О, Теңир, Сен жараткан жана жарата турган бардык жакшылыктарды мага буюра көр, жана Өзүңө жакпаган жамандыктын баарынан мени корго. Акыйкатта, Сенин билимиң бардык нерсени камтыйт. Бардык алкоолор Өзүңө болсун! Акыйкатта, Сенден бөлөк Кудай жок, андыктан көктө болобу, жерде болобу, же алардын ортосунда болобу, эч нерсе жана эч качан Сенин эркиңди аткарууга жолтоо боло албайт. Акыйкатта, Сен бардык нерселердин үстүнөн өкүмчүлүк кыласың.
О, менин Аллам, Сенин ырайымдуулугуң менен батаңды сурап жалбаргандар Өзүңдүн маңызыңдын улуулугунан канчалык алыс. Сенин белектериң менен сүйүүңдүн күбөлүгүн келтирүнүү жалынып сурангандар, Сенин асман даңкыңдан канчалык алыс.
Мээримдүү көрөгөчтүгүң менен назик камкордугуңду көрсөт деп сураган жандардан сен ушунчалык кол жетпес бийиктесиң, Өзүңдүн батаңды тилеп, марттыгың менен жакшылыктарыңды сурагандардан Сенин даңкың өтө эле ыйык. Мол сыйлыктырга ээ асман менен жердеги Падышалыгыңда сен бардык жаралыштардан ченемсиз бийиктикте турасың.
О, менин Кудайым, Өзүңдөн жалбарып сурайм, жаным денемди таштап кеткенге чейин, Сенин ыраазылыгыңа ээ болсом дейм, мейли бир тоголок таруудай болсун, мейли бир көз ирмемге болсун, ошол сыйыңа ээ кыла көр. Анткени, эгер Сен мага ыраазы болгон саатта жаным денемди таштап кетсе, мен бардык санаалардан арылаар элем; бирок эгер Сен мага нааразы болуп турган кезде жаным мени таштап кете турган болсо, кандай жакшы иштерди жасабайын алар мага эч пайда алып келбейт, кандай гана кадыр-барк, даңкка жеткен болсом да, алар менин даражамды көтөрө албайт.
Ошондуктан, Сенден жалбарып сурайм, о, менин Кудайым, мени өзүңө карай чакырганыңда жана мени өзүңдүн ыйык Касиеттүү алдыңа барууга буйрук кылганыңда, Өзүңдүн ырайымың менен ак батаңды жибере көр. Анткени, Өз Падышалыгыңдын адамдары үчүн Сен эзэлтен бери чексиз жоомарттыктын Кудайысың. Өзүңдүн Кудуреттүү бийик чегиңди мекендегендер үчүн теңдешсиз белектердин Теңири болуп келгенсиң.
- The Báb