(Дуба Канададагы бахаилер үчүн ачылган)
Кудайдын жыпар жытын таркатуучулар ар күнү эртең менен ушул дубаны айтууга тийиш:
О, Кудай, айланайын Кудайым, көрүп турасың! Ушул бечара көктөн күч сурайт, ушул карып Сенин бейиштеги казыналарыңа муктаж, ушул чаңкаган жан түбөлүк жашоонун булагына умтулат, ушул сыркоо Сенин Жогорку Падышачылыгыңда Өзүңдүн тандалган пенделериңе багышталган чексиз ырайымдуулугуң аркылуу убада кылынган шыпааны тилеп турат.
О, жараткан Аллам! Сенден башка жардамчым да, жашынаар жайым да, таянычым да жок. Көктөгү периштелериңдин кошууну аркылуу менен колдо, Сен тандагандардын арасында касиеттүү жыпар жытыңды чачып, Өзүңдүн Окууңду таратайын.
О, кагылайын Теңирим! Сенден башканын баарынан баш тартууну насип кыл, Өзүңдүн жоомарттыгыңдын этегин бекем карманып, Сенин диниңе баш-отум менен берилүүгө, Сага болгон сүйүүмдө туруктуу жана бекем болууга жана Өзүңдүн Китебиңде Сен буйругандарды аткарууга татыктуу кыла көр. Акыйкатта, Сен Кудуреттүүсүң, Күчтүүсүң, бардыгын Кармап Туруучусуң.
(Дуба Канададагы бахаилер үчүн ачылган)
- `Abdu'l-Bahá