О, изги Теңир, о Жоомарт жана Кайрымдуу! Биз Сенин Кудайлык биримдигиңдин алдына чогулган босогоңдогу пенделериңбиз. Сенин ырайымдуулук күнүң бардыгына жаркырап тийип жана кайрымдуулук булутуңан бардыгына нур жаап турат. Сенин ырыскың бардыгына бирдей жетип, камкор көрөгөчтүгүң бардыгына күч берет, бардыгы Сенин коргооңдун алдында жана Өзүңдүн мээрмандыгың барына бирдей төгүлгөн. О, Теңир! Өзүңдүн түгөнгүс белектериңди жөнөт жана жетекчилигиңдин жарыгы жаркырап турсун. Каректерибизди жарык кыл жана жүрөктөрдү өчпөс бакыт менен шаттыкка бөлө. Бардык адамдарга жаңы рух жана түбөлүк жашоо белек кыл. Акыйкат түшүнүктүн дарбазасын ач, ылайым, ишенимдин жарыгы асемдүү керемети менен жаркырасын. Өз ырайымыңдын көлөкөсү алдында бардыгын чогулт жана аларга биримдик менен ынтымак бер, алар бир күндүн нурларына, бир мухиттин толкундарына жана бир дарактын жемиштерине окшосун. Алар бир булактан суу ичсин, аларды бир шамал термесин, бир жарыктын булагынан нурлансын. Сен Сыйкорсуң, Боорукерсиң, бардыгынан Кудуреттүүсүң.
- `Abdu'l-Bahá