Кечиримдүү Сенден тышкары Кудай жок.

#3997
- Bahá'u'lláh

 

О, Теңири, кагылайын Кудайым, Сага алкоо! Сенин чектен тышкары улуулугуңда жана күч-кубатыңда Сен атам замандан бери көкөлөтүлүп келгендигиңе жана кылымдардан кылымдарга Сенин теңдешсиз бийлигиңде жана даңкыңда боло бере тургандыгыңа күбө өтөмүн. Сенин өнөр-кесибиңе көк менен жер дүйнөсүндө эч ким каршылык кыла албайт. Сенин үстүңөн ачылыштар менен жаратуулар журтунда эч ким кайрадан ээлик кылуу күчүндө эмес. Эмнени эңсесең, Сен Өзүңдүн буйругуң менен жүзөгө ашыра, ошондой эле Сага кандай кааласаң, Өзүңдүн буйругуң менен жүзөгө ашыра, ошондой эле Сага кандай кааласаң, Өзүңдүн чексиз өкүмчүлүгүңдүн күчү мене башкара аласың.

Аткан таңга жарк өтүүгө Буйруучу, о, Сен, көк менен жердеги бардык жандардын алдында Сенин сүйүүңдүн оту менен Сен кимди тутантсаң, ошондой эле Сенин жаратуу дүйнөңдө Сенин акылмандуулугуңдун майы менен Сен кимдин жалынын жабдып турсаң, - ким Сенин асманыңда кайрадан каалгып учса жана Сенин буйругуңа өзүнүн эркин багындырса, мени ошолордун бири кыл, - деп Сенин Чырагың менен Сага сыйынам.

О, менин Теңирим, мен санда жокмун, ал эми Сен болсо, Бардыгынан күчтүүсүң, Бардыгынан күч-кубаттуусуң, Сенин ак көңүлдүүлүгүң жана жоомарттыгың боюнча мага жалоору, ошондой эле мага Сага кызмат кылууга жана Сенин сүйгөнүң болууга жакшылык тилеп жардам бер. Эмнени эңсесең, ошону жүзөгө ашырууга Сен өкүмдүүсүң. Күчтүн, даңктын жана акылмандыктын Кудайы Сенден бөлөк Кудай жок.

#3998
- Bahá'u'lláh

 

О, Өтө жакшы көргөн, Теңир, Сага алкоо! Сенин ишиңде мага туруктуу болууга жардам бер жана кимде-ким Сенин осуятыңдын бузбаган жана өзүнүн сайрандууу кыялдарында кудайларга жүгүнбөгөн болсо, ошолордун санында болууну мага тартуула. Сенин катышып отурууңда ылайыктуу орунду ээлөөгө мага уруксат эт, Сенин көңүлдүүлүгүңдүн жышаанынан мага үлүш бер жана коркууну билбесе жана кайгыга чөмүлбөсө, Сенин ошол кызматчыларыңа кошулуума мага мүмкүнчүлүк бер. О, менин Теңирим, мени өзүм менен өзүмдүн калуума жол бербе, ошондой эле ким Сенин Өзүңдүн Келгениңдин өзү болсо, Ошону таануудан мени айырба, Сенин ыйык катышып отурууңдан кимдер баш тартышса, ошолорго карай мени алып барып салба. О, кагылайын Кудайым, Сенин Сулуулугуңдун ажарын көрө алуу урматына кимдер татый алса жана ошол улуу ырахатка кидер ээ боло алышса, көк менен жердин падышачылыгына ээ болуу үчүн же бардык жаратылган дүйнөнүн үстүнөн чексиз өкүмчүлүк кылуу үчүн бир көз ирмемди да кимдер бербеген болсо,ошолордун санына мени кош. О, Теңир, Сенин жериңдеги элдер ушунчалык кайгыга малынышып, жолдон адашып келишкен кездги ушул күндөрдө мага ак көңүлдүүлүк кыл: о, Кагылайын Кудайым, Сенин көздөрүңдө эмне жакшы күч-кубаттуусуң, Ак көңүлсүң, Жоомартсың, Бардыгын кечирүүчүсүң.

О, айланайын Кудайым, кимдердин кулактары дүлөй, көздөрү сокур, тилдери дудук, ал эми жүрөктөрү акыл-эссиз болсо, ошолордун санында болуп калбоону мага ыраа көр.

О, Теңир, түркөйлүктүн отунан өзүн өзү сүйүүчүлүктүн эңсөөсүнөү мени куткар, Сенин чектен тышкары ак көңүлдүүлүгүңдүн журтуна жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга мага уруксат эт жана Сенин тандалмаларың үчүн Сен тарабынан эмне белгиленген болсо, ошолорду мага төмөн жөнөт. Эмнени эңсесең, ошону жүзөгө ашырууга Сен эрктүүсүң. Акыйкатында, Сен коркунучта Жардам берүүчүсүң, Өзүң жаралгансың.

#3999
- The Báb

 

О, Кудай, Сен Даңктуусуң жана Мактоого арзыйсың! Сенин Кудай болуп биз менен катышып отурууңа жетишкен кезди, ошол күндү жакындат. Сенин сүйүүңдүн күчү жана ырайың менен биздин жүрөктөрүбүзгө кайрат бер жана Сенин Эркиң менен Сенин Буйругуңа биз чын көңүлүбүз менен баш ийгидей болуу үчүн бизге чыдамдуулукту тартуула. Акыйкатында, Сен тарабынан эмне жаратыла турган болсо же жаратылса, бардыгын Сенин билимиң кучагына алат, ошондой эле Сен эмнени чакырсаң же жашоого карай чакыра турган болсоң, бардыгынан Сенин көктөгү күчүн ашып түшөт.

Сенден бөлөк, эч кимге жүгүнүүгө, Сенден бөлөк эч нерсени эңсөөгө сенден бөлөк эч кимди аздектөөгө, ошондой эле Сенин ырайыңды бөлөк эч нерсени сүйүүгө болбойт.

Акыйкатында, Сен Жогорку Башкаруучусуң, Жогорку Акыйкатсың, Коркунучта Жардамчысың, Өзүң жаралгансың .

#4000
- The Báb

 

О, айланайын Кудайым, акыйкатында, мен Сенин кулуңмун. Сенин бечераңмын, Сенин суранчыңмын, Сенин санда жок жаратканыңмын. Мен Сенин жашынган жайыңдын издеп, мен Сенин дарбазаңа келдим. Сенин көкөлөтүлгөн Маңызыңдан бардык жаратылгандардын ажыратылып коюлушу жана Сенин касиеттүү Маңызыңа карай жаратылгандардан мага белгилүү болсо да карата сүйүүдөн бөлөк, менде тынчтык, Сен жөнүндө эске алуудан бөлөк, башка ырахат, Сага баш ийүүдөн бөлөк башка умтулуу, Сага карата жакындыктан бөлөк, башка жыргал, Сени менен кошулуудан бөлөк, башка тынчуу жок. Мен Сага карай жакындоого аракет кылган кезде Сенин жыргалыңдын белгилерин гана өзүмдө ачам жана Сенин назик камкордугуңдун ачылышын гана өзүмдөн көрөм. Эгерде жаратылган жок нерсе эч качан Сени менен байланыштуу боло албаса жана Сага жете албаса, анда кимдер-бирөө болгону Сенин гана жаратканың болсо, ошол Сени менен кошулууну издей жана Сенин катышып отурууңа жетише алабы? Моюн сунган кызматчы үчүн Сенин өкүмчүлүгүңдүн ачылышынан жана Сенин бийлигиңдин таң каларлык күбөлүгүң Сен даярдап койгон болсоң деле, ал Сени тааный жана Сени көкөлөтө алкай алабы? Ошондуктан бардык жаратылгандар, Сенин катышып отурган сыйынуучу жайдан анын тосмолонуп калгандыгын, анткени анын ички маңызына чек коюлгандыгын ырасташууда. Ошондой болсо да, Сенин өндүрүшүңдүн ыйык сарайына эмне ылайык келсе, ошолордун бардыгы бүткүл жаратылгандардын ар кандайы жогору болсо да, Сага карай эмне тартылса, ошолс Сени колдоруңдун жаратууларында түбөлүктүү жашагандыгы эч кандай шек саноолорсуз туура. О, менин Кудайым, Сени мактоодогу менин толук алсыздыгым жана Сага ыраазылык билдирүүгө менин өтө жөндөмсүздүгүм ушундай улам келип чыгат, анын үстүнө Сенин Кудайлык бирдигиңди таанууга жетүү же Сенин даңкыңдын, Сенин ыйыктыгыңдын жана Сенин сулуулугуңдун ачык белгилерине карай жолдо чоң ийгиликтерге ээ болуу ого бетер оор. Ошентсе да, Сенин Өзүңдүн бөлөк, башкага карай мен умтулбаймын, ошондой эле Сенден тышкары эч кимди издебеймин, - деп Сенин күч-кубатың менен ант беремин.

#4001
- The Báb

 

О, кагылайын Теңирим, Сен түбөлүктөн бери болгонсуң эле кылымдар бою Жападан жалгыз акыйкат Кудай болуп, ал эми ошондо Сенден бөлөктүн бардыгы жакыр жана байкуш болуп кала беришет. О, айланайын Кудайым, Сенин Жол көрсөткүч Учугуңан бекем кармап, адамдар дүйнөсүнөн мен баш тарттым, өзүмдүн жүзүмдү Сенин назик ак көңүлдүүлүгүңдүн тургундарына карай бурдум жана бүтүндөй бардык жаратылгандардан бурулуп кеттим. О, айланайын Кудайым, Сенин жакшылык тилөөчүлүгүң жана жоомарттыгың менен, Сенин даңкың жана улуулугуң менен, Сенин бийлигиң жана эң сонун жаратылышың менен, мени ак көңүлүң менен шыктандыр, анткени Сенден тышкары ким бардыгынан күч-кубаттуу жана шыктандыр, анткени Сенден тышкары ким бардыгынан күч-кубаттүү жана билбегени жок башка кимдер-бирөөнү мен көрсөтө албайм. О, кагылайын Кудайым, Сенин бардыгын өз ичине алган жана Бардыгын бөлүштүрүүчү даңкыңдын күч-кубаты менен, ошондой эле көкөтөгү жана жердеги күчтөр менен мени корго, анткени мен Сага ишенгендегидейден бөлөк, мага эч кимден сооронуу жок.

Кагылайын Теңирим, Кудайдын өзү Сен, менин жокчулугум Сага белгилүү, Менин дөөлөт-байлыгымды көрүп турасың жана Сенин буйругуңа ылайык менин үлүшүмө эмне туура келсендигин, ошондой эле Сенин жол берүүө боюнча жана Сенин жоомарттыгыңдын жана ырайыңдын белгиси катары мен жердеги кандай азаптарды баштан өткөрүүгң туура келгендигимди билесиң.

#4002
- The Báb

 

О, айланайын Кудайым! Бул Сенин даңкыңа ылайык келгендегидей, мен Сени түшүнүп – биле албадым , ошондой эел бул менен абалыма ылайык келгендегидей Сенден корко албадым. Мына ушундай абалда туруп, Сен жөнүндө мен кандайча эске ала аламын, ошондой эле Сага жүгүнүүдө мен өзүмдүн милдетимди аткара албаган кезде, Сага карата өзүмдүн карегимди мен кандайча таштай аламын?

Сен менин жашоого карай шексиз жана анык болгон Сенин күчтөрүңдүн күч-кубаттулугун келтирүү үчүн чакырган жоксун; анткени али эч нерсе боло элек кезде кылымдардын кылымдар бою боло келген Кудайдын өзү Сенсиң. Чындыгында келгенде, Сени эске алуунун өзү Ким болсо, Ошонун өзгөчө көрүнгөн келишиңдин алдында биз көңүлүбүз менен эске алгыдай болсун үчүн Сенин Кудайлык күчүң менен бизди Сен жараттың.

О, айланайын Кудайым, мен Сени таанып-биле алгыдай болуум үчүн Сен мени эмнеге үйрөтсөң, бул билим да менин чектелгендигимди жана күнөөкөрлүгүмдү гана чагылдырат, ушундан бөлөк мен Сен жөнүнддө эч нерсени билбейм. О, айланайын Кудайым, Сен эмнени кааласаң, Сага өзүнүн бардык жашоосу менен берилген мен мына. Кудайдын өзү Сен жана Сенден тең келе турган да жок, Сага окшогон да жок экендигин моюнга алып, Мен Сенин ак көңүл ачылыштарыңдын алдында баш ийе ылдый жыгылам. Ушул Сенин улуулугуңа ылайык келгендегидей, бул туурасында Сен Өзүң күбө өтөсүң.

Бардыгы Кимдин жардамына үмүт артса, Ошол, Түбөлүк Жашоочу, Жогорку Башкаруучу, Ал Кудайдын өзү.

#4003
- The Báb

 

Узун айыктыруучу келме

Узун айыктыруучу келме (ден соолук) Даба

Ал айыктыруучу, Ал арга табуучу, Ал Бардыгын кечирүүчү, Бардыгынан ак ниеттүү. (Кайымдуу), Сага жалынам, эң бийиктеги, О, Адилеттүү О, Даңктуу, мен Сага жалынам. О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен арга табуучу, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөс, Өзгөрүлбөссүң Сен!

Сага жалынам, О, Өкүмдөр, О, эң бийиктеги, О соттоочу, окуткоруусу, мен Сага жалынам! О, Өзгөрүлбөс, Сен куткаруучу, Айлакерсиң, Сен Өзгөрүлбөссүң, Өң кубултоосу,

Сага жайрам, О, Тендешсиз, о, Түбөлүктүү, о, Жападан-жалгыз, мен Сага жалынам! О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен айлакерсиң, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң, О, Өзгөрүлбөс Сен.

Сага жалынам, О, Даңазалуу, о, Касиеттүү, о, Жардам берүүчү, О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен куткаруучу айлакерсиң, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң. О, Өзгөрүлбөс Сен.

Сага жалынам, О, Бардыгын жетектөөчү, о, Акылмандардын Акылманы, О, Улуулардын Улуусу! О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң! О, Өзгөрүлбөс Сен!

Сага жалынам, О, Жан тартуучу, о, Улуу Даражалуу, о, Көрсөтмө берүүчү, Сен айлакерсең, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң!

О, Сүйүктүү, о, Көксөө, о, Шыктандыруучу, мен Сага жалынам! О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен айлакерсин Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң!

О, Өтө күч-кубаттуу, о, Колдоочу, о, Чексиз күч-кубаттуу, мен Сага жалынам! О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен айлакерсиң, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң!

О, Башкаруучу, о, Өзү жаралган, о, Бардыгын билүүчү, мен Сага жалынам! О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен айлакерсиң, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң!

О, Рух, о, Жарык, О, Ачыктын ачыгы, мен Сага жалынам!, О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен айлакерсиң, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң!

О, Бардыгы үчүн Таяныч, о, бардыгына Белгилүү, о, бардыгынан жашырылган , мен Сага жалынам!О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен айлакерсиң, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң!

О, Касиеттүү, о, Салтанат куруучу, о, Сыйкор, мен Сага жалынам! О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен айлакерсиң, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң!

О, Бардыгынан күч-кубаттуу, о, Сооротуучу, о, Жашыруучу, мен Сага жалынам! Өзгөрүлбөс Сен, Сен айлакерсиң, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң!

О, Өөнөп-бычуучу, о, Тойгузуп-толтуруучу, о, Тамырын соолтуучу, мен Сага жалынам! О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен айлакерсиң, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң!

О, Кайрадан тирилтирүүчү, о, Чогултуучу, о, Көкөлөтүүчү, мен Сага жалынам! О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен айлакерсиң, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң!

О, Жакшыртуучу, о, Эркин жүрүүчү, о, Жоомарт, мен Сага жалынам ! О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен айлакерсиң, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң!

О, Жакшылыкты жаратуучу, о, Кармап туруучу, о, Жаратуучу, мен Сага жалынам! О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен айлакерсиң, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң!

О, Өтө көкөлөгөн, о, Жакшылыкка жаралган, о, Белек берүүчү, мен Сага жалынам! О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен айлакерсиң, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң!

О, Адилеттүү, о, Берекелүү, о, Нарктуу, мен Сага жалынам! О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен айлакерсиң, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң!

О, Моюн бербес, о, Кебелес, о, Түшүүүчү, мен Сага жалынам! О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен айлакерсиң, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң!

О, Улуу жаралган, о, Мурдатан түбөлүктүү, о, Айкөл, мен Сага жалынам! О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен айлакерсиң, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң!

О, Сактоочу, о, Кубанычтын, Теңири, о, Асылкеч, мен Сага жалынам! О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен айлакерсиң, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң!

О, бардыгына Мээрман, о, бардыгына Жан тартуучу, о, Жакшылык тилөөчү, мен Сага жалынам! О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен айлакерсиң, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң!

О, Бардыгы үчүн Калкалоочу, о, бардыгы үчүн, Таяныч, о, Бардыгын сактоочу, мен Сага жалынам! О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен айлакерсиң, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң!

О, Бардыгы үчүн Сооротуучу, о, бардыгы тарабынан Чакырылуучу, о, Өмүр берүүчү, мен Сага жалынам! О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен Бөлүштүрүүчүсүң, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң!

О, Ачып берүүчү, о, Кыйратуучу, о, Өтө жан тартуучу, мен Сага жалынам! О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен айлакерсиң, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң!

О, менин Жаным, о менин Сүйүктүүм, о, менин Ишенимим, мен Сага жалынам! О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен айлакерсиң, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң!

О, чаңкаганды Кандыруучу, о, Теңирдин Так өзү, о, Баалуунун баалуусу, мен Сага жалынам! О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен айлакерсиң, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң!

О, эске алуунун Улуусунун улуусу, о, Ысымдын Нарктуусунун, нарктуусу, о, Жолдун байыркысынын Байыркысы, мен Сага жалынам! О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен айлакерсиң, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң!

О, Даңкталуучу, о, Ыйыктын Ыйыгы, Урматталуучу, мен Сага карай жалынам! О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен айлакерсиң, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң!

О, Кулпуну ачуучу, о, Насаатчы, о, Арылтуучу, мен Сага карай жалынам! О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен айлакерсиң, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң!

О, Дос, о, Дарыгер, о, Туткундоочу, мен Сага карай жалынам! О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен айлакерсиң, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң!

О, Даңк, о, Сулуулук, о, Молчулук, мен Сага карай жалынам! О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен айлакерсиң, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң!

О, Үмүттүн үмүтү, о, Сүйүүчүлөрдүн Эң мыктысы, о, шоокум Теңири, мен Сага карай жалынам! О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен айлакерсиң, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң!

О, Тутандыруучу, о, Шоокумдантуучу, о, Шаттыкка бөлөөчү, мен Сага карай жалынам! О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен айлакерсиң, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң!

О, Ырай Теңири, о, Ырай Теңири, о, Өтө жан тартуучу, мен Сага карай жалынам! О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен айлакерсиң, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң!

О, Туруктуу, о, Өмүр берүүчү, о, бардык Жандуунун башаты, мен Сага карай жалынам! О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен айлакерсиң, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң!

О, бардыгын Көрөгөч, о, бардыгын көрүүчү Кудай, о, Сөз тутумунун Теңири, мен Сага карай жалынам! О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен айлакерсиң, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң!

О, Апачык, бирок Жашырылган, о, Көрүнбөс, бирок Даңкы чыккан, о, жаасы күчтүүлөрдүн бардыгына кабылган Кайдыгер байкоочу, мен Сага карай жалынам! О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен айлакерсиң, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң!

О, Сүйгөндөрдүн Шору, о, күнөөкөрлөө карай Ак көңүл Кудай, мен Сага карай жалынам! О, Өзгөрүлбөс Сен, Сен айлакерсиң, Сен Айыктыруучусуң, Сен Өзгөрүлбөссүң!

О, арга табуучу, мен Сага жалбарам, о, Айлакер!

О, Дарыгер, мен Сага жалбарам, о, Табынкер!

О, Өзгөрүлбөс, мен Сага жалбарам, о, Өң кубултпас!

О, Өң кубултпас Сен, Сен Түбөлүк Өзгөрүлбөссүң!

О, айланайын Кудайм, Сен ыйыксың! Сенин жоомарттыгыңдын жана жакшылыгыңдын дарбазасын ким аркылуу кенен ачылган болсо, Сенин Касиеттүү Храмың ким аркылуу түбөлүктүн тактысы болуп бекитилген болсо, ошол Сенин айкөлдүгүң менен, ошондой эле Сенин жакшылык иштериңдин жана белектериңдин үстөлүнө Сен бардык жаратылгандарды кимдер аркылуу чакырган болсо, ошол Сенин ак көңүлдүүлүгүң менен, анан да, Сенин чексиз өкүмчүлүгүң жана Сенин улуулугуң ачылган кезде, ошол саатта, Сенин бийлигиңдин күчү апачык болгон кезде, эрте мененки шоокумда көктө жана жердиги бардык жашоочулардын атынан Сен Өзүңө Өзүң “Ооба!” деген Сенин сөзүң менен ким аркылуу жооп берген болсоң, ошол Сенин жыргалың менен Сага сыйынам! Анан кайрадан ошол эң сонун ысымдар менен, ошол абдан ардактуу жана эң жогорку сапаттар менен, Сенин Өтө жогору көкөлөтүлгөн Эске алууң менен да, Сенин таза жана булганбаган Сулуулугуң менен да, өтө касиеттүү чатырдагы Сенин жашырын жарыгың менен да, ар бир күндүн чыгышында жана батышында аза чапанын кийген ак баталуу Жадыбалдын касиеттүү жазууну, ар бир Аны окуган, ар бир Аны тапкан, ар бир Ал сакталган үйдүн жанынан өтүп бара жаткан болобу, аларды сактай көр, деп мен Сага сыйынам! Аны менен ар бир ооруну, сыркоону айыктыр жана бечараны ар кандай азаптан жана сорудан, ар кандай ачуу кырсыктардан жана аза күтүүлөрдөн сактай жана Аны Сенин жетекчилигиңдин чыйыр жолун жана Сенин кечиримиңдин жана жыргалыңдын жолуна түшүүнү каалаган ар кимге жөнөт.

Сен, акыйкатында, кудуреттүү, Бардыгына ырыскы берүүчү, Айыктыруучусуң, сактоочу, Берешен, Боорукер, Бардыгынан жоомартсың, Бардыгынан Кайрымдуусуң.

#3995
- Bahá'u'lláh

 

Узун намаз

Суткасына бир жолу окулат

Бул намазды окуган тикесинен турат да, Кудайга карай бурулат, ошентип ордунда туруп, Өтө ырайымдуу, Жан тартуучу Теңиринин ак көңүлүн күткөн сыяктуу оң жана сол жагын карайт. Андан соң, дейт/:

О, Сен, Кимде-ким бардык ысымдардын Теңири болсо, ошонун өзү жана көктүн Жаратуучусу. Кимде-ким Өтө көкөлөтүлгөн, Бардыгынан даңктуу Сенин көзгө көрүнбөс Маңызыңдын Таңынын өзөгү болсо, ошолор менен менин сыйынуумду Сенин сулуулугуңдан мени ажыратып турган көшөгөнү өрттөгүдөй отко, ошондой эле Сенин катышып отурууңдун океанына карай мени алып баргыдай жарыкка айландыр деп Сага сыйынам.

Андан соң Кудайга кайрылып сыйынып, - ылайым, Ал ак баталуу болсун жана көкөлөп турсун, - ага тиешелүү алакандарын жайып, дейт:

О, Сен, жарык дүйнө Эңсөөсү жана элдердин Сүйгөнү! Сенден бөлөк, башкаларга карата ар кандай байланып калуучулуктардан баш тартып, ошондой эле бардык жаратуулар анын кыймылы менен козголгон Сенин учугуңдан кармап, Сага карай менин кандайча кайрылып жаткандыгымды көрүп турасың. О, менин Теңирим, мен Сенин кызматчыңмын, ошондой эле Сенин кызматчыңдын уулумун. Карегиңе ал, - мына мен Сенин ырайыңан кыйгап, башканы издебеген, Сенин эркиңди жана Сенин тилегиңди аткарууга даяр, Сенин алдыңда турам. Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн Океаны жана Сенин жыргалыңды Күндүзгү Жылдызы менен: Сага кандай ылайык келсе жана кааласаң, Сенин кызматчыңа ошондой мамиле жасай бер, –деп Сага сыйынам. Ар кандай эске салуу жана алкоолордон алда канча ашып түшкөн Сенин күч-кубатың менен ант берем! Сен тарабынан эмнелер ачылса, бардыгы менин жүрөгүмдүн эңсөөсү жана менин жан дүйнөмдүн сүйгүнчүгү. О, Кудайым, айланайын Кудайым! О, жок, менин үмүт эткендериме жана менин кылык-жоруктарыма караба! – Көк менен жерди камтыган Өзүңдүн эркиңди гана ээрчи! О, Сен, бардык элдердин Теңири, Сенин Эң улуу Ысмың менен ант берем! Сен эмнени эңсесең, мен ошону гана кааладым, андыктан Сен эмнени сүйсөң, ошону гана жактырып калдым.

Андан соң тизелей отурат да, жерге карай маңдайын ийип, дейт/:

Сенин Өзүңдөн бөлөк, башка бардык ашыкча жогору баяндоолордон, ошондой эле Сенден тышкары бардык жандуулардын ашыкча жогору түшүндүүлөрдүн Сен жогорусуң.

Андан соң өйдө болот да, дейт/:

О, менин Теңирим, азырынча Сенин чексиз үстөмдүгүң өкүм сүрүп турганда мен аны менен жашагыдай, ошондой эле Сенин дүйнөлөрүңдүн ар бир дүйнөсүндө Сени эске алгыдай болуум үчүн менин сыйынуумду мүрөк сууларынын булагы кыл.

Андан соң кайрадан сыйынууга катыштуу алакандарын жаят да, дейт/:

О, Сен, Кимдер менен ажырашып жашоодо жүрөктөр жана жан дүйнөлөр -ээриди жана бүткүл дүйнө жүзү Кимдин сүйүүсүнүн оту менен жалындады! Сен бардык жаратылгандарды ким менен багындырсаң, ошол Сенин ысмың менен: бардык адамдарды Ким башкарып жатса, ошол, о, Сен, Сени менен эмне болсо, ошондон мени ажыратпа, деп Сага сыйынам! О, менин Теңирим, - ушул дервиш Сенин улуулугуңду көлөкөсү алдында жана Сенин ырайымдуулугуңдун чектеринде өзүнүн эң бийик турак жайына шашылууда, ушул күнөөкөр Сенин кечиримиңдин океанына карай, ушул басынган – Сенин даңкыңдын сарайын карай, ушул жакыр – Сенин байлыгыңдын чыккан жерине карай жөнөшүүдө. Эмнени эңсесең, ошону буйрууга Сенин бийлигиң бар. Сенин иштериңде Сени мактоого жана Сенин осуяттарыңда Сага баш ийүүгө туура келет, Сени буйруктарыңда эркин болууга Сага гана жарашат, деп күбө өтөм.

Андан соң катышы бар алакандарын жаят да, Эң улуу Алла-у-Абха ысымды үч ирет кайталайт. Андан соң, Кудай алдында, - ылайым, Ак ак баталуу болсун жана көкөлөп турсун, - колдорун тизелерине алып, эңкейет да, дейт:

О, Кудайым, Сага табынууга умтулуп жана Сени эске алууну, ошондой эле Сени даңтоону дилгирлене каалап, менин бүтүндөй денемде менин рухум кандайча жалындады, Сенин сөздөрүңдүн тутумдуу айкалышынын дүйнөсүндө жана Сенин билимдериңдин асмандарында Сенин Осуятыңдын Оозу эмне туурасында күбө өтсө, ошол туурасында ал кандайча күбө өтүп жатат, көрүп турасың. О, менин Теңирим, ушул абалда туруп, мен өзүмдүн жакырлыгымды көрсөтсө жана Сенин жоомарттыгыңды жана Сенин байлыгыңды көкөлөтө алгыдай, өзүмдүн алсыздыгымды моюнга алып, ошондой эле Сенин алыңды жана күч-кубатыңды ачып бере алгыдай болуу үчүн Сенде эмне болсо, бардыгын Сенден сурагым келет.

Андан соң өйдө болот да, сыйынууга катыштуу алакандарын эки ирет жаят да, дейт:

Бардыгынан күч-кубаттуу, Бардыгынан жоомарт Сенден бөлөк, башка Кудай жок. А дегенде кандай болсо, аягында да, дал ошондой болгон Орундаштыруучу Сенден бөлөк, башка Кудай жок. О, Кудай айланайын Кудайым! Сенин кечиримиң менин көңүлүмдү көтөрдү, Сенин ак көңүлдүүлүгүң мага күч берди, Сенин чакырыгың мени ойготту, Сенин ырайың мени көтөрдү жана Сага карай алып келди. Мындай болгондо Сага жакыныраак келген шаарчаңдын дарбазасынын жанында турууга мен кандайча батына же Сенин эркиңдин асманынан жарк эткен отторуңа карай менин жүзүмдү бура алар элем? О, менин Теңирим, Сенин ырайыңдын эшигин черткен ушул бечера пендени, ошондой эле Сенин марттыгыңдын колдорунан чексиз жашоонун өзөнүн издеген, ушул жандай салып өтүп бара жаткан жанды, Сен көрүп турасың. Бардык ысымдардын Теңиринин өзү Ким болсо, ошол, о, Сен, Сага-бардык учурларда бийлик жүргүзүүгө туура келет; о, көктүн Жаратуучусу, мага Жүгүндүрүп, таазим кылдырган, Кереметтүү Кеңдигиңе, Кол кууштуруп, кулдук урдурган, Сенин Улуу Тилиң менен айтылган-Урматыңды моюнга алдырган. Алкоо Сага, Даңк Сага, Касиеттиңден кагылайын Кудайым!

Анан өйдө туруп мындай деш керек/:

О, Теңирим, кудуреттүү Кудайым! Күнөөмдүн салмагынан, Бел ийилип боздодум. Камаарыбай калганыман – Ойрон болот окшодум. Менин кылган жамандыгым, жоругум, Мээни мыжып, кут учурат, ойлосом. Аалам эңсеп, үмүт кылган, Ай-чырайлуу Теңирим! Мен уялам, тик көтөрүп турасың, Аккан менин көз жашым, Алкаганга Сени эскертпей жатпайбы. Сенин кылган кайрымыңды, Кантип эске сактайлы. Асман тагын, жер аймагын ээлеген, О, Жараткан Эгедер! Аян берген сөөлөтүңдү пир туту, Сенин өкүм-бийлигиңди сыр тутуп. Сага теңир, сыйынам! Сенин жоомарт пейлиңдей, Сен жактырып сүйгөндөрдү – Дал Өзүңдөй туюнам. Мүлдө ааламды кармап турган Кудайым, Кандай сонун Сенин берген жыргалың. Көрүнгөн же көрүнбөгөн нерсенин Өкүмдары! Бийлигиңде бир Сенин!

Анан улуу Урматтуу Ысымды үч кайталап, тизе бүгүп маңдайды жерге тийгизип, мындай деш керек/:

Кудайга шүгүр, алкыш Сага! Өзүңө тартып алганыңа. Берген ырыскы-шыбагаңа, Баарына жакшылык кылганыңа, Көктөн жөнөткөн Китебиңе. Жазган Жазуу – Буйругуңа. Калкала бизди, сакта жана Азгырбасын жалган санаа. Курулай эмес, шаан-шөкөт, Кудайга тообо, жалынам Сага! Баарын берген, баарын көргөн кудуреттүү Акыйкатта бир Өзүң гана!

Анан башын көтөрүп, отуруп келме келтирет/:

О, Жараткан Теңирим! Тандамал Сенин өкүлдөрүң. Күбө болуп, эмнени далилдегенин-Күбө өтүп, мен да далилдеймин. Жогорку Бейиште жашагандар, Кимди акылы менен тааныганын – Мен да таанып, - табынамын. Сенин керемет тагыңды, Эмнелер курчап турганын – Таанып – билип таазим кыламын. Асманда, жерде өкүм сүргөнүн – Ал негизиң, Сенин өзөгүң, Чыныгы Ээси Сенсиң дүйнөнүн!

Акыйкатта билип кой. Кудайдын ар бир доорунда Кудайдын Аяны адамдардын рухий шык-жөндөмүнө жараша түздөн-түз жөнөтүлөт. Күндү алып көр. Күн жаңыдан чыга баштаганда анын нурлары алсыз чачырайт. Акырындап, бардык жандууларды күч алып бараткан жарыгына көндүрүп, ал чакыйып төбөгө келгиче жылуулугу жыргатып көбөйө берет. Ошондой эле күн уясына акырындап күчүн азайтып, меелүүндөп, сууп барып батат. Ал кокустан бүткүл алоолонгон жарыгынын кубаты менен чыга калса, дароо эле бардык жаратылгандарды куйкалап, өрттөп, кетмек... Ошол сыяктуу эле Чындыктын да күнү өзүнүн адепки пайда болгон мезгилинде Кудуреттүү Кудайдын аяны берген бардык күч-кубаты менен чыга калган болсо, жер жүзүндөгү адамзаттын акыл-эси дароо эле соолуп, кургап, куйкаланып калмак. Анын Аяндарынын жалбырттап жанганын Адам жүрөгү көтөрө албай, чагылышкан нурларына чыдай албай жарылып кетмек. Бүрүшүп, уйпаланып, куйкаланып отуруп, адамдар жашоосун токтотмок, жер үстүнөн жок болмок.

О, Кудай деген пенделер, жүрөгүңөрдү эң ишенимдүү, теңдешсиз Досуңардын акыл-кеңешине бургула, кунт коюп уккула. Кудайдын сөзү адамдардын жүрөктөрүнө тамырланып жаш көчөт сыяктуу болуу керек. Асманга андан да бийик көтөрүлүш үчүн, тамырыңар терең кирип, шак-бутактарыңар кең жайылып өсүш үчүн касиеттүү жана көтөрүңкү сөздөрдү сугарып турган даанышмандыктын мүрөк суусуна канып, силерге акылмандыктын өзөгүнөн чыгуу милдети тагылган.

О, силер жер үстүндө жашагандар! Чексиз улуу Ачылыштын артыкчылыгы тааныла турган өзгөчөлүк мына, мында биринчиден, адам баласынын арасында боло турган чыр-чатак, жаңжал, кыйнаттык, мүшкүлдөргө себепкерлердин бардыгын биз Кудайдын ыйык Китебинин барактарынан таптакыр өчүрүп салдык, экинчи жактан - толук жана туруктуу, бекем биримдиктин өз ара макулдашуу, келишүүлөрүнө, негизги шарттарды түздүк. Менин осуяттарымды сактагандар сөзсүз бейишке чыгат.

Атүгүл чыр-чатактын жыты жыттанган жерден бирин-бири сүйгөн ашык жарларды оолак болууга кайрадан – кайра акыл-кеңешибизди айттык. Дүйнө дүрбөлөң түшүп, чоң бүлгүнгө, ааламатка баратат, аны токтотууга адамдардын чамасы, акылы жетпей кала турган болду. Адамдарды Ал Өзүнүн атак-даңкынын адилеттүүлүгү менен агартып-көгөртүп, өзүнүн Кайрымын көрсөтүп, Ыйрамын төксө экен деп, жалынып суранабыз, алар үчүн ар кандай шартта, ар кандай убакта пайдалуу жол таап берүүсүн тилейбиз. Ал, акыйкатта, бардыгынан Жогору, бардыгына бийлик кылуучу Өкүмдөр.

Мен камактын каарынан камыгып, кайгырып турганым жок. Кемсинткенге да, кордогонго да, кыйнаганга да кейибейм. Душмандарымдын колунан эмне жамандык келсе, көтөрөм! Ал-мени даңкым болот, ал Даңк менен Кудай Өзүнүн шаңдуу кылган. Ооба, муну билип койгула!

Мен көтөрүүгө мажбур болгон маскаралык – даңка чулганды, ал бардык жаралгандарды курчады. Мен баштан өткөргөн катаал ырайымсыздык аркылуу адамдарга жарык чачкан Адилеттүүлүктүн Күндүзгү Шамчырагы жаркырады. Ким өзүн жаман адаттарга көндүрсө, мен ошого кайгырам, бирок Ырайымы артык, Кайрымдуу, Даңктуу Кудайдын Ишенимине таандык боолууга талаптандырат. Бахтын эли дүйнөдөгү тынчтык үчүн жана андагы бардык жаратылгандардын жыргалы үчүн өлүүгө туура келет, бейиштегилер алардын кийимдеринен касиеттүү куттун жыпарын искеш үчүн, Баардыгынан Ырайымдуу Кудайдын мээримин алардын жүздөрүнөн көрүш үчүн бардыгынан Кудуреттүү, бардыгынан Даанышман Кудайдын жышаан белгилери алар аркылуу жайылыш үчүн Бахтын эли жердеги ар нерседен баш тартууга туура келет. Кудайдын Ишинин жаркыраган Ысымын жаманатты кылгандар, дене жыргалына азырылгандар сөзсүз оор күнөөгө батат. О, жүйүттөр! Кудайдын Руху болгон Ыйсаны айкаш жыгачка кайра да кергиңер келсе, аны коюуп Мени кергиле, анткени ал мен болуп, Менин кейипимде кайрадан келди. Мени эмне кылсаңар ошо кылгыла, анткени Мен Кудай Жолунда Өз Өмүрүмдү кыюуга убада кылгам. Эч ким Мени коркута албайт, атүгүл бүт жер жүзүнүн, Асмандагы күчтөрдүн бардыгы биригип турса да сесетене албайт. Инжилди жолдоочулар! Кудайдын Русулу

О, садагаң кетейин Кудай! Алакан жайып, салбырап колум сунам, Сенин мээримиңди бейишиңди сурайм. Тилегимди кабыл кыл, О, кагылайын ырайымы артык Кайрымдуум!

Анан отуруп, мындай деш керек/:

О, Жараткан Кудай! Жалганда жалгыз Өзүңсүң! Мээримиң бирдей төгүлсүн. Анткени, Өзүңдөн башка Кудай жок! Акыйкатта, осуятыңды орундап, Өз ишиңди аткардың. Асманда, жерде жашагандын, Баарына энчи кылып жыргалдарын, Эшигин бейишиңдин ачып салдың. Өзүң сүйгөн пенделерге, Өзүңдүн батаң тийсин. Куттук айтып, үйүнө тынчтык кирсин. Сый – урмат, даңка жетсин, Оомалуу-төкмөлүү өң кубулткан дүйнөдө, Өзүңдөн ажыратпай, Оопайлык, кемпайлык алыс кетсин...Өзүндө болгондорун Сага берген - Өзүңдөн үмүт кылган пенделерге, Тилеген тилегин берсин. Акыйкатты, баарын берген Өзүңсүң! Ар дайым кечирген да Өзүңсүң!

Узак сөздөрдүн ордуна муну мындай деп колдонсо да болот/:

Кудай өзү көрүп турат, Кудайдын башка Кудай жок. Коркунучта колдоп алар, Жамандыкта жардам кылар, Жараткан Теңир бир Өзүң!

Эгерде отуруп сыйынган киши так ушундай эле төмөнкү сөздөрдү айтса жетиштүү/:

Жараткан күч ааламда, Жалгыз гана Өзүңсүң! Кудуреттүү Кудайым, Өзүңдөн бөлөк Кудай жок.

#3956
- Bahá'u'lláh

 

Күн сайын бир жолу окулат

Бул келмени окугандар ордунан туруп, оң ийнине, анан сол ийнине ыклас кылып, Ченемсиз Кайрымдуу, Чексиз Боорукер Жараткан Теңирге мындай деп кайрылуу керек/:

О, асманды жараткан, Баарыбызга, ысым берген. Кудай кудуретиңден! Көзгө көрүнбөгөн, Көккө бийик көтөрүлгөн, Ааламга жарык берген. Ченемсиз даңазалуу даңкың менен, От чыгар мен келтирген келмелердин, Далдалаган парданы өрттөп салсын. Жашырбай ай-чырайыңды менден, Сен турган мухитке алып барсын.

Анан Кудайга кайрылган ушул келмеге кол тийгизип Ал урматтуу улук болсун, зоболуу бийик болсун деп төмөнкү сөздөрдү айтуу керек/:

О, ааламды жараткан бир Өзүң, О, адамдын көксөгөнү бир Өзүң! Кайрылам да жанынам. Жалынганды Өзүң көрүп турасың. Ниетим ак, дитим чаппай башкага, Сага гана байлангам. О, Жараткан Теңирим! Мен Кудайдын кулумун, Кулуңдун перзент уулумун! Мени көр көңүл бөлүп, Каалаган тилегимде даяр турган. Эркиңе моюн сунган. Сенден бөлөк эч кимди издебеген, Сыйынган бир Өзүңө, Чалкардай мээримиңдин нуру менен, Лазатыңдын күндүзгү күнү менен. Кандай каалап, кандайын туура көрсөң, - Так ошондой кулуңа буйругуң бар. Кагылайын Кудайым, кудуретиңден! Бийик турган мактоодон, эскерүүдөн! Сен мага алдыма ачып жараткандар – жанга дем, жанга жагат. Жан – дилим чын сүйүп, кабыл алат. О, Жараткан Теңирим! Алаксыба менин үмүт, иштериме, Жаза бер жазмышыңды. Асман жер кучагыңда, өз эркиңде. Сенин улуу, урматтуу атың менен. О, Кудай, кудуретиңден! Сен каалаган нерсени мен кааладым, Сен жактырган иштерди, мен жактырдым.

Анан тизе бүгүп, башты жерге тийгизип, мындай деш керек/:

Сеникинен тышкары кандай сезим болбосун, Сен жогору турасың. Сеникинен тышкары кандай туюм болбосун, Сен жогору турасың.

Анан өйдө туруп, мындай деш керек/:

О, Жараткан Теңирим! Мен келтирген келмени узак кыл да, Мүрөк суу агып чыккан булак кыл да. Сенин дооруң канча убак өкүм сүрсө. Так ошончо жашайын жылдан-жылга. Сенин сансыз дүйнөнүн ар биринде, Сени эскерип турайын ар күнүмдө.

Анан колдору кайрадан келмеге тийип, мындай деш керек/:

О, кудурет! Сен жок болсоң- Жүрөк менен жаным эрип жок болот. Сен бар болсоң-Сүйүң менен дүйнө жанып от болот. Атыңды атап, мен Өзүңө жалынам. Жаралгандын баары Сага багынган. Айрылбайын Сенде болгон нерседен. О, Кудурет, баарын тейлеп, даарыган, Мени көрүп тургандырсың, Жараткан. Мен мусаапыр шашып Сага бараткан-Көкөлөп жаап турган этегиң, Чексиз бийик көтөрүлгөн үйүңө. Сенин жылуу мээримиңе бет алган, Сенин улуу урматыңды сүйүүгө. Боорукерлик кайрымыңдын чегине. Мен бактылуу акыры бир жете алсам. Сенин айкөл кечирүүңдү кең пейил. Издеп келген момунуңду карагын, Даңазаңдын короосуна умтулган. Көрсөң боло төмөн турган абалын. Байлыгыңдын таң нуруна умтулган. Байкушуңду кулпендеңдей санагын. Сенин эркиңине кааласаү, бурюрсаң. Мактоо Сага жарашат деп туюнган. Дитим Сенин буйругуңа бурулган, Осуят, ишиң жолтоосу жок угулган.

Анан колду көккө көтөрүп, чексиз улуу ысымды үч мертебе кайталап, кайра жүгүнүп, колду тизеге коюп, Кудай алдында, Анын даңазасы менен зоболосу көтөрүлсүн – деген соң мындай деш керек/:

Көрүп турасың, кагылайын Теңирим! Сени эстеп, куса болуп. Сени даңктап, Сага умтулуп. Сага таазим кылууга – Он эки мүчөм, бүт делебем козголонду. Бийлик кылган өзтилиңде. Асманы кең билимиңде. Осуятыңды,Өз оозуң озуңдан айтканды-Менин дилим айгинелеп жатпайбы. Айланайын, Теңирим! Мына ушундай абалда, Сага умтулуп барам да. Баарын Сенден барып сурап алам да. Көрсөтүп менин байкуш экенимди, Көкөлөтүп Сенин байлык, берекеңди. Жана да менин алсыз экенимди, Келтирүүгө Сенин күч-кудуретиңди!

Анан өйдө туруп, эки ирет колду көтөрүп, Кудайга жалынып, мындай деш керек/:

Кудурети күчтүү, Берекеси артык, Өзүңдөн башка Кудай жок. Башталышында да, аякталышында да осуят айткан. Өзүңдөн башка Кудай жок, О, Теңирим, кудуреттүү Кудайым! Кечиргениң – мага дем-күч, Сенин мээриң мага кубат, Чакырыгың мени ойготту. Жыргалың тургузду да алдыга алып басты. Сен жашаган шаардын капкасына. Антпесең, даап бардып турат белем? Көрүп турсуң, кагылайын Кудайым, Жыргалыңдын капкасын каккылаган, Жардамсыз байкуш жанды. Айланайын Кудайым! Осуяттың-осуяты бардык кылымдардын. О, Жараткан Теңирим! Теңирисиң бүт бардык ысымдардын. Аң-сезимдүү баш ийип же баш тартканым, Сенин гана эркиңде, асманды Жаратканым!

Анан тизеге бүгүп, башты жерге тийгизип, мындай деш керек/:

Бардык улуу улуктан Кудай улуу!

Анан тизе бүгүп, башты жерге тийгизип, мындай деш керек/:

Жанында тургандарды макташ үчүн, Жакындап асманыңа барыш үчүн. Бир Өзүңө берилген жүрөк кушу. Жетип барып капкаңды кагыш үчүн-Сен өтө эле алыссың да бийиксиң! Сенден башка Кудай жок! Эң даңктуусуң, эң урматтуу Улуксуң!

Анан отуруп айтуу керек/:

Бардык жаратылгандар, Бардык топ жылдыздар, Жогорку бейште жашагандар, Улуулуктун Тили, шаңкайган асман бети, Далилденген бул чындыкты-Мен далилдеп күбөгө өтөм, Өзүңдөн башка Кудай жок деп. Ал бизге жарк ачылган керемет сыр, Кымбат Белги, баалуу Жышаан, Болсун десе, болуп калган. Ушул сөздүн тамгалары биригип, Бир сөз болуп кошулган. Анын аты Жогоркунун каламынан, Жараткандын Китебинде жазылган. Төбөмдөгү кең асманда. Төмөндөгү жер тагында, - Отургандын көңүлүнө басылган.

Анан түз туруп мындай деш керек/:

О, мүлдө ааламда жашаганды Жасаган! Көзгө көрүнбөгөндү – көрүнгөндү Ээлеген! Шуу үшкүргөн демге кулак төшөгөн, Себелеген көз жашымды ээлеген. Үнүмдү уккан озондогон, онтогон. Жүрөктөгү ыйымды угуп жөлөгөн-Кудуретиңден айланайын Кудайым, Сенин сүйүп турганың, Мага байлык ээлеген. Эгер Сенден айрылсам, Ажал арбап мен өлөм. Оолактасам, бөлүнсөм, Ойрон болом Кудай уруп төбөмөн. Эрме чөлдө кадамыңа сыйынам. “Мен мындамын, мен мында!”-деп жалынам. Сен тандаган өкүлдөрүң, Бул сөздү айтып, ээн жерде табынган. Сен Ачканды-дем тутуп, Сен көрүнгөн –Таң шооратын мен жутуп, Ажарыңды бир карасам туюнам. Китебиңде жазылганды сактоону, Жазмыш мага буюрган.

Анан Улуу Ысымды үч жолу кайталап, жүгүнүп тизени кармап, мындай деш керек/:

Айланайын, Кудайым! Сен эскерип табындым. Даңктаган жардам бердиң. Акылым менен тааныдым. Алкоо Сага, даңк Сага! Аян берген-Аткан Таңым Сенин Бийик Мартабаңда. Мажбур болуп жаткан чагым. Сенин Улуу Урматыңа Сенин эркиңе моюн сунууга жана өз ыктыярым менен багынуу жөндүү!

Андан соң катыштуу алакандардын үч ирет жаят да, да дейт:

Кудай ар кандай улуулуктардан ашыкча улуу!

Андан соң тизелей отурат да, жерге карай маңдайын ийип, дейт:

Сага карай жакын турган акылдаштарыңдын алкоосу Сенин жакыныраак келген Сенин асманыңа жеткидей болсун үчүн жана Сага берилген жүрөктөрдүн канаттуулары Сенин дарбазаңдын эшигине карай көтөрүлө алсын үчүн Сен өтө эле бийиксиң. Бардык аныктамалардан Сенин ашыкча касиеттүү жана бардык ысымдардан ашыкча ыйык экендигиңе күбө өтөм. Өтө көкөлөтүлгөн, Бардыгынан даңктуу Сенден бөлөк, Кудай жок.

Андан соң отурат да, дейт/:

Бардык жаратылгандар, тоолук Адамдар да, өтө жогорудагы Бейиштин жашоочулары да, алардан тышкарылар да, бардыгынан даңктуу Көк мейкиндин Улуулугунун Оозунун өзү: Сен Кудайдын өзү экендигиңди, Сенден бөлөк, Кудай жок экендигин, ошондой эле Ким келген болсо, Ким аркылуу “Болсун” деген сөздүн тамгалары бирге бириктирилген жана бекитилген болсо, Ошол Касиеттүү Сырдын, Асыл нарктуу Элестин өзү экендиги туурасында күбө өтүшсө, ошолор туурасында күбө өтөм. Кимдин ысмы. Бардыгынан жогорунун Калеми менен чийилген жана Кимде-ким Кудайдын Китептеринде, тоодогу жана өрөөндүү жердеги Тактынын Ээси тарабынан эске алынган болсо, Ошонун өзү Ал экендигинде күбө өтөм.

Андан соң өйдө болот да, дейт/:

О, бардык жандардын Теңири жана бардык көрүнгөндөрдүн жана көрүнбөгөндөрдүн Ээси! Сен менин көз жаштарыма жана үшкүрүктөрүмө назар салып, ошондой эле менин онтоолорумду жана менин боздогондорумду, ананда менин жүрөгүмдүн ыйларын угуп отурасың. Сенин күч-кубатыңдын алдында аңт беремин. Менин жазыктуу күнөөлөрүм мени Сага карай жакындоого мүмкүнчүлүк беришпей отурушат, андыктан менин күнөөлөрүм мени Сенин олуялык сарайыңдан оолагыраак кармап жатышат. О, менин Теңирим, Сенин сүйүүң мени байытты, Сенден ажыроонун өзү мени ойрондоп, анан да, Сенден алыстоо мени жок кылат. Ошол чөлдөгү Сенин издериң менен, ошондой эле ошол учу-кыйыры жокто Сенин Тандалмаларың айтышкан “Мен мына, Мен мына ” деген сөздөр мене да, Сенин Ачылыштарыңдын деми менен да, Сенин Келишиңдин Шоокумунун назик желаргысы менен да- мен Сенин ырайыңды өз көзүм менен көрө жана Сенин Китебиңде эмне болсо, ошонун бардыгын кармана алгыдай орундаштыр, деп Сага сыйынам.

Адан соң Өтө улуу Ысымды “Алла-у-Абха”-деп үч ирет кайталайт, эңкейет, колдорун тизелерине алып, анан дейт/:

О, айланайын Кудайым! Сага алкоо, анткени Сен мага эске алууга жана мактоого жардам эттиң, ошондой эле Кимде – ким Сенин жышаандарыңдын Таңынын өзү болсо, Ошону тааныта, алдың, анан да, мени Сенин үстөмдүгүңдүн алдында жүгүнүүгө , ошондой эле Сенин Кудайчылыгыңдын алдында моюн сунууга, анан да, Сенин улуулугуңдун Оозу эмнени оозанса, ошону моюнга алууга мажбурладың.

Андан соң өйдө болот да, дейт/:

О, Кудай айланайын Кудайым! Менин белим өзүмдүн күнөөлөрүмдүн эзүүсү астында ийилди, анан да, мени өзүмдүн шалаакылыгым ойрон кылып жатат. Ар кандай, мен өзүмдүн жосунсуз жоруктарым жөнүндө жана Сенин изги ниеттериң туурасына ойлогон мезгилде менин жүрөгүм сыртка чыкпай ээрип, ал эми каңым болсо, кан тамырларымда кайнайт. О, Сен, дүйүнө жүзүнүн Эңсөөсү Сенин сулуулугуңдун алдында ант берем! Мен өзүмдүн жүзүмдү Сага карай көтөрүүгө батына албайм жана Сенин марттыгыңдын асманына карай менин сыйынган колдорумду катыштыруудан уялам. О, менин Кудайым, менин көз жаштарым Сени эске алууга жана Сенин изги нерселериңди көкөлөтө даңктоого мага кандайча мүмкүнчүлүк бербей жатат. О, Сен тоодогу жана өрөөндүү жердеги Тактынын Ээси, көрүп турасың! Сенин Падышачылыгыңдын жышаандары Сенин өкүмчүлүгүңдүн сырлары менен Сага жалбарам, - о, бардык жандуунун Теңири, Сенин жоомарттыгыңа кандайы ылайык келсе, о, көрүнгөн жана көрүнбөгөн Падышасы, Сенин ак көңүлдүүлүгүңө окшошо алса, Сенин сүйгөндөрүңө ошону жаса!

Андан соң Өтө улуу Ысымды “Алла-У-Абха” деп үч ирет кайталайт, тизелей отурат да, жерге карай маңдайын ийип, дейт/:

О, менин Кудайым, Сага алкоо, анткени Сен бизди Сага карай эмне жакындатса жана бизге бардык жакшылыктарды берсе, Сен тарабынан Сенин Китептериңдеги жана Сенин Жазмаларыңдагы эмнелер ылдый жөнөтулсө, ошолорду бизге төмөнгө жөнөттүң. О, менин Теңирим, кыялдагы, шаңдуу ойлордун жана курулай тилектердин кошуунунан бизди сакта деп, Сага сыйынабыз. Сен, акыйкатында, Күч – кубаттуусун, Бардыгын билүүчүсүң.

Андан соң башын көтөрүп, отурат да, дейт/:

О, Кудайым, Сенин Тандамалдарың эмнелер туурасында күбө өтүшкөн болсо, ошолор туурасында күбө өтөмүн, анан да бардыгынан жогору Бейиштин тургундары тарабынан жана Сенин күч-кубаттуу Тактыңды эмнелер курчап турса, ошолор тарабынан эмнелер моюнга алынса, ошолорду моюнга аламын. О, дүйнөлөрдүн Теңири, жердеги жана көктөгү падышачылык Сенин маңызың!

#3957
- Bahá'u'lláh

 

Уй-бүлө

О, кагылайын Кудайым, сенин Кечиримиң туурасында сыйынам, ошондой эле Сага карата кайрылууга Сенин кулдарыңа Сен кандай каласаң, ошого ылайык кечирим берүү туурасында жалынам. Сенин үстөмдүгүңө кандай кылуу тиешелүү болсо,биздин күнөөлөрүбүздү жууп, ошондой эле мени,менин ата-энемди жана ким Сенин пикириңде Сенин чексиз бийлигиңе туура болгондогудай жана Сенин көктөгү күчтөрүңдүн даңкына ылайык келгендегидей Сенин сүйүүңдүн имаратына кирсе,ошолорду да кечирип коюңуду сурап Сага сыйынам.

О, кагылайын Кудайым! Сага карай өзүмдүн сыйынууларымды айтууга менин жан дүйнөмдү Сен шыктандырдың,ошентин, Сен болбогон кезде,мен Сага карай чакырылмак эмесмин. Сен улуусуң жана даңктуусуң; мен Сага алкоо айтамын,анткени Сен мага ачылдыд, андыктан мени кечир деп, сыйынам, анткени Сени таанып-билүү милдетин аткаруу мага жетишпейт жана Сенин сүйүүңдүң жолунда мен көп нерселерге жетише алган жокмун.

#4049
- The Báb

 

Ата-энелер үчүн О, Теңир! Ушул эң улуу Осуятта алардын ата энелери үчүн балдардын сыйынууларын кабыл аласың.Ушул Осуяттын өзгөчө сансыз белектеринин бири ушундай.0шондуктан,о,жакшылыктуу Теңир, Сенин жалгыз жашаган босогоңдун жанындагы Сенин кулуңдун суранычын кабыл ал жана анын атасын Сенин ак көңүлдүүлүгүңүн океанына чөгөр,анткени ушул уулу Сага кызмат кылууга көтөрүлдү жана Сенин сүйүүңдүн жалгыз аяк жолунда ар кандай сааттарда тырышчаактыгын көрсөтүүдө.

Акыйкатында, Сен Сыйкорсуң, Кечиримдүүсүң, Жакшылыктуусуң.

#4050
- `Abdu'l-Bahá

 

Ушул келмени күн сайын окуу милдетүү

О,Кудай! 0,Кудай!сенин алдыңда Канаты куш ушул,анын учуусу да жай;-гүлдөөнүн жана кутулуунун чокусуна карай ал уча алгыдай болсун үчүн ага жардам бер, чексиз мейкиндиктерге жогорку кубаныч жана шаттык менен анын учуусуна жол бер, Сенин эң улуу Ысмыңдын урматына анын обонун бардык аймактарга жеткир, ушул чындык менен угар кулагын жыргая жана көздөрүн жетекчиликтин жышаандарын көргөзүп жаркырат.

О, Теңир! Мен үй-бүлөөсүз, жалгыз, жетиммин. Сенин бөлөк, башка колдоо,Сенден тышкары,башка жардамчы,Сени эске албаганда, башка таяныч менде жок.Сага кызмат кылууда мага күч бер, Өзүңдүн бир топ периштелериңди мага жардамга жөнөт,Сенин Сөзүңдү жарыялоодо мага жеңишти тартуула,Сенин жараткандарыңдын арасында Сенин акылмандыгыңды кабарлоону мага ылайык көр. Акыйкатыңда, Сен ушул алсызга коргоочусуң, акыйкатыңда, Сен Башкаруучусуң, Куч-кубаттуусуң Тоскоолдукту сезбейт элең.

#4046
- `Abdu'l-Bahá

 

Келме батыш штаттардагы бахаилер үчүн ачылган/

О, айланайын Кудайым, Сага алкоо! сенин ырайымдуулугуңдун жыпар жытына тартылган, Сенин жалгыздыгыңдын дарагында алоолонгон отунан жалындаган Сенин кулдарың ушул;алардын көздөрү Сенин жалгыздыгыңдын, Синайда жаркыраган эң соонун жарыгы менен жарык кылынган.

О,Теңир! Сенин элдериңдин арасында Сени алар эске алгыдай болсун үчүн алардын тилдерин чыгар; Сенин ырайың жана ак көңүлдүүлүгүң менен Сени алкоого аларга ылайык көр, Сенин периштелериңдин кошууну менен аларга жардам бер, Сага кызмат кылууга алардын белин бек буу жана аларды Сенин жараткандарыңдын арасындагы Сенин жетекчилигиңдин жышаандары кыл.

Акыйкатында, Сен Бардыгынан күч -кубаттуусуң, өтө бийиксиң, Түбөлүк Кечиримдүүсүң, Бардыгынан ак көңүлсүң.

#4047
- `Abdu'l-Bahá

 

/*елме Канададагы бахаилер учун ачылган/

Кудайдын жыпар ЖЫТЫН таркатуучулар ар күнү эртең менен ушул сыйынууну айтууга тийиш./

О,Кудай,айланайын Кудайым!Ушул куч-кубаты жок көктөгү күчтөрдү кан-дайча сурап жатат,ушул бечера Сенин бейштеги казыналарың туурасында кантип сыйынып жатат,ушул чаңкаган түбөлүк жашоонун башаты туурасында кандайча эңсейт ушул сыркоо Сенин Жогорку Падышачылыгыңда Сенин тандалган кулдарыңаСен кимди багыштасаң, Сенин чексиз ак көдүлдүүлүгүң аркылуу убада кылынган айыгууну кантип тилеп жатат Сен көруп турасың.

0,Теңир! Сенден бөлөк, башка жар дамчы, Сенден тышкары, башка жашырынар жай,ошондой эле Сени эсепке албаганда башка, таяныч менде жок. Сенин касиеттүү жыпар жытыңды жеткирүүгө жана Сенин элиңдин ичиндеги тандагандардын арасына Сенин окууңду таркатууга Сенин периштелериңдин кошууну менен мага жар дам бер.

О, кагылайын Теңирим! Сенден бөлөк бардык нерселерден аша көчүүгө, Сенин жоомарттыгыңдын кийиминин этегинен бекем кармоого, Сенин диниңе баш-отум менен берилген болууга,Сага карай сүйүүдө катуу жана бекем бойдон калууга жана Сенин Китебиңде Сен эмнени буйрусаң ошолорду сактоого мени ылайык көр.

Акыйкатында, Сен башкаруучусуң , Күчтүүсүң, Бардыгынан зорсуң.

#4048
- `Abdu'l-Bahá

 

Хукукулла

О, менин Жан тартуучу Теңирим, Сен даңктуусуң! Сенин ыйык сөз тутумдарыңдын океанынын добушу менен, ошондой эле Сенин жогорку өкүмчүлүгүңдүн көп түрлүү жышаандары менен, Сенин Кудайлыгыңдын бардыгын багындыруучу күбөлүгү менен, анан Сенин Билимиңде тыянакталган касиеттүү сырлар менен, - Сенин ак көңүлдүүлүгүң боюнча, Сага кызмат кылууга жана Сенин тандаганың болууга мага уруксат бер, ошондой эле Сенин Китебиңде осуятталган Сенин Хукукуңду урмат менен айта келүүнү чечип бер, - деп мен Сага сыйынам.

О, Теңир, ким Сенин даңк дүйнөңө сүйүүсү артып кирсе жана Сенин жоомарттыгыңдын кийиминин этегинен бекем кармаса, ошол мен. О, Ким бардык жандын Теңиринин өзү жана Падышачылыктын Ысымдарынын Өкүмдары болсо, ошол, Сен,- Сен эмнеге ээлик кылсаң, ошондон мени айырба, ошондой эле Сенин тандалган кызматчыларың Үчүн Сен эмнени багыштасаң, ошондон мени куру калтырба, - дер Сенден суранам.

О, бардык ысымдардын Теңири жана асмандарды Жаратуучу, жарыкчылыктын убаракерчилиги мени жамынчы сыяктуу ороп албагыдай болсун үчүн, ошондой эле Сенин күндөрүңдө Сенин элиңди жолдон чыгарууну ойлошкон кара санатайлар тарабынан көтөрүлгөн жаалданган дүрбөлөң мага жолтоо болбогудай болсун үчүн Сенин Ишиңде туруктуу болууга чыңдоочу жыргалың менен мага жардам бер, - деп Сага сыйынам. О, менин жүрөгүмдүн Эңсөөсү, ушул дүйнөнүн жана келечектеги дүйнөнүн жакшылыгын мен үчүн аныкта. Акыйкатында, Сенин эркиң боюнча жаратууга Сенин бийлигиң бар. Түбөлүк Кечирүүчү, Өтө жоомарт, Сенден бөлөк Кудай жок.

#4075
- Bahá'u'lláh

 

Эртең менен

О, айланайын Кудайым, аман-эсен түкөчүңдөн ойгондум; ким ушул Сенин түнөгүңдүн тапсаң ал коргогон Сыйынуучу жайда. О, Теңир, Сенин аян берген тан кудуң делебимди байкашкан сыяктуу ачылышыңдын жаңкы жарыгы, жай дүйнөмдү жаркыраттын.

О, менин Кудайым, Сага алкоо айтамын, анткени менин уйкумдан Сен мени ойготтуң, ошондой эле менин жоголуп кетүүмдөн кийин мени кайрадан тургуздуң, анан да, менин үргүлөөмдөн мени тугуздуң. Ушул таңда ойгонуп, Сенин белгилериңди таанып, Сенин Китебиңе ишенип, Сенин Учугуңду бекем кармап, Сенин күчтөрүңдүн жана Сенин Ачылышыңдын Күндүзгү Жылдызынын жаркырашын карай мен өзүмдүн жүзүмдү бурдум. Сенин эркиңдин күч-кубаты жана Сенин ойлогон оюңдун бардыгын багындыруучу бийлиги менен: менин түшүмдө мага Сен эмнени көрсөткөң, ошондон Сага карай сүйүүнүн мекендеген сүйүүнү, ошондой эле Сенин жыргалыңдын жана назик камкордугуңдун белгилерин көрсөтүү үчүн өтө мыкты куралды жарат.

О, кагылайын Теңирим, Сенин өтө көкөлөтүлгөн Калемиң менен ушул дүйнөнүн жана келечектеги дүйнөнүн жыргалчылыгын мага буюр. Бардык нерселердин тизгинин Сен Өзүңдүн колуңда кармап тургандыгыңа күбө өтөмүн. Сен аларды, Сен каалагандай алмаштырасың. Күчтүү, Ишенимдүү Сенден бөлөк Кудай жок.

Ким Өзүнүн буйругу боюнча кемсинүүнү даңка, ошондой эле алсыздыкты-күчкө, каруусузду – күч-кубатка, коркунучту – бейпилчиликке, шек саноону-аныктыкка айландырса, Ошонун өзү Сен. Күч-кубаттуу, Жакшылык кылуучу, Сенден бөлөк Кудай жок.

Сени ким издесе, Сен эч кимдин көңүлүн калтырбайсың, Сага карай ким умтулса, Өзүңдөн эч кимди түртө салбайсың. Сенин жоомарттыгыңдын асманына жана Сенин белектериңдин океанына эмне ылайык келсе, ошону мен үчүн жаз. Сен, акыйкатында, Бардыгынан күч-кубаттуусуң, Өтө күчтүүсүң.

#4071
- Bahá'u'lláh

 

Occasional

Tablets