Return to BahaiPrayers.net  

Абдул-Баха тарабынан ачылган бул дуба анын Ыйык жайында окулат. Ошондой эле, аны жеке дуба катары да окууга болот.

Абдул-Баха мындай дейт: “Ким бул дубаны моюн сунуу менен жана зор ынтаа менен окуса, ушул Пендеңдин жүрөгүнө кубаныч жана ырахат алып келет; бул Анын Өзү менен бетме-бет жолукканга барабар”.

Ал бардыгынан Даңктуу! О, Кудай, айланайын Кудайым! Башымды ийип, көз жашымды төгүп, алаканымды көккө жайып жалынам, даанышмандардын билиминен жана Өзүңдү даңктаган бардык алкоолордон жогору турган Өзүңдүн Босогоңдун топурагына жүзүмдү сүртүп жалбарам. Эшик алдыңда башын ийип, моюн сунган пендеңе ырайымдуу көздөрүң менен кара жана Өзүңдүн түбөлүктүү кут-береке мухитиңе чөмүлтө көр.

О, Тенир! Өзүңө сыйкырланган, Сага жалынып-сыйынган, Колдоруңа туткундалып байланган, эч нерсеге арзыбаган момун пендең Сага ишенип, Сенин Ажарыңдын алдында көз жашын төгүп, мындай деп жалбарат:

“О, Тенирим, айланайын Кудайым! Өзүңдүн сүйүктүүлөрүңө кызмат кылуу үчүн мага ырайымыңды жибере көр, Сага кызмат кылууда мага күч бер, жанарымды ыйыктыгыңдын короосунда баш ийүүчүлүк жарыгы менен нурландыр жана Сенин улуулук падышалыгыңа сыйынуунун нуру менен жарыктандыр. Өзүңдүн асман дарбазаңдын босогосунун алдында өзүмчүлдүк каалоолорумдан арылууга, ыйык мекен-жайыңдын чегинде бардыгынан баш тартууга жардам бер. О Аллам! Байланбастык чөйчөгүнөн даам сыздырып, анын кийимин кийгиз жана анын мухитине чөмүлт. Мени сүйүктүүлөрүң баскан жолдогу топурак кыла көр жана Өзүңдүн жолуңдагы тандалма жандарыңдын буттары баскан жерге жанымды курмандыкка чалууга уруксат эт, о, Улуу Жараткан!

Ушул дуба менен пендең таң эрте да, караңгы түндө да Сага кайрылат. Анын жүрөгүндөгү каалоосун орундай көр, о Алла! Анын жүрөгүн нурландыр, жанын шаттыкка бөлө, жарыгын жандыр, Сенин ишиңе жана пенделериңе кызмат кылгандай болсун.

Сен Берүүчүсүң, Боорукерсиң, Жоомартсың, Кут Берүүчүсүң, Ырайымдуусуң, Кайрымдуусуң.

 


English  
ភាសាខ្មែរ  
አማርኛ.  
Afrikaans  
Alaska Native  
American Indian  
Azərbaycan  
Bahasa Indonesia  
Bahasa Malaysia  
Bidayuh  
Bosanski  
Canadian Indigenous  
Català  
Cebuano  
Česky  
Chamorro  
Chichewa  
Corsica  
Cymraeg  
Daga  
Dansk  
Deutsch  
Dzongkha  
Eesti  
Español  
Esperanto  
Euskara  
Fiji  
Filipino  
Føroyar  
Français  
Frysk  
Hausa  
Hawaiian  
Hiri Motu  
Hrvatski  
Irish  
Íslenska  
Italiano  
Kabyle  
Kalaallisut  
Kiribati  
Kiswahili  
Kreyol Ayisyen  
Kuanua  
Kube  
Latviešu  
Lëtzebuergesch  
Lietuvių  
Luganda  
Magyar  
Malagasy  
Malti  
Māori  
Marshallese  
Melpa  
Montenegrin  
Nalik  
Namibia  
Nederlands  
Norsk  
Papiamentu  
Polski  
Português (BR)  
România  
Sámi  
Samoan  
Sarawak  
Sesotho  
Shqip  
Slovenščina  
Slovensky  
Sranan Tongo  
Srpski српски  
Suomi  
Svenska  
Tetum  
Tiếng Việt  
Tok Pisin  
Tongan  
Türkçe  
Türkmençe  
Tuvalu  
Vanuatu  
ελληνικά  
Беларускі  
български  
Кыргыз  
Монгол хэл  
Русский  
Тоҷикӣ  
Україна  
հայերեն  
اُردُو  
العربية  
فارسی  
नेपाली  
मराठी  
हिंदी  
বাংলা  
ગુજરાતી  
ଓଡ଼ିଆ  
தமிழ்  
తెలుగు  
ಕನ್ನಡ  
മലയാളം  
ภาษาไทย  
ພາສາລາວ  
한국어  
日本語  
简体中文  
繁體中文