О, Теңир, көрүп турам, кылган күнөөлөрүм Сенин алдыңда мени маскара кылып жер каратты, алар туш тарабымдан курчап, мени Өзүңдүн керемет Ажарыңдан бөлүп тосуп турат, Өзүңдүн көктөгү күчтөрүңдүн ачылыштарына карай жеткирбей тоскоол болууда. О, Теңир! Эгер Сен кечирбесең, анда мага кечиримди ким бере алат, эгер Сен мага ырайым кылбасаң, анда ким ырайым кыла алат? Сага даңк, анткени Сен мени жоктон бар кылдың, акыл-эс берип азыктандырдың. Сага алкоо, анткени жоомарттыктын бардык күбөсү Сенден тарайт жана ырайымдуулуктун ар белгиси Сенин амириңдин казынасынан төгүлөт.
- The Báb