(Дуба түндүк-чыгыш штаттардын бахаилери үчүн ачылган)
Кудайдын жыпарын таратуучулар күн сайын эртең менен бул дубаны окусун:
О, Аллам, айланайын Кудайым! Падышалыгыңдын жолуна алып чыкканың үчүн, мага ушул узак жана түз жолго түшүүгө уруксат бергениң үчүн, Өзүңдүн жарыгыңдын сонундугу менен көздөрдүмдү нурлантканың үчүн, сыр падышалыгыңдын ыйык куштарынын добушуна кулагымды бурганың үчүн жана адал пенделериңдин арасындагы Өзүңдүн сүйүүң менен жүрөгүмдү туткундап алганың үчүн Сага алкоо жана ыраазылык билдирем.
О, Теңир! Ыйык Рухуң менен мени колдо, Өзүңдүн атың менен калк арасында жар салып, адамдар арасында Сенин падышалыгыңдын ачылышы туурасындагы кубанычтуу кабарды таркатайын.
О, Теңир! Мен алсызмын, Өзүңдүн күчүң жана кудуретиң менен мени чыңда. Тилим так эмес, Сени эскерүүгө жана мактоого мүмкүндүк бер. Кордолдум, мени Өзүңдүн падышалыгыңа кабыл алып урмат көрсөт. Мен алысмын, мага Сенин ырайымдуулугуңдун босогосуна карай жакындоого уруксат бер. О, Аллам! Мени жалындаган чырак, жаркыраган жылдыз кыл, жемиштери менен бутактары ошол аймакты бүт каптаган куттуу даракка айлант. Акыйкатта, Сен Күчтүүсүң, Кудуреттүүсүң, тоскоолдукту Билбессиң.
- `Abdu'l-Bahá