Күнөө кылган жагдайда Кудайдан бөлөк бардык нерседен баш тартып, толугу менен байланбастык абалга жеткен пенде Андан кечирим жана ырайым сурап жалбарышы керек. Кетирген күнөөлөрү жана кылык-жоруктары үчүн адамдардын алдында кечирим сурап сыйынууга жол берилбейт, анткени бул эч качан Кудайдын кечиримине жеткирбейт жана кабыл алынбайт. Ошондой эле, башка пенденин алдында кечирим сурап сыйынуу адамды кемсинтет жана кордойт, ал эми Кудай болсо, ылайым, Анын даңкы бийиктей берсин! - Өзүнүн пенделеринин кордолушун каалабайт. Акыйкатта, Ал Боорукер, Кайрымдуу. Күнөкөр пенде жалгыз абалда Кудайга жалбарып, төмөнкү сөздөр менен Анын ырайымдуулук мухитинен кайрым сурап, жоомарттыктын Асманынан кечирим суроого тийиш:
О, Кудай, айланайын Кудайым! Сенин таттуу сөздөрүңө ушунчалык суктанып, Даңктын туу чокусуна жана шейиттиктин ыйык жайына шашылган Сени чындап сүйгөндөрдүн каны менен жалбарам жана Өзүңдүн илимиңде камтылган сырлар менен жана Сенин кең пейилдигиңдин мухитинде катылган берметтериң менен Өзүңө дуба кылам, мага, атама жана апама кечирим тартуула деп өтүнөм. Ырайым кылгандардын ичинен Сен, акыйкатта, эң Ырайымдуусуң. Түбөлүк Кечирүүчү, бардыгынан Жоомарт Сенден бөлөк Кудай жок.
О, Теңир! Ушул күнөкөрдүн күнөкөрү Сенин мээрим мухитиңе кайрылып, ушул алсыз жан Өзүңдүн ыйык падышалыгыңдан күч-кубат сурап, бул бечара Сенин Байлыгыңдын Күндүзгү Жылдызына карай умтулуп турганын көрүп турасың. Сенин ырайымдуулугуңдун жана куттуулугуңдун аты менен суранам, о Теңир, анын көңүлүн сындырба, Өзүңдүн күндөрүңдө жоомарттыгыңдын ачылыштарынан аны айырба, Сенин көктөгү жана жердеги бардык жандарыңдын алдында кенен ачкан эшигиңден аны алыс кууба.
Аттиң! Аттиң! Менин кылган күнөөлөрүм Сенин ыйыктык Сарайыңа жетүүгө тоскоол болууда, андыктан күнөөлөрүмдүн айынан улуулугуңдун Чатырынан алыс адашып жүрөм. Сен эмнени тыюу салсаң, ошону жасадым, эмнени буюрган болсоң, андан баш тарттым.
Кудуреттүү ысымдар Төрөсүнүн аты менен жалынам - жоомарттыгыңдын калеми менен Өзүңө жакындоону мага буюра көр, кечиримиң менен ырайымдуулугуңдан мени алыстатып бөлүп турган күнөөлөрүмдөн тазала.
Сен, акыйкатта, Кудуреттүүсүң, Жоомартсың. Кубаттуу, Берекелүү Сенден башка Кудай жок.
- Bahá'u'lláh