О, айланайын Кудайым! Ыймандуу пенделериңди өзүмчүлдүк менен кумардын кесепетинен сакта; Назик камкордугуңдун кыраакы көзү менен аларды ар кандай кекчилдиктен, жек көрүү менен көрө албастыктан корго, аларга Өзүңдүн камкордугуңдун бузулбас чебинен башпаанек бер, ошондой эле күмөндүктүн жебесинен сакта, алар Сенин даңктуу жышаандарыңдын көрүнүштөрү болсун; алардын жүздөрүн Кудайлык Бирдигиңдин Таңынын Жаркыраган шооласы менен нурландыр, алардын жүрөктөрүн Өзүңдүн ыйык Падышалыгыңдан ачылган аян сөздөр менен кубант, Өзүңдүн даңк Падышалыгыңан түшүрүлгөн баарын кыйратуучу күчүң менен аларды бекемде.
Сен баарынан Жоомартсың, Коргоочусуң, Кудуреттүүсүң, кут Берүүчүсүң!
- `Abdu'l-Bahá