Бул дуба 15 жаштан ашкан маркум бахаилер үчүн окулат. «Маркумдар үчүн дуба – бул жамааттык түрдө окула турган жалгыз Милдеттүү дуба, б.а. топ менен окулушу керек; аны ишенимдегилердин ичинен бирөөсү гана окуйт, ал учурда катышып отургандар бардыгы үнсүз турушат... Бахаулла эскерткен, ... бул дуба маркумдун сөөгү коюлаар алдында окулат жана аны окуганда Кыбылага кайрылуунун кажети жок».
О, айланайын Кудайым! Бул – Сага жана Сенин жышаандарыңа терең ишенип, Сенден башканын баарынан толук арылуу менен Өзүңө кайрылган кулуң жана Сенин кулуңдун уулу. Акыйкатта, Сен кайрымдуулардын арасынан эң Кайрымдуусуң.
О, Сен, адамдардын күнөөлөрүн кечирген жана жосундарын жашырган Алла, бул кулуңа Өзүңдүн жоомарттыгыңдын асманына жана Өзүңдүн кут-берекеңдин мухитине ылайык ырайымыңды бер. Жер менен асман жарала электе эле бар болгон Өзүңдүн кынтыксыз ырайымыңдын чегине кирүүнү насип кыл.
Түбөлүк Кечиримдүү, эң Жоомарт, сенден башка Кудай жок.
Андан кийин дубаны окуп жаткан адам алты ирет «Алла-у-Абха» деп кайталап, анан төмөнкү саптардын ар бирин он тогуз жолу кайталайт.
Биз бардыгыбыз, акыйкатта, Кудайга сыйынабыз.
Биз бардыгыбыз, акыйкатта, Кудайдын алдында таазим этебиз.
Биз бардыгыбыз, акыйкатта, Кудайга берилгенбиз.
Биз бардыгыбыз, акыйкатта, Кудайды даңазалайбыз.
Биз бардыгыбыз, акыйкатта, Кудайга ыразылык билдиребиз.
Биз бардыгыбыз, акыйкатта, Кудайга шүгүр кылабыз.
(Эгерде жаназа маркум аялга окулуп жатса, дубанын башында: «Бул Сенин күңүң жана күнүңдүн кызы» деп айтылышы керек)
- Bahá'u'lláh